Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ДЕКАБРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙГА ЖАКЫНДОО МҮМКҮНБҮ?

Кудайдын атын билесиңерби? Аны атынан атайсыңарбы?

Кудайдын атын билесиңерби? Аны атынан атайсыңарбы?

Атын билбей туруп кимдир бирөө менен жакын дос боло алат белеңер? Албетте, жок. Мисалы, Болгарияда жашаган Ирина деген бир аял «Кудайдын атын билбей туруп ага ынак болуу мүмкүн эмес» экенине өз тажрыйбасынан улам ынанганын айткан. Буга чейинки макалада айтылгандай, Кудай биздин ага жакын болушубузду каалайт. Ошондуктан Ыйык Китеп аркылуу өзүн: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп тааныштырган (Ышая 42:8).

Кудай Ыйык Китеп аркылуу өзүн: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым» — деп тааныштырган (Ышая 42:8).

Кудайдын атын билгениңер жана аны атынан атаганыңар ал үчүн маанилүүбү? Ыйык Китептин Еврей Жазмалары деп белгилүү болгон бөлүгүнүн түп нускасында тетраграмматон, башкача айтканда, Кудайдын атын билдирген еврей алфавитиндеги 4 үнсүз тамга 7000дей жолу кездешет. Ыйык Китепте Кудайдын аты башка аттарга караганда көбүрөөк жазылган. Бул — Кудайдын анын атын билишибизди жана аны атынан аташыбызды каалай турганынын айкын далили *.

Достук мамиле таанышуудан башталат. Силер Кудайдын атын билесиңерби?

Бирок айрымдар, Кудай ыйык жана кудуреттүү болгондуктан, аны атынан атоо урматтабагандыкка жатат деп ойлошу мүмкүн. Албетте, Кудайдын атын баркка албай, орунсуз колдонуу туура эмес. Анткени адамдар жадагалса жакын досунун атына да тийиштүү урмат көрсөтүшөт. Анын үстүнө, Жахаба Кудай өзү да аны сүйгөндөрдүн анын ысмын ыйык тутушун жана башкаларга жарыялашын каалайт (Забур 69:30, 31; 96:2, 8). Иса Машаяк жолдоочуларына Кудайдан: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленүү керектигин айткан. Эгер Кудайдын ысмын жарыяласак, анын ысмынын ыйыкталышына салым кошобуз. Мунун аркасында ага ого бетер жакындайбыз (Матай 6:9).

Ыйык Китептен Кудай анын ысмын кастарлап, ал тууралуу ой жүгүрткөндөргө өзгөчө көңүл бурарын билүүгө болот (Малаки 3:16). Андай кишилер тууралуу Жахаба Кудай: «Ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм. Мени чакырганда, ага жооп берем, кыйынчылык учурунда аны менен болом»,— деп айткан (Забур 91:14, 15). Андыктан Кудай менен жакын мамиледе болгубуз келсе, анын атын билгенибиз жана аны атынан атаганыбыз абдан маанилүү.

^ абз. 4 Өкүнүчтүүсү, Кудайдын атынын Ыйык Китептин Еврей Жазмалары деп аталган бөлүгүндө көп кезиккенине карабай, Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда ал ат алынып салынган. Андай котормолордо «Жахаба» деген ысымдын ордуна «Теңир» же «Кудай» деген наамдар жазылган. Бул туурасында көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 195—197-беттерин карагыла.