Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Декабрь, 2014

«Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат»

«Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат»

Дене тарбия сабагынан берген агай каары кайнап, кыйкыра баштайт.

Каалаганындай болбой калган кичинекей бала жер тепкилеп ыйлап кирет.

Бөлмөсү чачык экенин көрүп, жини келген энеси баласына кыйкырат.

ТУРМУШТА ачууга алдырып койгондорду көп эле көрөбүз, ошондой эле өзүбүздүн да башкаларга кыжырыбыз келген учурлар болот. Кээде ачуулануу туура эмес экенин жана сабырдуу болуш керек экенин билсек да, өзгөчө, кимдир бирөө адилетсиздик кылгандай сезилгенде ачуулануу туура деп ойлошубуз мүмкүн. Америка психологиялык ассоциациясы жазган макалада «ачуулануу бардык эле адамдарда боло турган табигый нерсе» экени айтылган.

Ыйык Китептен элчи Пабылдын жазгандарын окусак, мындай көз карашта болуу туурадай туюлушу ыктымал. Адамдардын ачуусу келген учурлары болорун билгендиктен ал: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла. Ачууңарды күн батканча баскыла»,— деп жазган (Эфестиктер 4:26). Бул айтылгандарга ылайык, ачуубузду чыгарганыбыз туурабы же басканыбыз туурабы?

АЧУУЛАНУУ ТУУРАБЫ?

Элчи Пабыл ачуулануу тууралуу сөз кылганда Дөөтү пайгамбардын: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла»,— деп жазганын эстесе керек (Забур 4:4). Ал эми элчи Пабылдын берген кеңешинин маани-маңызы кандай эле? Ал андан ары сөзүн улап, мындай деп түшүндүргөн: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла» (Эфестиктер 4:31). Элчи Пабыл Иса Машаяктын жолдоочуларын ачууга алдырбаганга үндөгөн. Кызыктуусу, Америка психологиялык ассоциациясы жазган макалада андан ары мындай делет: «Изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн аркасында ачууга алдыруу, чынында, ачууну ого бетер келтирип, заарды козгоору жана көйгөйдү чечүүгө эч кандай деле көмөк кылбай турганы аныкталды».

Анда канткенде ачуулануудан жана анын кесепетинен алыс боло алабыз? Ысрайыл элинин даанышман падышасы Сулайман мындай деп жазган: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде» (Накыл сөздөр 19:11). «Адамдын түшүнүктүүлүгү» ачууну басууга кандайча көмөк кылат?

ТҮШҮНҮКТҮҮЛҮК КАНДАЙЧА АЧУУНУ БАСАТ?

Түшүнүктүүлүк — бул жагдайды түшүнө билгендик. Түшүнүктүү киши көмүскөдөгү нерселерди  көрө билет. Бирөө капа кылганда же ачуубузду келтиргенде бул сапат кандайча жардам берет?

Адилетсиздикти көргөндө кыжырыбыз келбей койбойт. Бирок сезимге жетеленип буркан-шаркан түшө турган болсок, өзүбүз да зыян тартып, башкаларга да зыян келтиришибиз ыктымал. Ээ-жаа бербеген от үйдү өрттөп салгандай эле, ооздукталбаган каар кадыр-баркыбызды түшүрүшү жана башкалар менен, атүгүл Кудай менен болгон мамилебизди бузушу мүмкүн. Андыктан ичибизден жинибиз келип, туталанып баратканыбызды сезсек, жагдайды толугураак түшүнүүгө аракет кылганыбыз абзел. Бул ачуубузду тыйганга сөзсүз жардам берет.

Мисалы, Сулайман падышанын атасы Дөөтү пайгамбар Набал деген кишиге ачууланып, аз жерден жазыксыз адамдардын канын төгүп коё жаздаган, бирок, бактыга жараша, анткен эмес. Окуяны башынан баяндай турган болсок, Дөөтү кишилери менен Жүйүт чөлүндө жүргөндө Набалдын малын жоодон да, жырткычтардан да коргоп турган. Кыркын маалы келгенде, Дөөтү азык суратып Набалга кишилерин жиберген. Бирок Набал аларга: «Кыркмачыларыма деген нанды, суу менен этти кайдан келгени белгисиз кишилерге эле бере бермек белем?» — деп, Дөөтүнү да, анын кишилерин да абдан кемсинткен. Дөөтү пайгамбар муну укканда каары кайнап, Набалды жана үйүндөгү эркек аттуулардын баарын тыптыйпыл кылыш үчүн 400дөй кишиси менен аттанып чыккан (1 Шемуел 25:4—13).

Набалдын аялы Абигейил кандай иш болгонун билер замат Дөөтүнүн алдын тосуп чыккан. Кишилери менен келаткан Дөөтүгө кезиккенде, ал тизелеп: «Күңүңө сүйлөгөнгө уруксат эт, күңүңдүн сөзүнө кулак сала көр»,— деген. Анан Дөөтүгө Набалдын акылсыз киши экенин жана ага өчөшүп кан төккөнүнө кийин өкүнүп калышы мүмкүн экенин айткан (1 Шемуел 25:24—31).

Абигейилдин айткандары Дөөтү пайгамбарга жагдайды толук түшүнүп, каарын токтотконго жардам берген. Биринчиден, ал Набалдын табиятынан акылсыз киши экенин, экинчиден, эгер өч ала турган болсо, канга забын болорун түшүнгөн. Силердин да, Дөөтү пайгамбардай болуп, бир нерсеге катуу ачууланган учуруңар болушу мүмкүн. Бирок андайда эмне кылганыңар оң? Мейо клиникасынын ачууну тыя билүүгө байланыштуу бир макаласында: «Бир азга токтолуп, терең дем алгыла да, онго чейин санагыла»,— деген кеңеш берилет. Ооба, бир азга токтолуп, көйгөйдүн себеби жөнүндө жана ачууңарды ооздуктабасаңар, кесепети кандай болору жөнүндө ойлонгула. Жагдайды толук түшүнгөндө, ачууңар басылып, атүгүл такыр эле тарап кетиши мүмкүн (1 Шемуел 25:32—35).

Бүгүнкү күндө да сабырдуу болгонго үйрөнгөндөр көп. Алсак, 23 жашында түрмөгө түшүп калган польшалык Себастиан Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында мүнөзүн оңдоп, өзүн кармай билгенге үйрөнгөн. Ал мындай дейт: «Мен адегенде көйгөй тууралуу ойлоном. Анан Ыйык Китепте жазылган кеңешке ылайык иш кылганга аракет кылам. Анткени Ыйык Китепте чын эле эң сонун кеңештер берилерине көзүм жетти».

Ыйык Китептеги кеңеш ачууну тыя билгенге көмөк кылат

Сетсио да ушундай кылганга аракет кылат. Ал: «Жумуштан кыжырыма тийгендерге дароо эле кыйкырып көнүп калган болчумун. Бирок Ыйык Китепти изилдегенден кийин шак эле кыйкырып кирбей: „Буга ким күнөөлүү? Менин айымдан ушундай болуп жаткан жокпу?“ — деп ойлоно турган болдум»,— дейт. Ушу сыяктуу суроолор жөнүндө ойлонгондо, анын ачуусу таркай түшчү. Ошентип, ал кайнап чыккан каарын басып, көтөрүмдүү болгонго үйрөнгөн.

Ачуулануу — күчтүү сезим, бирок Ыйык Китептеги кеңеш андан да күчтүү. Ал кеңешке ылайык иш кылсаңар жана Кудайдан жардам сурап тиленсеңер, силер да ачууңарды тизгиндеп, өзүңөрдү башкара аласыңар.