Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ДЕКАБРЬ 2014

Тимгад. Көмүлгөн шаардын ачылган сыры

Тимгад. Көмүлгөн шаардын ачылган сыры

ТАЛЫКПАГАН изилдөөчү көргөн көзүнө ишене албай турат. Алжир чөлүнүн кумуна жарым-жартылай көмүлүп, римдиктердин триумфалдык аркасы турган эле. Бирок шотландиялык Жеймс Брюс деген ал изилдөөчү, ошондо, 1765-жылы, Римдин Түндүк Африкадагы эң чоң ээлигинин — азыр Тимгад деп белгилүү болгон Тамугади шаарынын — урандыларынын үстүндө турганын билген эмес.

Ошондон бир кылымдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 1881-жылдан тартып, француз археологдору жакшы сакталган Тимгад шаарынын калдыктарын таба башташкан. Археологдор ал жерге турак алган эл кургак чөлдүн катаал климатына карабай ыңгайлуу, жакшы шарттарда жашаган деген жыйынтыкка келишкен. Бирок Римдин ошол ээлигин гүлдөгөн шаарга айлантышына эмне себеп болгон? Ал байыркы шаар жана аны байырлаган эл жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени биле алабыз?

КЫТМЫР САЯСАТ

Б.з.ч. 1-кылымда Рим Түндүк Африканы каратып алып жатканда, жергиликтүү уруулардын айрымдары катуу каршылык көрсөткөн. Рим жергиликтүү калкты кантип тынчтандыра алмак? Алгач Августтун үчүнчү легиону азыр Алжир деп аталган тоолуу аймакка көптөгөн чептүү лагерлерди куруп, күзөт постторун койгон. Кийинчерээк болсо Тимгад шаарын курган. Ал шаарды куруунун артында кытмыр саясат жаткан.

Тимгад шаары расмий түрдө ардагерлер үчүн курулду деп эсептелген, бирок, чынында, жергиликтүү уруулардын каршылыгын басаңдатуу максатында курулган болчу. Көп өтпөй эле римдиктердин кытмыр ою ишке ашып, Тимгадга аны-мунусун сатканы келген африкалыктар шаардыктардын ыңгайлуу жашоо шартына кызыга башташкан. Ал шаарда Римдин жарандары гана жашай алгандыктан, өздөрү же уулдары жарандык алыш үчүн, жергиликтүү элдин айрымдары 25 жыл кызмат өтөөгө макул болуп, Рим легионуна кошулушкан.

Алардын кээси жарандык эле албай, Тимгадда же Римдин карамагындагы дагы башка шаарларда атүгүл жогорку кызматтарды ээлей алышкан. Рим жүргүзгөн саясат ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, Тимгад негизделгенден жарым кылым өтпөй эле, шаар тургундарынын басымдуу бөлүгүн африкалыктар түзүп калган.

АМАЛДЫ ИШКЕ АШЫРУУ

Базардагы көк тиреген түркүктөр менен текчелер

Рим жергиликтүү элди кыска убакыттын ичинде эле кайырмагына кантип илип алган? Санап кете турган болсок, римдиктер Римдин Цицерон аттуу мамлекеттик ишмери айткан принциптин негизинде жарандарына тең укуктуулук беришкен. Ошондуктан Рим ардагерлери менен африкалыктарга  бирдей жер бөлүштүрүлгөн. Шаар кылдат ойлонуштурулган план боюнча курулган: андагы үйлөрдүн ар тарабы 20 метр болгон жана үйлөр кууш көчөлөр менен бөлүнүп турган. Ушулардан улам жергиликтүү калктын көңүлү ал шаарга байланып калганына шек жок.

Римге караштуу көптөгөн шаарлардын тургундарындай эле, Тимгадда жашагандар акыркы жаңылыктарды угуш үчүн же ар кандай оюндарды ойнош үчүн эл быкылдаган базарларга чогулуп турушкан. Ал жерге жакын жашаган тоолуктардын, тимгаддыктардай болуп, мээ кайнаткан ысыкта катар түркүктөрдүн көлөкөсүндө сейилдеп басып жүргөнүн же каалагандардын баары бекер кире ала турган жуунчу жайларда жуунуп, эс алып отурганын эңсеп кыялданганы күмөнсүз. Ошондой эле алар оргутмалардын жанында жоро-жолдоштору менен баарлашып отурганын да элестетишсе керек. Ушулардын баары аларга жомоктогу жашоодой сезилген көрүнөт.

Мүрзөдөгү баш жагында үч кудайдын сүрөтү чегилген эстелик

Үстү ачык театр да элди бир топ азгырган. 3 500 кишилик ал театрга Тимгаддагы жана коңшу шаарлардагы шаан-шөөкөттү, кыйкырык-сүрөөндү жакшы көргөндөр келип, көңүл ачып турушчу. Театрда римдиктердин табитине ылайык уюштурулган, адеп-ахлаксыздык менен мыкаачылык даңазаланган оюн-зооктор коюлчу.

