Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2014

 ҮЙ ЭЭСИ МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ

Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (2-бөлүк)

Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (2-бөлүк)

Төмөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалар менен адатта кандай маек курары жазылды. Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен сүйлөшүп жатканын элестеткиле.

КЫСКАЧА КАЙТАЛОО

Жахабанын Күбөсү: Кандайсыз? Жакшысызбы?

Үй ээси: Жакшы.

Жахабанын Күбөсү: Өткөндө биз эмне үчүн Кудайдын Падышалыгы 1914-жылдан тартып башкара баштаганына ишенерибиз жөнүндө сүйлөшкөнбүз *. Биз мунун негизги далили Даниел пайгамбар жазган китептин 4-бөлүмүндө жазылганын талкуулаганбыз *. Ал бөлүмдө жазылгандар эсиңиздеби?

Үй ээси: Ооба, Небухаданасар падышанын түшүндө бийик даракты көргөнүн окубадык беле.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз. Небухаданасар түшүндө асман тиреген чоң даракты көргөн жана Кудайдын ал бакты кыйып салгыла деген буйрук бергенин уккан. Ошондо дарак кыйылып, анын дүмүрү менен тамыры гана калган. Бирок «жети мезгил» өткөндөн кийин ал кайрадан өсө баштамак *. Ошондой эле ал пайгамбарлык эки жолу аткарылышы керектигин талкуулаганбыз. Анын биринчи жолу кандай болуп аткарылганы эсиңиздеби?

Үй ээси: Ооба, анын биринчи аткарылышы Небухаданасардын жашоосуна түздөн-түз тиешелүү болчу. Ал жети жылга акылынан ажырап калган.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз. Небухаданасар акылынан ажырап, бийлигинен убактылуу айрылып калган. Ал эми пайгамбарлыктын экинчи жолку аткарылышы Кудайдын бийлигине байланыштуу болгон. Ал жети мезгил бийлик жүргүзбөй калмак. Өткөндө билгенибиздей, ал жети мезгил б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланганда башталган. Ошондон тартып жерде Кудайдын өкүлдөрү катары анын элин башкарган падышалар болгон эмес. Бирок жети мезгил өткөндөн кийин, Кудай өз элин башкарууга асмандагы бирөөнү дайындап, Кудайдын Падышалыгы башкара баштамак. Биз жети мезгилдин качан башталганын билебиз, эми анын канча убакытка созуларын аныктап алсак, Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаганын биле алабыз. Сизге баары эле түшүнүктүү болду да, ээ?

Үй ээси: Ооба, өткөндө айтылгандардын баарын толук эстедим окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Анда жакшы. Эми ошол жети мезгил канча убакытка созулганын изилдеп көрөлү. Ушул темага байланыштуу негизги ойлорду эске салыш үчүн даярданып келгем. Эмесе, түшүндүрүп бергенге аракет кылып көрөйүн.

Үй ээси: Макул.

ЖЕТИ МЕЗГИЛДИН АЯКТАШЫ — АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН БАШТАЛЫШЫ

Жахабанын Күбөсү: Бул пайгамбарлыктын биринчи жолку аткарылышы Небухаданасардын жашоосуна түздөн-түз тиешелүү болгон жана жети мезгил кадимки жети жылга созулган. Ал эми  экинчи жолу жана чоң масштабда аткарылышы Кудайдын Падышалыгына байланыштуу болгон жана жети мезгил жети жылга эмес, алда канча көп жылга созулмак.

Үй ээси: Эмненин негизинде ошентип айтып жатасыңар?

Жахабанын Күбөсү: Алгач жети мезгилдин б.з.ч. 607-жылы, Иерусалим шаары талкаланганда, башталганын эстесек. Эгер ошондон жети жылды санасак, б.з.ч. 600-жылга келебиз. Бирок ал жылы Кудайдын башкара баштаганынын билдирген эч кандай деле маанилүү окуя болгон эмес. Андан сырткары, б.з.ч. 600-жылдан бир нече кылым өткөндөн кийин жашаган Иса Машаяк жети мезгилдин аяктай электигин айткан.

Үй ээси: Чын эле, ошентип айтканын окубадык беле.

Жахабанын Күбөсү: Демек, жети мезгил жети жылды эмес, андан алда канча узак убакыт аралыгын билдирет.

Үй ээси: Ал канча убакытты билдирет?

Жахабанын Күбөсү: Жети мезгил канча убакытка созулганын так аныкташ үчүн Ыйык Китептеги Даниел китебинде жазылгандарга байланышы бар Аян китебин да карап көрсөк болот. Аян китебинде үч жарым мезгил жөнүндө айтылат жана ал 1260 күнгө барабар экени жазылган *. Демек, жети мезгилдин канча экенин билиш үчүн үч жарым мезгилди экиге көбөйтөбүз. Ошондо 2520 күн болот.

