Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АПРЕЛЬ 2015

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Адамзатты кандай келечек күтүп турат?

Иса машаяктын өлүмү кандайча баары бири-биринин камын ойлогон коомдун жаралышына жол ачууда?

Келечекте адамзат илим тармагында дагы көптөгөн ийгиликтерге жетери шексиз. Бирок адамдардын баары бири-бирине чындап кам көргөн коомду жарата алабы? Жок. Анткени азыркы дүйнө өзүмчүлдүккө, ач көздүккө толгон. Кудай дүйнөдөгү ушундай абалды жакшы жакка өзгөртүүнү убада кылган (Окугула: 2 Петир 3:13.)

Кудайдын Сөзүндө келечекте дүйнө жүзүндөгү бардык адамдар бири-бирин жакшы көргөн бир коомду түзөрү айтылат. Ошондо баары коопсуз жашайт жана эч ким эч кимге зыян келтирбейт. (Окугула: Микей 4:3, 4.)

Өзүмчүлдүк кантип жок кылынат?

Кудай башында адамды өзүмчүл кылып жараткан эмес. Бирок түпкү атабыз Кудайга баш ийбей койгондуктан жеткилеңдигинен ажырап, күнөө кылууга жакын болуп калган. Өзүмчүлдүк бизге түпкү атабыздан өткөн. Бирок Кудай Иса Машаяк аркылуу адамзатты күнөөдөн арылтып, баштапкы калыбына келтирет. (Окугула: Римдиктер 7:21, 24, 25.)

Кудай ниет кылгандай, Иса Машаяк бизди түпкү атабыздын баш ийбестигинин кесепетинен арылтыш үчүн өз өмүрүн курмандыкка берген (Римдиктер 5:19). Ошонун аркасында адамды жаман ишке түрткөн өзүмчүлдүк сапаты болбой турган жаркын келечекке жол ачылган. (Окугула: Забур 37:9—11.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Ыйык Китепте Кудай жерди эмне үчүн жаратканы, азап-кайгыдан качан арыларыбыз, келечекте жер бейишке айланары жана анда кимдер жашай турганы жөнүндө жазылган.

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун деген эмне? Анын силерге да пайдасы тийиш үчүн, эмне кылышыңар керек?