Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ДЕКАБРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙГА ЖАКЫНДОО МҮМКҮНБҮ?

Мындан өтөр эч нерсе жок

Мындан өтөр эч нерсе жок

Кудайга жакын болуш үчүн эмне кылсаңар болот? Ан үчүн ушул макалаларда айтылган төмөнкү кеңештерге ылайык иш кылуу зарыл:

  1. Кудайдын аты ким экенин билип, аны атынан атагыла

  2. Дайыма Жахаба Кудайдан тиленип, аны менен сүйлөшүп тургула жана Ыйык Китепти изилдегиле

  3. Дайыма Жахабага жакканды кылгыла

Кудайды атынан атасаңар, андан тиленсеңер, Ыйык Китепти изилдесеңер жана Кудайга жаккан иштерди кылсаңар, ага жакындайсыңар

Ушул айтылгандарды кылып жатам деп айта аласыңарбы? Кайсынысына көбүрөөк көңүл бурушуңар керектигин байкадыңарбы? Албетте, бул күч-аракетти талап кылат, бирок мунун натыйжасы кандай болоруна көңүл бурсаңар.

Кошмо Штаттарда жашаган Женифер мындай дейт: «Жахаба менен жакын мамиледе болуш үчүн күч жумшоо — арзый турган иш. Анткени ага жакындаган сайын, ишенимибиз бекемделип, анын касиет-сапаты жөнүндө көбүрөөк биле беребиз жана эң негизгиси, ага болгон сүйүүбүз артат. Жашоодо мындан өтөр эч нерсе жок!»

Эгер Кудайга жакын болгуңар келсе, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти бекер изилдесеңер болот. Андан сырткары, алар чогулган Падышалык залына барып, жыйналышына катышсаңар болот. Ал жактан Кудай менен болгон мамилесин жогору баалаган көптөгөн кишилерди жолуктура аласыңар *. Ошентсеңер: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы»,— деп Кудайды даңктап ырдаган пайгамбардыкындай сезимде болосуңар (Забур 73:28).

^ абз. 9 Ыйык Китепти изилдегиңер келсе же Падышалык залынын дарегин билгиңер келсе, ушул журналды бергендерге кайрылгыла же www.jw.org/ky веб-сайтына кирип, башкы беттин төмөн жагындагы БАЙЛАНЫШУУ дегенди карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепти изилдөө деген эмне?

Ыйык Китепти акысыз изилдөөгө байланыштуу суроолорго жооп алыңыз.

Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?

Жолугушуулардын кантип өткөрүлөрүн көрүңүз.