Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Март, 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ИСА МАШАЯК БИЗДИ ЭМНЕДЕН КУТКАРГАН?

Бизди эмнеден куткаруу керек?

Бизди эмнеден куткаруу керек?

«Аялдан төрөлгөн адамдын өмүрү кыска, санаага толгон. Ал гүлдөй өсүп чыгат да, чабылып ташталат, көлөкөгө окшоп качат да, жок болот» (Аюп 14:1, 2).

Эзелтен бери адам баласы кырчындай жаштыкка бөлөнүп, оору-сыркоо дегенди билбей түбөлүк өмүр сүрүүнү эңсеп келет. Бирок, тилекке каршы, түбөлүк жашаган эч ким жок. Мындан үч миң жылдан ашуун убакыт мурун айтылган Аюп пайгамбардын жогорудагы сөздөрүндө калет жок: азыркы учурда деле адамдар акыры өмүрү менен кош айтышат да, көксөгөнү көксөгөн бойдон кала берет.

Чексиз жашоону самоо баарыбызга мүнөздүү нерсе. Ыйык Китепте Кудай биздин жүрөгүбүзгө түбөлүк жашоого болгон каалоону салып койгону жазылган (Насаатчы 3:11). Кудай бизди эч качан орундалбай турган нерсени самагыдай кылып жаратышы мүмкүн беле? Эгер мүмкүн эмес десеңер, анда жаңылган жоксуңар. Анткени Ыйык Китепте өлүм душман деп аталган жана анын акыры жок кылынары айтылган (1 Корунттуктар 15:26).

Өлүм, чынында эле, биздин душманыбыз. Аны менен беттешүүнү акыл-эси ордунда болгон бир да киши каалабайт. Алсак, өмүрүбүзгө кандайдыр бир коркунуч туулганда, баарыбыз эле андай жагдайдан качып кутулуунун жолун издеп далбас урабыз. Ал эми ооруга чалдыкканда дабасын издейбиз. Айтор, өлүмгө дуушар кыла турган нерселердин баарынан качабыз.

Кылымдар бою далайларды өмүрүнөн ажыраткан ушул касыбыздан кутулабыз деп ишенүүгө кандайдыр бир негиз барбы? Ооба. Себеби Жараткан Жахаба Кудай адамды бир канча жыл жашап, анан өлүшү үчүн жараткан эмес. Өлүм башынан эле ойлонуштурулган нерсе эмес болчу. Кудай адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүн ниет кылган. Анын ниети болсо дайыма ишке ашат (Ышая 55:11).

Өлүм кандайча жок кылынышы мүмкүн? Тарых бою адамдар өлүмдү жеңиш үчүн не деген күч жумшап, не деген иштерди кылышкан жок. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Азыр деле ошондой аракеттер кылынууда. Окумуштуулар ар кандай вакциналар менен дары-дармектерди ойлоп таап, айрым ооруларды жеңүүдө. Ошондой эле тирүү организмдердин генетикалык түзүлүшүн изилдөөдө. Натыйжада көптөгөн жерлерде кишинин өмүрү орто эсеп менен мурунку кылымдагыга караганда кыйла узарды. Анткен менен адам баласы өлүмдү багынта алган жок! Ыйык Китепте айтылгандай, баары бир деле «бардыгы кайра топуракка кайтууда» (Насаатчы 3:20).

Бактыга жараша, адамзат менен тең келаткан бул каргашадан куткарылуунун жолу адамдардын илимий жетишкендиктерине же тапкычтыгына байланыштуу эмес. Жахаба Кудай бизди өлүмдөн куткарууга эбак эле чара көрүп койгон. Ал чаранын ишке ашышында Иса Машаяк эң негизги ролду ойнойт.