Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖЕМКОРЛУК ЖОК ӨКМӨТ БАРБЫ?

Кудайдын Падышалыгы — жемкорлугу жок өкмөт

Кудайдын Падышалыгы — жемкорлугу жок өкмөт

Бийликтеги жемкорлукту жоюу эмне себептен мүмкүн эместигин Никарагуадагы башкы ревизор: «Мамлекеттик кызматкерлер деле өлкөнүн жарандары, баарыбыз эле бир коомдон чыкканбыз»,— деп түшүндүргөн.

Эгер жемкорлук коомчулуктун арасында болсо, анда ал ошол коомдун бир бөлүгү болгон өкмөттө да сөзсүз болот дегенге силер да кошуласыңарбы? Чын эле ушундай болсо, демек, жемкорлук болбой турган өкмөт болушу үчүн ал адамзат коомунан болбошу керек. Ыйык Китепте дал ошондой өкмөт жөнүндө — Кудайдын Падышалыгы жөнүндө — айтылат. Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларын Кудайдан ошол өкмөттүн бийликке келишин тилөөгө үндөгөн (Матай 6:9, 10).

Кудайдын Падышалыгы — асмандан башкара турган реалдуу өкмөт. Ал жакында бардык адамдык өкмөттөрдүн ордуна бийлик жүргүзөт (Забур 2:8, 9; Аян 16:14; 19:19—21). Ал Падышалыктын бийликке келишинин аркасында адамзат көп жамандыктан, анын ичинде бийликтеги паракорлуктан да арылат. Анда ал Падышалыктын ушуга өбөлгө түзгөн алты өзгөчөлүгүн карап чыгалы.

1. КҮЧҮ

КӨЙГӨЙ: Өкмөттүн иши көбүнесе жарандардын салыгы менен алымынын эсебинен каржыланат. Өкмөттүн казынасына дайыма көп суммадагы акча түшүп тургандыктан, айрым мамлекеттик кызматкерлер казынага кол салууга азгырылат. Дагы башкалары өкмөт талап кылган салыкты жана башка төлөмдөрдү тийиштүү түрдө төлөгүсү келбегендерден пара алышат. Андайда жоготуунун ордун толтуруш үчүн өкмөт салыкты көбөйтөт, бул болсо кайра эле паракорлуктун күчөшүнө алып келет. Ошентип кайра-кайра кайталана берет. Мунун айынан чынчыл адамдар эле кыйналат.

ЧЕЧИЛИШИ: Кудайдын Падышалыгынын бийлигинин жана күчүнүн булагы — Кудуреттүү Жахаба * Кудай (Аян 11:15). Ошондуктан ал Падышалыктын  иши жүрүшү үчүн анын жарандарынан салык-алым чогултуунун зарылдыгы жок. Алардын муктаждыктарын кудуреттүү жана март болгондуктан Кудай өзү өкмөтү аркылуу толугу менен канааттандырат (Ышая 40:26; Забур 145:16).

2. БАШЧЫСЫ

КӨЙГӨЙ: Буга чейинки макалада сөз кылынган Сюзан Роуз-Акерман паракорлукту жоюуну «жогору жактан баштоо керектигин» айткан. Бийлик төбөлдөрү полициядагы жана бажы системасындагы жемкорлук менен күрөшкөнү менен, жогорку кызматты ээлегендердин жемкорлугуна көз жумгандыктан элдин ишеничинен кетүүдө. Андан сырткары, ал тургай эң адептүү, эң уят-сыйыттуу башкаруучу да пенделик алсыздыкка алдырат. Ыйык Китепте: «Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок»,— деп айтылган (Насаатчы 7:20).

Иса эзели эч кимге сунуш кылынбаган чоң парадан баш тарткан

ЧЕЧИЛИШИ: Адам баласынан айырмаланып, Кудай тандаган башкаруучу, Иса Машаяк, эч качан жаман ишке азгырылбайт. Мисалы, ал жерде жүргөндө абдан чоң өлчөмдөгү парадан — «дүйнөдөгү бардык падышалыктар» менен «алардын даңкынан» — баш тарткан. Андай пара эзели эч кимге берилбесе керек (Матай 4:8—10; Жакан 14:30). Андан сырткары, ал өлөрүнүн алдында аябай кыйналса да, акылын тунук сактап, кынтыксыздыгынан жазбаш үчүн ооруну баса турган зат кошулган шарап ичүүдөн баш тарткан (Матай 27:34). Өлгөндөн кийин тирилип, азыр асманда жашап жаткан Иса Машаяк Падышалыктын башкаруучусу болууга татыктуу экенин далилдеген (Филипиликтер 2:8—11).

