Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ФЕВРАЛЬ 2015

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Дүйнө жүзүн башкара турган бир өкмөт болушу мүмкүнбү?

Дүйнөнү башкара турган өкмөт бардык улуттагыларды кантип бириктирет? Ышая 32:1, 17; 54:13

Андай өкмөт адамзатка кандай пайдаларды алып келерин элестетсеңер. Бүгүнкү күндө көптөр жакырчылыктан азап чегип жатса, айрымдар байлыкка тунуп жашап жатышат. Ал эми бүт дүйнө жүзүн башкарган өкмөт адамдардын бардык муктаждыктарын толугу менен канааттандыра алмак. Кандай деп ойлойсуз, адамдар ошондой өкмөт түзө алабы? (Окугула: Жеремия 10:23).

Тарыхка сереп салсак, бир да өкмөт жарандарына, өзгөчө, жакырларга кам көрө алган жок. Айрым өкмөттөр болсо элин эзип келет (Насаатчы 4:1; 8:9). Бирок Кудурети Күчтүү Кудай бардык өкмөттөрдүн ордуна бир өкмөт орноторун убада кылган. Ошол өкмөттүн башчысы адамдарга чындап кам көрөт. (Окугула: Ышая 11:4; Даниел 2:44.)

Кудайдын өкмөтү эмнелерди ишке ашырат?

Жахаба Кудай бүт дүйнөнү башкара турган эң жакшы Падышаны, өзүнүн Уулу Иса Машаякты, дайындаган (Лука 1:31—33). Иса Машаяк жерде адам катары жашап жүргөндө башкаларга жардам берүүгө дилгир болгон. Ал Падыша катары бардык улуттагы адамдарды бириктирип, аларды бардык азап-кайгыдан арылтат. (Окугула: Забур 72:8, 12—14).

Иса Машаякты бардык эле адамдар Падыша катары кабыл алабы? Жок. Бирок Жахаба чыдамдуу (2 Петир 3:9). Ал адамдарга Иса Машаякты Падыша катары кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Жакында Иса Машаяк жаман адамдарды жок кылып, жер жүзүнө тынчтык орнотуп, бейкут жашоо алып келет. (Окугула: Микей 4:3, 4.)

 

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Көптөр Иса үйрөткөн тиленүүнү жакшы билишет. Ал тиленүүдөгү: «Падышалыгың келсин»,— деген сөздөр эмнени билдирет?

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Кудай дүйнө жүзүн башкара турган өкмөттү орнотобу?

Бүгүнкү күндө адамзаттын көйгөйү дүйнөлүк масштабда болуп жатат. Дүйнө жүзүн бир эле өкмөт башкарса, көйгөйлөр чечилеби?