Үй ээси: Бирок бул Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаганын кандайча көрсөтүп турат?

Жахабанын Күбөсү: Келиңиз анда, ошого токтололу. Айрым учурларда Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарда бир күн бир жылды билдирет *. Эгер жети мезгилди бир күн бир жылга тете дегенге ылайык санап көрсөк, ал мезгил 2520 жылга барабар болот. Анан б.з.ч. 607-жылдан баштап 2520 жылды санай турган болсок, 1914-жылга дал келет *. Мына ошондуктан жети мезгил аяктаган жана Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзө баштаган жыл 1914-жыл деген жыйынтык чыгарсак болот. Андан сырткары, 1914-жылдан тартып дүйнө жүзүндө, Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, акыркы күндөрдүн башталганын билдирген орчундуу окуялар боло баштаган.

Үй ээси: Ал кандай окуялар?

Жахабанын Күбөсү: Матай 24:7де Иса Машаяктын эмне дегенине көңүл бурсаңыз. Өзү асмандан башкара баштаган убакта кандай окуялар болору жөнүндө ал мындай деген: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот». Иса Машаяктын ошол учурда ачарчылык жана жер титирөөлөр болорун айтканына көңүл бурсаңыз. Өткөн кылымда жерде так ошондой нерселердин көп болгонуна кошулат чыгарсыз.

Үй ээси: Ооба, кошулам.

Жахабанын Күбөсү: Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзө баштаганда согуштар болорун да айткан. Аян китебинде болсо акыркы күндөрү кайсы бир аймакка эле эмес, бүт дүйнө жүзүнө таасир эте турган согуштар болору жазылган *. Биринчи дүйнөлүк согуш качан башталганы эсиңиздеби?

Үй ээси: Ооба, ал 1914-жылы, силер Иса Машаяк башкара баштаган деп айтып жаткан жылы, башталбады беле. Ушул эки окуянын байланышы бар экенин такыр ойлонбоптурмун.

 Жахабанын Күбөсү: Жети мезгил жөнүндөгү пайгамбарлык менен акыркы күндөргө байланыштуу башка пайгамбарлыктарды байланыштырсак, баары түшүнүктүү боло баштайт. Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары 1914-жылы башкара баштаганына жана ошол эле жылы акыркы күндөр башталганына бекем ишенишет *.

Үй ээси: Аа... бирок булардын баарын дароо эле түшүнө албайт экенсиң.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, мен сизди түшүнөм. Мен да бул пайгамбарлыктарды дароо түшүнгөн эмесмин. Бирок ушул талкуубуздан кийин Ыйык Китепте 1914-жыл деген дата жазылбаса да, Жахабанын Күбөлөрүнүн ал жылга байланыштуу айткандары Ыйык Китепке негизделерин түшүндүңүз болуш керек.

Үй ээси: Ооба, силер, негизи эле, сөзүңөрдү дайыма Ыйык Китепке негиздей турганыңарды, эч качан өзүңөрдүн көз карашыңарды айтпай турганыңарды байкадым. Бирок Кудай эмне үчүн аябай татаалдантып жаздырып койгон? Иса Машаяк 1914-жылдан баштап асманда бийлик жүргүзө баштайт деп ачык эле жаздырып койсо болбойт беле?

Жахабанын Күбөсү: Мм... Кызыктуу суроо экен. Ооба, Ыйык Китепте чын эле көп нерселер ачык жазылган эмес. Анда эмкиде эмне үчүн Кудай Ыйык Китепти оңой эле түшүнө тургандай кылып жаздырып койбогонунун себеби тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

Үй ээси: Макул.

Балким, кайсы бир суроонун жообун же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө дайыма даяр.

^ абз. 7 Жахабанын Күбөлөрү башкалар менен Ыйык Китепте жазылгандарды талкуулап, акысыз изилдөө өткөрүшөт.

^ абз. 7 Ушул журналдын 2014-жылдын 1-октябрындагы санына чыккан «Үй ээси менен маектешүү. Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (1-бөлүк)» деген макаланы карагыла.

^ абз. 9 Даниел 4:23—25-аяттарды карагыла.

^ абз. 22 Аян 12:6, 14тү карагыла.

^ абз. 28 Аян 6:4тү карагыла.

^ абз. 30 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 9-бөлүмүн карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?

Даниел китебиндеги «жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылышы кандай чоң окуя менен коштолгонун окуп көргүлө.

Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?

Айланабыздагылардын кылган иштери, сапаттары Ыйык Китепте алдын ала айтылган акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кандайча тастыктап турары жөнүндө окуп көргүлө.