3. СТАБИЛДҮҮЛҮГҮ

КӨЙГӨЙ: Бийликтеги алдым-жуттум кызматкерлерден арылуу максатында көптөгөн өлкөлөрдө шайлоолор өткөрүлүп турат. Бирок, чынында, андай шайлоолор жана үгүт иштери жадагалса өнүккөн деп эсептелген өлкөлөрдө да, тескерисинче, жемкорлукка ыңгайлуу шарт түзүүдө. Анткени үгүт иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзүүнүн аркасында чөнтөгү калыңдар мамлекеттик кызмат ордун ээлеп тургандарга жана андай кызматка шайлана тургандарга күчтүү таасир эте алат.

АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү Стивенс андай кишилердин таасири «өкмөттүн мыйзамдуу жана сапаттуу иш жүргүзүшүнө эле эмес, элдин өкмөткө болгон ишеничине да» коркунуч туудуруп жатканын жазган. Андыктан дүйнөдөгү көптөгөн адамдардын паракорлук саясий партияларда эң көп жайылган деп эсептээри таң калыштуу эмес.

ЧЕЧИЛИШИ: Кудайдын Падышалыгынын бийлиги стабилдүү болгондуктан, ал өкмөткө шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Шайлоо өткөрүлбөсө, демек, үгүт иштерине да, шайлоонун жыйынтыгына да байланышкан мыйзам бузуу, алдамчылык болбойт (Даниел 7:13, 14). Башчысын Кудай өзү дайындагандыктан, ал өкмөт адамдардын добуш беришине муктаж эмес жана адамдар аны жокко чыгара албайт. Мындай стабилдүүлүк ал өкмөттүн элге узак убакыт бою пайдасы тийгидей иш-чараларды көрөрүнө кепилдик берет.

 4. МЫЙЗАМЫ

Кудайдын Падышалыгы — асмандан бийлик жүргүзгөн реалдуу өкмөт

КӨЙГӨЙ: Айрымдар өлкөдөгү жагдайды оңдош үчүн жаңы мыйзамдар кабыл алынышы керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок, адистердин айтымында, мыйзамдардын көбөйүшү көп учурда паракорлукту азайтпай эле, кайра ого бетер күчөтөт. Анын үстүнө, аны азайтыш үчүн атайын иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун жүзөгө ашырууга көбүнесе бир топ каражат талап кылынат жана анча натыйжалуу болбойт.

ЧЕЧИЛИШИ: Кудайдын Падышалыгынын мыйзамдары менен адамдардын өкмөтү чыгарган мыйзамдарды салыштырып болбойт. Мисалы, Иса Машаяк «муну кылса болот», «муну кылса болбойт» деген сыяктуу сансыз мыйзамдарды бекитпей, «алтын эреже» деп белгилүү болгон бир эле мыйзамды берген. Ал: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деген (Матай 7:12). Баарынан маанилүүсү, Кудайдын Падышалыгынын мыйзамдарында адамдын иш-аракетине да, ниетине да басым жасалат. Алсак, Иса Машаяк: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айткан (Матай 22:39). Кудай мындай мыйзамдардын аткарылып жаткан-жатпаганына көз сала алат, себеби, адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө эмне жатканын билет (1 Шемуел 16:7).

5. НИЕТИ

КӨЙГӨЙ: Паракорлукка ач көздүк менен өзүмчүлдүк себеп болот. Мындай терс сапаттар атка минерлерде да, жөнөкөй жарандарда да бар. Буга чейин сөз кылынган Сеулдагы кырсыкты ала турган болсок, бийликтегилер сапаттуу курулуш материалдарын колдонууга жана туура ыкма менен курууга караганда пара берүү арзаныраак түшөрүн билген жетекчилерден пара алган.

