Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ШАЙТАН ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ?

Шайтан тек гана жамандыктын символубу?

Шайтан тек гана жамандыктын символубу?

Айрымдар Ыйык Китептен Шайтан жөнүндө окуганда аны тек гана жамандыктын символу катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок Ыйык Китеп чынында эле ошондой деп окутабы? Эгер ошондой деп окутса, анда эмне үчүн Шайтандын Иса Машаяк менен жана Кудурети Күчтүү Кудайдын өзү менен сүйлөшкөнү жазылган? Келгиле, ошого токтололу.

ИСА МАШАЯК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮШҮ

Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө, Шайтан аны туура эмес иш кылууга үч жолу азгырган. Биринчисинде Шайтан Иса пайгамбарды ачка болуп турганда Кудай берген күчтү өз кызыкчылыгына колдонуп курсагын тойгузууга азгырган. Андан кийин элдин көңүлүн бурдуруш үчүн өмүрүн тобокелге салууга үндөгөн. Акырында Шайтан Иса Машаякка бүт дүйнө жүзүнүн үстүнөн бийлик берерин айтып, ага бир эле жолу сыйынып коюуга азгырган. Бирок Иса пайгамбар ар бир жолкусунда ага Ыйык Жазмадан цитата келтирип, сунуштарын четке каккан (Матай 4:1—11; Лука 4:1—13).

Ошол учурда Иса Машаяк ким менен сүйлөшкөн? Өзүнүн ичиндеги жамандык мененби? Жок. Анткени Ыйык Китепте айтылгандай, ал «биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган» эмес (Еврейлер 4:15). Андан сырткары, Ыйык Китепте: «Ал эч күнөө кылган эмес, оозунан бир да жалган сөз чыккан эмес»,— деп да айтылат (1 Петир 2:22). Иса Машаяк акырына чейин кынтыксыздыгынан жазбай, жеткилең бойдон калган. Ал өзүндө бир да жаман сапаттын өрчүшүнө жол берген эмес. Демек, ал өзүнүн ичиндеги жамандык менен эмес, тирүү рух менен сүйлөшкөн.

Ошол окуядан Шайтандын чын эле бар экенин тастыктаган төмөнкүдөй далилдерди да табууга болот.

  • Шайтан Иса Машаякка, эгер ал ага бир эле жолу сыйынып койсо, бүт дүйнө жүзүн башкарууга бийлик берерин айткан (Матай 4:8, 9). Эгер Шайтан жок болсо, ал сунуш эч кандай мааниге ээ болмок эмес. Андан тышкары, Иса пайгамбар Шайтандын ошондой бийлиги бар экенин талашка салган эмес.

  • Иса Машаяк азгырылбай койгондо, Шайтан «анын жанынан кетип, башка ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн» (Лука 4:13). Бул Шайтандын жөн эле жамандык эмес, өзүнүн максатына жетмейин жаны жай албаган душман экенин көрсөтүп турат.

  • Ыйык Китепте ошондон кийин «периштелер келип, Исага кызмат кыла баштаганы» айтылат (Матай 4:11). Иса Машаякты колдоп, ага жардам берген ал периштелер чынында эле тирүү рухтар беле? Ооба. Демек, Шайтан да, алар сыяктуу эле, тирүү рух.

 КУДАЙ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮШҮ

Ыйык Китепте Шайтандын Аюп пайгамбар туурасында Кудай менен эки жолу сүйлөшкөнү айтылат. Эки жолкусунда тең Кудай Аюп пайгамбарды кынтыксыздыгы үчүн мактаган. Шайтан болсо Аюп пайгамбарды Кудайга өз пайдасын көздөгөндүктөн кызмат кылат деп каралаган, ошондой эле Кудай ага батасын берип, берилгендигин сатып алып жатканын кыйытып айткан. Мындайча айтканда, Аюп пайгамбарды Кудайга караганда жакшыраак билем дегендей кылган. Жахаба Кудай ага Аюп пайгамбарды сынап көрүүгө жол берген *. Ошондо Шайтандын айынан Аюп пайгамбар байлыгынан, балдарынан, ден соолугунан ажыраган. Бирок убакыттын өтүшү менен Жахабанын Аюп пайгамбар жөнүндө айткандары калетсиз экени, ал эми Шайтандын жеткен калпычы экени далилденген. Акырында Кудай Аюп пайгамбарга берилгендиги үчүн батасын берген (Аюп 1:6—12; 2:1—7).

