Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Март, 2015

Падышага татыган тартуулар

Падышага татыган тартуулар

«Чыгыштан астрологдор келишти... Кымбат баалуу буюмдарын алып чыгып, ладан, мирра деген жыпарзаттар менен алтын тартуу кылышты» (Матай 2:1, 11).

ЗОБОЛОСУ бийик, даражалуу кишиге кандай белек берет элеңер? Байыркы учурда айрым жыпар жыттуу заттардын баасы алтындын баасына тете болгондуктан падышага татыган тартуулардын катарына кирчү. Мына ошондуктан жогоруда айтылган астрологдордун «жүйүттөрдүн... падышасына» берген белектеринин арасында жыпарзаттар да бар болчу (Матай 2:1, 2, 11).

Бальзам майы

Ыйык Китепте Шебанын канышасы Сулайман падышага «120 талант алтын, абдан көп бальзам майын, кымбат баалуу таштарды тартуу кылганы», ошондой эле ага «Шебанын канышасы тартуу кылганчалык көп бальзам майын эч ким тартуу кылбаганы» айтылат * (2 Жылнаама 9:9). Мындан тышкары, Сулайман падышага башка падышалар да тартуу катары бальзам майын жөнөтүп турганы жазылат (2 Жылнаама 9:23, 24).

Жыпар жыттуу заттар жана алардан жасалган нерселер эмне үчүн байыркы учурда анчалык кымбат жана баалуу болгон? Анткени алар косметикада, диний каадаларда жана сөөк койгондо кеңири колдонулчу ( «Жыпар жыттуу заттардын байыркы учурда колдонулушу» деген кутучаны карагыла). Алардын кымбат болушуна суроо-талаптын чоңдугу, алып келүүгө кеткен жол чыгымы, ошондой эле алып сатарлардын кошкон наркы себеп болгон.

АРАБ ЧӨЛҮН АРАЛАГАН ЖОЛ

Кассия

Байыркы учурда жыттуу заттар алынган айрым өсүмдүктөр Ысрайыл жергесиндеги Иордан өрөөнүндө да өсчү. Бирок кээ бир заттар чет жактан алынып келчү. Ыйык Китепте андай заттардын ар кандай түрлөрү айтылат. Алардын арасында көбүрөөк белгилүүлөрү: шафран, алоэ, бальзам майы, корица, ладан жана мирра. Булардан тышкары, Ыйык Китепте зире, жалбыз жана шибит сыяктуу тамакка кошулган татымалдар жөнүндө да айтылат.

Ысрайылда жок жыпарзаттарды ал жакка каяктан алып келишчү? Мисалы, алоэ, кассия, корицаны азыркы Кытай, Индия жана Шри-Ланканын аймагынан алып келишчү. Ал эми мирра жана ладан Арабиянын түштүгүнөн Африкадагы Сомалиге чейин созулган чөлдүү аймактарда өскөн дарактардан жана бадалдардан алынчу. Нард болсо Индиянын Гималай тоолорунда гана өсчү.

Шафран

Аларды Ысрайылга жеткириш үчүн соодагерлер Арабиянын чөлүн кезип өтүшү керек болчу. Бир китепке ылайык, ушундан улам б.з.ч. биринчи жана экинчи миң жылдыкта Арабия «чыгыштан батышка товар ташыган эң чоң монополисттик өлкөгө айланган» («The Book of Spices»). Азыркы Израилдин түштүгүнөн орун алган Негев чөлүндөгү байыркы шаарлардын, чептердин жана кербен сарайлардын жайгашканынан байыркы соодагерлердин басып өткөн жолун билүүгө болот. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас борбору билдиргендей, ушулардын баары «Арабиянын  түштүгүнөн Жер Ортолук деңизге чейин кирешелүү соода иштери жүргүзүлгөнүнөн кабар берет».