Демек, паракорлукту жоюш үчүн адам ач көздүк, өзүмчүлдүк сыяктуу кан-жанына сиңген сапаттарын жеңиши керек. Бирок элди ошого үйрөтө турган окутуу программаларын киргизүүгө адамдык өкмөттөрдүн каалоосу да, мүмкүнчүлүгү да жок.

ЧЕЧИЛИШИ: Кудайдын Падышалыгы паракорлуктун тамырын жок кылат, анткени ал адамдарга  терс сапаттардан арылууну үйрөтөт *. Андай билимдин аркасында алар акылын жаңыланта алат (Эфестиктер 4:23). Ошондой эле ач көз, өзүмчүл болбой, өзгөнү да ойлогонго жана колдо бар нерсеге топук кылууга үйрөнүшөт (Филипиликтер 2:4; 1 Тиметей 6:6).

6. ЖАРАНДАРЫ

КӨЙГӨЙ: Атүгүл чөйрөсү жакшы болсо да, адептүүлүккө үйрөтүлсө да айрымдар алдамчылыктын жолуна түшүп, бузулуп кетишет. Өкмөттөрдүн паракорлукту жоё албаганынын себеби так ушунда экенине адистер да кошулат. Андыктан өкмөттөрдөн жемкорлукка кандайдыр бир деңгээлде гана бөгөт коюп, кесепетин гана азайта алат деп күтүүгө болот.

ЧЕЧИЛИШИ: БУУнун паракорлукка каршы күрөшүү боюнча конвенциясында бийликтегилер жарандарын «ак ниеттүү, чынчыл, жоопкерчиликтүү» болууга үндөшү керектиги жазылган. Бул, албетте, туура. Бирок, кадимки өкмөттөрдөн айырмаланып, Кудайдын Падышалыгы өз жарандарын бул сапаттарды өрчүтүүгө үндөп эле койбой, ошондой сапаттарга ээ болууну талап кылат. Анткени Ыйык Китепте ач көздөр менен жалганчылар ал Падышалыктын жараны болууга татыксыз экени айтылат (1 Корунттуктар 6:9—11; Аян 21:8).

Жакшы сапаттарды өрчүтүү мүмкүн экенин Кудайдын 1-кылымдагы кызматчылары далилдеген. Алсак, Симон деген киши өзгөчө күчкө ээ болуш үчүн Кудайдын кызматчыларына акча сунуштаганда, алар аны алуудан баш тартып: «Ушул жаман ишиң үчүн өкүн»,— дешкен. Ошондо Симон туура эмес кылганын түшүнүп, жаман каалоосунан арылууга жардам бериш үчүн алардан Кудайдан ал үчүн тиленишин суранган (Элчилер 8:18—24).

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫНЫН ЖАРАНЫ БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Тек-жайыңар кандай болбосун, Кудайдын Падышалыгынын жараны боло аласыңар (Элчилер 10:34, 35). Канткенде боло аларыңарды ошол Падышалык дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан окутуу программасынын аркасында билсеңер болот. Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти акысыз изилдөө кандайча өткөрүлөрүн көрсөтүп берүүгө даяр. Изилдөөгө жумасына 10 эле мүнөттөй бөлсө да болот. Изилдөө учурунда суроолоруңарга жооп алгандан тышкары, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар» тууралуу, анын ичинде Кудайдын өкмөтү бийликтеги паракорлукту кантип жоёру жөнүндө кененирээк билесиңер (Лука 4:43). Биз силерди Жахабанын Күбөлөрү менен байланышууга же jw.org/ky сайтына кирип көрүүгө чакырабыз.

Ыйык Китепти үйүңүздөн акысыз изилдегиңер келеби?

^ абз. 8 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ абз. 22 «Күзөт мунарасынын» 2012-жылы 1-октябрда чыккан санындагы «Паракорчулук күч алган заманда чынчыл боло алабызбы?» деген макаланы да карасаңар болот.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кандай кабар айтылып жатат?

Кудайдан келген кабар эмне болгон кабар? Ал эмне үчүн шашылыш кабар болуп саналат жана биз эмне кылышыбыз керектиги жөнүндө окуп көргүлө