Кудай Шайтан менен сүйлөшкөндө өзүнүн ичиндеги жамандык менен сүйлөштү беле? Жок. Себеби Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудайдын жолу жеткилең»,— деп айтылат (2 Шемуел 22:31). Анда: «Кудурети Күчтүү Кудай Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»,— деп да жазылган (Аян 4:8). «Ыйык» деген сөз таза, аруу, күнөөдөн алыс дегенди билдирет. Жахаба жеткилең жана кынтыксыз. Анын ичинде эч кандай жамандык болушу мүмкүн эмес.

Шайтан Кудай менен сүйлөшкөндөн кийин, Аюп пайгамбар чындап эле көп азап тарткан

Айрымдар Аюп пайгамбар чынында жашаган эмес, ошондуктан Кудай менен Шайтандын сүйлөшкөнүн тек гана уламыш деп эсептешет. Бирок чынында эле ошондойбу? Ыйык Китептин башка китептеринде да Аюп пайгамбардын чынында эле жашаганына далилдер бар. Алсак, Иса Машаяктын Жакып деген шакирти ишенимдештерин, оор учурларда чыдамдуу болушса, Жахабанын аларга батасын берерине ынандырганда Аюп пайгамбарды мисал келтирген (Жакып 5:7—11). Эгер Аюп пайгамбар ойдон чыгарылган болсо жана Шайтандын аны сынаганы да калп болсо, Жакыптын мисалы таасирдүү болот беле? Андан тышкары, Жезекиел пайгамбар адилдиги менен белгилүү болгон Нух жана Даниел деген пайгамбарлардын катарына Аюп пайгамбарды да кошкон (Жезекиел 14:14, 20). Алар сыяктуу эле, Аюп пайгамбар да жер үстүндө жашап өткөн, Кудайга бекем ишенген киши болгон. Эгер Аюп пайгамбар чын эле жашаган болсо, анда аны сынаган Шайтандын да бар экени анык.

Ооба, Ыйык Китептен Шайтандын чынында эле бар экенин билүүгө болот. Мунун билгенде: «Ал чын эле бар болсо мага жана үй-бүлөмө коркунуч туудурбайбы?» — деп кооптонушуңар мүмкүн.

АЗЫРКЫ УБАК ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ АЙТУУГА БОЛОТ?

Мисалы, силер жашаган шаарга кылмышкерлердин тобу келди деп коёлу. Андайда жашооңор кооптуу болору жана шаарыңарда моралдык нормалардын төмөндөөрү айтпаса да түшүнүктүү. Эмесе, ошол сыяктуу жагдайга көңүл буралы. Шайтан жана жин-перилер, атап айтканда, Шайтанга окшоп, Кудайга каршы чыккан периштелер асмандан жерге куулуп түшүрүлгөн. Анын натыйжасы кандай болууда? Силер жашаган аймакта жана дүйнө жүзүндө төмөндөгүдөй нерселердин болуп жатканын байкап жатасыңарбы?

  • Мыкаачылыкка, зордук-зомбулукка бөгөт коюуга канчалык аракет кылынбасын, андай нерселер дүйнө жүзү боюнча күч алууда.

  • Көптөгөн ата-энелердин нааразылыгына жана каршы болгонуна карабай, көңүл ачуу тармагында спиритизм кеңири жайылууда.

  • Сактап калууга көп иш-аракет кылынып жатканына карабай, табият калыбына келгис болуп кыйратылууда.

  • Кандайдыр бир сырдуу күч адамзат коомун акылынан айнытып, өлүмгө алып бараткандай сезилүүдө.

Учурдагы кайгы-касиреттердин себеби Ыйык Китепте мындай деп түшүндүрүлөт: «Бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды... Жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү» (Аян 12:9, 12). Бул сөздөрдү окугандан кийин көптөр Шайтандын адамзатка зор таасир эткен коркунучтуу рух экендигин түшүнүшкөн.

Балким, силер: «Шайтандан кантип коргонсо болот?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Аныңар жөндүү. Бул суроонун жообу кийинки макалада айтылат.

^ абз. 12 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.