Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2014

 АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЖУСУП

«Кантип мен ушундай жаман ишке барайын?»

«Кантип мен ушундай жаман ишке барайын?»

ЖЕЛП эткен жели жок думуктурган аба Жусуптун көкүрөгүн кысып турат, бирок ошол эле учурда абада лотостун жана сууда өскөн башка гүлдөрдүн жыты буруксуйт. Жусупту Нилдин чоң салаасы аккан өрөөндө кетип бараткан соодагер кербенчилер алып баратат. Алар кез-кезде кытандарды, ибистерди чочутуп, сууну бойлой Мисирдин бир шаарын көздөй чубап баратышат. Дайыма жел согуп турган, тээ алыста калган тоолуу Хеброндогу конушу кайрадан Жусуптун көз алдына тартылат. Ага азыр таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай сезилет.

Курма жана анжир дарактарынын башындагы маймылдардын кыйкырыгы кулактын кужурун алат. Тегерек-четиндеги кишилердин сүйлөгөнү Жусупка ошол маймылдардын тилинен көп деле айырмасы жоктой сезилет. Ошентсе да ал ар бир уккан сөзүн жаттап калганга аракеттенет. Анын андан башка аргасы жок болчу, анткени үйүнө кайтып барышы күмөн эле.

Жусуп, болгону, 17-18 жаштардагы эле боз улан болсо да, атүгүл чоң кишиге көтөрүүгө оор болгон нерсени башынан өткөргөн. Каны бир агалары аны атасы көбүрөөк жакшы көргөнү үчүн жек көрүшчү. Ич күйдүлүктүн айынан алар Жусуптун көзүн тазаламакчы болушкан, бирок ал оюнан кайтып, аны ушу соодагерлерге сатып жиберишкен эле (Башталыш 37:2, 5, 18—28). Бир нече апта жол жүрүп, чоң шаарга жакындап келаткан ал соодагерлер Жусупту жана башка кымбат товарларын сатып акчалуу болорун ойлоп, кымыңдап баратышат. Ошондой абалда кайгыга батып, мүңкүрөп калбаш үчүн Жусуп эмне кылган? Биз да кыйын күндөргө туш болгондо, ага окшоп, Кудайга болгон ишенимибизди бекем сакташ үчүн эмне кылсак болот? Жусуптан кандай үлгү ала алабыз?

«ЖАХАБА ЖУСУП МЕНЕН БОЛДУ»

«Ысмайылдын тукумдары Жусупту Мисирге алып барышты. Аны алардын колунан жан сакчылардын башчысы, фараондун ак сарайында кызмат кылган мисирлик Потипар сатып алды» (Башталыш 39:1). Ыйык Китептеги бул сөздөрдөн Жусуптун сатыктагы буюм сымал колдон колго өтүп кордолуп, басынтылганын билсек болот. Анын ак сарайда кызмат кылган мисирлик Потипарды ээрчип, эл быкылдаган базарларды аралап, чоң шаардын көчөлөрү менен жаңы кожоюнунун үйүнө баратканын элестетсеңер.

Жусуп андай үйдү эч качан көргөн эмес, анткени анын үй-бүлөсү кой багып, көчүп-конуп чатырларда жашачу. Ал эми гүлдөп жаткан Мисирде жашаган Потипардын үйү ачык түстөр менен сырдалган, заңгыраган кооз үй болчу. Археологдордун билдиргенине ылайык, байыркы мисирликтер көлөкөлүү дарактары, папирус, лотос жана башка өсүмдүктөр өскөн тынч көлмөлөрү бар, дубал менен курчалган бакчаларды жакшы көрүшкөн. Айрымдар үйлөрүн бакчанын так ортосуна салышчу. Андай үйлөрдүн серүүндөп эс ала турган тосмолуу аянтчалары, үйдү желдете турган бийик-бийик терезелери, көп бөлмөлөрү, кенен ашканасы, ошондой эле кызматчылар жашай турган бөлмөлөрү болгон.

