Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АПРЕЛЬ 2015

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Рим аскериндеги жүз башылардын милдетине эмнелер кирген?

Жүз башы марк фавоний фацилистин эстелиги

Ыйык Китептин Грек Жазмаларында Рим аскеринин айрым жүз башылары жөнүндө айтылат. Алсак, Иса Машаякка чыгарылган сот өкүмүнүн ишке ашырылышына жооптуу киши жүз башы болгон. Бутпарастардын арасынан алгачкылардан болуп Исанын жолдоочусу болгон Корнелий деген киши да жүз башы болчу. Ошондой эле элчи Пабылды жазалоого дайындалган киши да, Пабылды Римге жеткирүү милдети тапшырылган Улий да жүз башы болгон (Марк 15:39; Элчилер 10:1; 22:25; 27:1).

Жүз башынын кол алдында адатта 50дөн 100гө чейин жөө жоокер болчу. Анын милдетине аларды машыктыруу, алардын тартипке карманышын көзөмөлдөө, кийими менен курал-жарагын текшерүү жана салгылаш учурунда буйрук берүү кирген.

Жүз башы деген наам жөнөкөй жоокер жете ала турган эң чоң наам болгон. Жүз башылык милдетти аткаргандар башкаларды мыкты жетектеген жоокерлерден болушкан. Рим аскеринин тартиби жана жеңишке жетиши жүз башылардан көз каранды болгон. Бир булакка ылайык, алар «адатта аскердеги эң тажрыйбалуу жана жөн билги жоокерлер болгон».

Байыркы убактагы күзгүлөр кандай болгон?

Байыркы Мисирдеги күзгү

Бүгүнкү күндөгү айнек күзгүлөрдөн айырмаланып, байыркы убактагы күзгүлөр жалтырата жылмаланган ар түрдүү металлдардан, көбүнчө колодон, ошондой эле, сыягы, жезден, күмүштөн, алтындан же электрумдан (күмүштүү алтын) жасалчу. Ыйык Китепте күзгү жөнүндө эң оболу ыйык чатырдын — ысрайылдыктардын эң алгачкы сыйынуу жайынын — курулушу жөнүндө жазылган жерде айтылат. Ал жерде ыйык чатырдын ичинде тура турган чоң казан менен анын түпкүчүн жасаш үчүн аялдар тартуу кылган күзгүлөр колдонулганы жазылган (Чыгуу 38:8). Ал үчүн күзгүлөрдү эритишсе керек.

Археологиялык казуу иштери учурунда Израилден жана анын тегерек-четиндеги аймактардан көп күзгүлөр табылган. Алар көбүнчө зер буюмдары жана аялдардын жасалгалары менен чогуу табылган. Негизи, күзгүлөрдүн формасы тегерек болчу. Алардын кармагычтары кооздолгон жыгачтан, металлдан же пилдин сөөгүнөн жасалып, формасы көп учурда аялдардын дене түзүлүшүнө окшоштурулчу. Күзгүлөрдүн жылмаланбаган арткы бети болсо кооздолчу эмес.

Байыркы күзгүлөр, албетте, азыркы айнек күзгүлөрдөй тунук көрсөтчү эмес. Мына ошол себептен элчи Пабыл: «Азыр биз күзгүдөн бүдөмүк нерселерди көрүп жатабыз»,— деп жазса керек (1 Корунттуктар 13:12, шилтеме).