Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Март, 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ИСА МАШАЯК БИЗДИ ЭМНЕДЕН КУТКАРГАН?

Иса Машаяктын өлүмү жана тирилиши. Мунун бизге кандай тиешеси бар?

Иса Машаяктын өлүмү жана тирилиши. Мунун бизге кандай тиешеси бар?

«Исага ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөрүң да куткарылат» (Элчилер 16:31).

Бул сөздөрдү элчи Пабыл менен Сылас бир түрмөчүгө айткан. Алар муну менен эмнени айткысы келген? Өлүмдөн куткарылуу менен Исага ишенүүнүн ортосунда кандай байланыш бар? Муну түшүнүш үчүн адегенде адамдар эмне себептен өлөрүн түшүнүү зарыл. Эмесе, Ыйык Китепте эмне деп айтыларына токтололу.

Адамдар өлүш үчүн жаратылган эмес

«Жахаба Кудай адамды Эйден багына аны иштетсин, карасын деп жайгаштырды. Анан Жахаба Кудай адамга мындай деп буйрук берди: „Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң“» (Башталыш 2:15—17).

Кудай баарыбыздын түп атабыз Адамды жаратып, аны Эйден багына, толгон-токой жаныбарлар байырлаган жана миң түрдүү өсүмдүктөр өскөн бейиш багына, жайгаштырган. Адам ата ал жакта өскөн каалаган багынын жемишинен жей алган. Бирок Жахаба Кудай ага бир гана бактын жемишинен жегенге тыюу салып, эгер андан жесе, өлөрүн эскерткен.

Адам ата Кудайдын ага өлүм жөнүндө айтканын түшүнгөнбү? Ооба. Ал өлүм деген эмне экенин жакшы билген. Анткени жаныбарлардын өлгөнүн көргөн. Эгер Кудай аны башынан эле өлө тургандай кылып жаратса, анда жогоруда айтылган эскертүүнүн эч кандай зарылдыгы болмок эмес. Демек, Адам ата Кудайдын тилин алып, ал бактан жебесе, түбөлүк жашамак.

Кээ бирөөлөр ал бак кадимки бакты эмес, жыныстык мамилени билдирген деп ойлошот. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Себеби Жахаба Адам ата менен Обо энеге: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деп айткан (Башталыш 1:28). Чынында, Кудай кадимки эле бактын жемишинен жегенге тыюу салган. Ал аны «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарак» деп атаган. Анткени ал адамдар үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүү укугу Кудайга гана таандык экенин көрсөтүп турган. Эгер Адам ата анын жемишинен жебесе, Жаратканына баш ийгенин эле эмес, анын кылган жакшылыгына ыраазы экенин да көрсөтмөк.

 Адам ата тил албаганы үчүн өлгөн

«Адамга [Кудай] мындай деди: „Мен сага: „Андан жебе“,— деген дарактын жемишинен жегениң үчүн,.. өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың“» (Башталыш 3:17, 19).

Адам ата тыюу салынган бактын жемишинен жеген. Кудай андай тил албастыкка көз жумуп коё алган эмес. Анткени Адам атанын кылганы Кудайдын ага кылган бардык жакшылыгын баалабагандыкка жаткан жана козголоңго тете болгон. Ал жемиштен жеп, Адам ата Кудайдан көз карандысыз болууну тандаганын, анын бийлигин четке какканын көрсөткөн. Мунун арты кесепеттүү болгон.

Кудай айткандай эле, ал акыры өлгөн. Кудай аны топурактан жараткандыктан, өлгөндө кайрадан топуракка кайтарын айткан болчу. Ошондуктан Адам ата өлгөндө жашоонун башка түрүнө өткөн эмес же кандайдыр бир башка чөйрөдө жашап калган эмес. Ал өзү жаратылган топурактай эле жансыз болуп калган (Башталыш 2:7; Насаатчы 9:5, 10).

Биз Адам атанын тукуму болгону үчүн өлөбүз

«Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган» (Римдиктер 5:12).

Түпкү атабыздын баш ийбестиги, тактап айтканда, күнөөсү абдан залакалуу болгон. Ал жетимиш же сексен жыл эле эмес, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калган. Андан сырткары, баштагыдай кемчиликсиз, жеткилең болбой калган. Анын тукумдарына калтырган бар «байлыгы» ошол кемтиги болгон.

Баарыбыз Адам атанын урпактары болгондуктан, кааласак да, каалабасак да, аны тартып күнөө кылууга жакын болуп калганбыз жана акыры өлүмгө дуушар болобуз. Элчи Пабыл өзү жөнүндө: «Мен болсо күнөөгө кулчулукка сатылган пендемин. Мен бир байкуш адаммын! Ушундай өлүмгө дуушар болуп жаткан денеден мени ким куткарат?» — деп жазып, баарыбыздын абалыбызды таамай сүрөттөгөн. Анан аны ким куткарарын айтып: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деген (Римдиктер 7:14, 24, 25).