Андан сырткары, африкалыктарга римдиктердин туткан дини да зор таасир эткен. Тимгаддагы жуунчу жайлардын полу менен дубалдары бутпарас элдердин уламыштарындагы окуялар сүрөттөлгөн түрдүү мозаикалар менен кооздолгон болчу. Жергиликтүү эл жуунчу жайларга күнүгө баргандыктан римдиктердин кудайлары, дини тууралуу көбүрөөк биле берген. Африкалыктардын мүрзөлөрүндөгү эстеликтеринде өздөрүнүн да, римдиктердин да кудайлары тартылганынан Римдин өз маданиятын сиңирүү максаты толук жүзөгө ашканын билүүгө болот.

УНУТТА КАЛГАН КООЗ ШААР

Траян аттуу император б.з. 100-жылы шаарды негиздегенден кийин, римдиктер Түндүк Африканын бардык жеринде зайтун майын жана эгин өндүрүүгө, ошондой эле шарап даярдоого басым жасашкан. Ошондон көп өтпөй эле ал аймак дээрлик бүт империяны эгин, зайтун майы, шарап менен камсыз кылып калган. Римдин карамагындагы башка шаарлардай эле, Тимгад Рим бийлиги астында өркүндөй берген. Анын эли көбөйүп отуруп, шаардын сыртына чейин отурукташа баштаган.

Шаардыктар жана менчик жери барлар Рим менен соода-сатык кылып байый беришкен, бирок жергиликтүү дыйкандар көп деле пайда көрүшкөн эмес. Б.з. 3-кылымында адилетсиздикке жана салыктын чоңдугуна нааразы болгон карапайым дыйкандар көтөрүлүш чыгарган. Ал эми католик динине өткөндөрү данатисттерге — өздөрүн христиан деп атаган жана католик чиркөөсүнүн жаман иштерин айыптап, чиркөөгө каршы чыккан топко — кошулуп кетишкен. ( «Данатисттер „таза христиандар“ болгонбу?» деген кутучаны карагыла.)

Бир нече кылымдарга созулган диний кастык, жарандык согуштар жана варварлардын басып кириши акыры Римди Түндүк Африкадагы бийлигинен ажыраткан. Жергиликтүү араб уруулары б.з. 6-кылымына чейин эле Тимгад шаарынын күлүн көккө сапырып, өрттөп жиберишкен. Ошентип, гүлдөгөн кооз шаар 1 000 жылдан ашуун убакытка унутта калган.

 «ЖАШОО ДЕГЕН МЫНА УШУЛ!»

Латын тилиндеги: «Аңчылык кылуу, жуунуу, ойноп-күлүү — жашоо деген мына ушул!» — деген жазуу

Казуу иштери жүрүп жаткан маалда байыркы тимгаддыктар чогулган жерден археологдорду таңдандырган латын тилиндеги: «Аңчылык кылуу, жуунуу, ойноп-күлүү — жашоо деген мына ушул!» — деген жазуу табылган. Бир француз тарыхчысы ал жазуу «сыягы, жашоодо көп нерсеге ээ болууга үндөбөгөн жана айрымдар акылмандыктын сыры деп эсептеген философияны чагылдырып турарын» айткан.

Ооба, римдиктердин арасында кайсы бир убакытка чейин ушундай философия кеңири тараган. 1-кылымда жашаган элчи Пабыл «ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз» деген көз карашка кармангандар жөнүндө сөз кылган. Римдиктер аябай динчил болсо да жашоонун маңызы жөнүндө көп деле ойлонушкан эмес, алар күнүмдүк жыргалчылыгын гана көздөп жашашкан. Элчи Пабыл ишенимдештерине ошондой адамдардын таасирине алдырбоону эскертип: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген (1 Корунттуктар 15:32, 33).

Тимгад шаарынын жок болгонунан 1 500 жылдай убакыт өтсө да, адамдардын жашоого болгон көз карашы дагы деле тимгаддыктардыкындай. Көптөр азыр деле эртеңкисин ойлобой, күнүмдүк турмушка гана көңүл топтошот. Андай адамдарга римдиктердин философиясы, ага кармануунун кесепети кандай болбосун, акылга сыярлыктай сезилет. Бирок Ыйык Китепте: «Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деп таамай айтылган. Ошондуктан анда: «Дүйнөнү... толук пайдаланбагыла»,— деген кеңеш берилет (1 Корунттуктар 7:31).

Тимгад шаарынын урандылары жашоонун маңызы жана бактылуу болуунун сыры Түндүк Африканын кумдарында кылымдар бою көмүлүп жаткан жазууда айтылгандарда эмес экенин далилдеп турат. Ыйык Китептеги: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылгандарга маани бергенде гана адамдын жашоосу маңызга толот (1 Жакан 2:17).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?

Ыйык Китептеги жаркын келечек жөнүндө айтылгандарга кайсы эки себептен улам ишенсек болорун окуп көрүңүз.