«Салмагы жеңил, баасы кымбат болгондуктан жана аябай көп колдонулгандыктан, жыттуу заттар соодагерлердин өзгөчө жакшы көргөн товары болгон» («The Book of Spices»)

Соодагер-кербенчилер Арабиянын бир четинен экинчи четине чейин 1800 километр жол басып өтө турган (Аюп 6:19). Алсак, Ыйык Китепте «төөлөрүнө ладан, бальзам, чайыры бар кабыктарды жүктөп алып», Гилаттан Мисирге сапар тарткан Ысмайыл тукумунан болгон соодагерлер жөнүндө айтылат (Башталыш 37:25). Жакып пайгамбардын уулдары Жусуп деген бир тууганын ошол соодагерлерге сатып жиберишкен.

«ЭҢ МЫКТЫ ЖАШЫРЫЛЫП КЕЛГЕН СЫР»

Шибит

Жыттуу заттардын соода-сатык рыногунун тизгини кылымдар бою, негизинен, арабиялык соодагерлердин колунда болуп келген. Алар Азиянын кассия жана корица сыяктуу жыпарзаттарын ташыган жападан жалгыз соодагерлер болушкан. Жер Ортолук деңиз чөлкөмүндө жашагандар жыттуу заттарды ортомчуларсыз эле алып албашы үчүн, араб соодагерлери алардын каяктан жана кантип алынарына байланыштуу үрөйдү учурган жомокторду таратышкан. Бир китепте жыпарзаттардын чынында каяктан алынары, «кыязы, кылымдар бою соода-сатыктагы эң мыкты жашырылып келген сыр болгону» белгиленген («The Book of Spices»).

Зире

Арабдар кандай жомокторду ойлоп чыгарышкан? Б.з.ч. 5-кылымда жашаган грек тарыхчысы Геродоттун айтымында, арабдар жалама аска-зоолордун чокусуна корица алынган кабыктан уя жасаган коркунучтуу канаттуулар жашай турганын айтышкан. Алардын айтканына ылайык, корицаны алганы баргандар чоң-чоң кылып бөлүнгөн этти асканын түбүнө коюп коюшчу экен. Анан канаттуулар этти уясына ташый берип, акырында  уя жерге кулап түшкөндө, корица кабыктарын чогулта калышчу имиш. Андан соң соодагерлерге сатышчу экен. Корицаны чогултуу туурасындагы ушундай коркунучтуу имиштер элге кеңири тарап кеткендиктен, «анын [корицанын] баасы асмандын башы болгон» («The Book of Spices»).

Жалбыз

Акыр-аягы бети ачылып, арабдар жыпар жыттуу заттардын рыногундагы бийлигинен кол жууп калышкан. Ал эми б.з.ч. 1-кылымга жетпей эле Египеттеги Александрия чоң кеме жайы бар шаарга жана жыттуу заттардын рыногунун чордонуна айланган. Римдик кемечилер Инди океанындагы шамалдын багытынан пайдаланууну үйрөнүп алып, Египеттен Индияга каттай башташкан. Натыйжада базарларда жыттуу заттар көбөйүп, баасы төмөндөгөн.

Бүгүнкү күндө жыттуу заттардын баасы алтындын баасындай кымбат эмес. Ошондой эле алар падышага берчү белек катары да эсептелбейт. Анткен менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар аларды парфюмерияда, медицинада жана даам менен жыт бериши үчүн тамак-аш жасоодо колдонушат. Буркураган жытынан улам андай жыттуу заттар миңдеген жылдар мурун кандай кеңири колдонулса, азыркы тапта да ошондой эле кеңири колдонулат.

Корица

^ абз. 4 «Бальзам майы» — бул дарактардан жана бадалдардан алынган жыпар жыттуу май же чайыр.

Көбүрөөк билиңиз

ЫЙЫК КИТЕПТЕ КАНДАЙ КАБАР КАМТЫЛГАН?

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылышат

Ысрайылдыктар өздөрүнө падыша талап кылганда, Жахаба Шабулду дайындаган. Бирок эмне үчүн кийин анын ордуна Дөөтүнү падыша кылган?