 Биз түбөлүк жашашыбыз үчүн, Иса жанын берген

«[Кудай] өз Уулун дүйнөнүн Куткаруучусу катары жиберген» (1 Жакан 4:14).

Жахаба Кудай күнөөнүн кесепетин жок кылып, бизди өлүмдөн куткаруу үчүн чара көргөн. Ал асмандан өзүнүн сүйүктүү Уулун, Иса Машаякты, жиберген. Ал адам болуп төрөлгөн жана Адам ата сыяктуу жеткилең болгон. Бирок андан айырмаланып, «эч күнөө кылган эмес» (1 Петир 2:22). Бир да кемтиги жок, жеткилең болгондуктан Иса Машаяк өлүүгө тийиш эмес болчу жана жеткилең киши катары түбөлүк жашай алмак.

Бирок Жахаба душмандардын аны өлтүрүшүнө жол берген. Ал эми үч күндөн кийин, асманга кайтып барышы үчүн, аны кайра рух катары тирилткен. Асманга барганда Иса Машаяк Кудайга Адам ата өзү да, анын урпактары да айрылып калган нерсени кайтаруу үчүн төлөнгөн кунду, өзүнүн жеткилең өмүрүн, тартуу кылган. Жахаба анын курмандыгын кабыл алып, Иса Машаякка ишенгендердин түбөлүк өмүргө ээ болушуна жол ачкан (Римдиктер 3:23, 24; 1 Жакан 2:2).

Ушундайча, Иса Машаяк бизге Адам ата кол жууп калган нерсени кайра кайтарып берген. Биз түбөлүк жашашыбыз үчүн, ал өз жанын берген. Ыйык Китепте Исанын «өлүмдү башынан кечиргени» жана «Кудайдын ырайымы менен баары үчүн өлгөнү» жазылган (Еврейлер 2:9).

Жахабанын көргөн ошол чарасынан адилеттүүлүгүн, сүйүүсүн, боорукердигин байкоого болот. Алсак, анын адилеттүүлүгү, жеткилең эмес адамдар өздөрү үчүн кун төлөгөн күндө да, аны кабыл алууга жол бермек эмес. Ал эми сүйүүсү жана боорукердиги ага, аябай кымбатка турса да, өзүнүн талаптарына ылайык чара көрүүгө — кун төлөш үчүн өзүнүн Уулун курмандыкка берүүгө — түрткү берген (Римдиктер 5:6—8).

Иса Машаяк тирилген, демек, башкалар да тирилет

«Машаяк... өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм катары тирилген. Өлүм адам аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам аркылуу болот. Анткени Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» (1 Корунттуктар 15:20—22).

Иса Машаяктын чын эле жашаганына жана өлгөнүнө шек жок, бирок тирилгени жөнүндө эмне деп айтууга болот? Мунун эң чоң далили — анын тирилгенден кийин ар кайсы жерден, ар кандай жагдайда көптөгөн адамдарга көрүнгөнү. Мисалы, бир жолкусунда ал 500дөн ашуун кишиге көрүнгөн. Элчи Пабыл Корунт шаарында жашаган ишенимдештерине жазган катында ошол окуяга күбө болгондордун айрымдарынын дагы эле тирүү экенин жазган. Демек, тирилген Исаны өз көзү менен көргөнүн жана анын сөздөрүн өз кулагы менен укканын ырастай алгандар болгон (1 Корунттуктар 15:3—8).

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, элчи Пабыл Иса Машаяктын «биринчи түшүм катары тирилгенин» жазганда башкалардын да тирилерин айткысы келген. Иса өзү да эстелүүчү «мүрзөлөрдө жаткандардын баарынын» тирилерин айткан (Жакан 5:28, 29, шилтеме).

 Түбөлүк өмүр алыш үчүн Иса Машаякка ишенишибиз керек

«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16).

Ыйык Китептин алгачкы беттеринде адам баласынын түбөлүк өмүрдөн жана Бейиштен кол жууп калганы жазылса, соңку беттеринде өлүм болбой турган жана Кудай жер бетине кайрадан Бейишти калыбына келтире турган убак жөнүндө жазылган. Ошондо адамдар бакытка бөлөнүп, түбөлүк өмүр сүрүшөт. Ал убак туурасында Аян 21:4тө: «Мындан ары өлүм болбойт»,— деп айтылган. Ушул убаданы бышыкташ үчүн ошол эле китептин 5-аятында: «Бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп жазылган. Анткени берген убадасын аткарууга Кудайдын кудурети жетет.

Силер бул сөздөрдүн чын экенине ишенесиңерби? Ан үчүн Иса Машаяк тууралуу көбүрөөк билгенге жана ага ишеним өрчүткөнгө аракет кылгыла. Ошондо Жахаба Кудайдын ырайымына ээ болосуңар. Ошондой эле анын батасына азыр эле ээ болбостон, өлүм да, «кайгы да, өкүрүк да, оору да болбой» турган жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашоого үмүт байлай аласыңар.

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун деген эмне? Анын силерге да пайдасы тийиш үчүн, эмне кылышыңар керек?