Бирок андай үйлөрдүн кооздугу да Жусуптун көңүлүн алаксыта албаса керек. Себеби ал жанга баткан жалгыздыктан кыйналган. Мисирликтердин тили, кийген кийими, сырткы көрүнүшү  ага өөн учураган, өзгөчө, ал үчүн алардын туткан дини жат болгон. Анткени алар толгон-токой кудайларга сыйынып, көзү ачыктык, сыйкырчылык кылышкан, ошондой эле өлүмгө карата таптакыр башкача көз карашта болушкан. Алар өлгөндөн кийин жашоо бар дегенге да ишенишкен. Анткен менен Жусуп жалгызсыроодон чөгүп кеткен эмес. Ага эмне жардам бергени тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба Жусуп менен болду»,— делет (Башталыш 39:2). Жусуп Кудайга жүрөгүндөгүсүн төгүп тургандыктан, ал ага күч берген. Анткени Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын «өзүн чакыргандардын баарына» жакын экени айтылат (Забур 145:18). Жусуп Кудайга дагы кантип жакындай алган?

Ал турмуштун оор сыноосуна багынып бербей, тапшырылган ишти колунан келишинче жакшы аткарганга аракет кыла берген. Кудай ошол үчүн батасын берип, Жусуп мырзасы Потипардын көз алдында ырайым тапкан. Потипар Жусупту Жахаба Кудайы колдоп жатканын жана ошонун аркасында анын үйүнө да Кудайдын батасы тийип жатканын көргөн. Акырындап Жусуп ишенимге татый берген, ошентип, мырзасы ал иш билги жигитке үйүндөгү иштердин баарын тапшырган (Башталыш 39:3—6).

Жусуп бүгүнкү күндөгү Кудайдан корккон жаштарга эң сонун үлгү калтырган. Алсак, азыр дүйнөдө окультизм, мыкаачылык, үмүтсүздүк өкүм сүргөндүктөн, Кудайга кызмат кылган жаштар кээде өздөрүн, өзгөчө, мектепте бөтөн жерликтей сезиши мүмкүн. Эгер силер да ошондой жаштардын катарында болсоңор, Жахаба Кудай ага берилгендигин сактаган жана тапшырылган ишти майын чыгара аткарган адамдарды мурун кандай колдосо, бүгүн да ошондой эле колдоорун унутпагыла (Жакып 1:17). Ал муну бүгүнкү күнгө дейре далилдеп келет. Кудай андай адамдарга батасын мол берет, силер да ошентсеңер, анын батасын аласыңар.

Арадан убакыт өтүп, Ыйык Китепте жазылгандай, Жусуп эр жетип, «келишимдүү, сулуу жигит болгон». Бул сөздөр Жусупка кандайдыр бир коркунучтун жакындап келатканын билдирген, себеби сулууларга орунсуз көңүл бургандар көп болору анык.

Жусупка Потипардын аялынын көзү түшкөн

«АЛ... МАКУЛ БОЛГОН ЖОК»

Жусуп берилгендик сапатын абдан баалаган, ал эми Потипардын аялы баалаган эмес. Ыйык Китепте: «Мырзасынын аялынын ага көңүлү түшүп: „Мени менен жат“,— дей баштады»,— делет (Башталыш 39:7). Жусуп уят-сыйытты жыйыштырып коюп, жанын койбой жабыша берген ал аялдын азгырыгына алдырды беле? Ыйык Китепте Жусупта жаштарга мүнөздүү каалоолор такыр болгон эмес, же болбосо абдан бай, кадыр-барктуу Потипардын ал эрке аялынын түрү суук болгон деп айтылбайт. Жусуп мырзасы эч нерсе билбей калат деп ойлошу мүмкүн беле? Ага:  «Мырзамдын аялы менен көңүлдөш болуп алсам, эч нерседен кем болбойм»,— деген ой келди беле?

Жусупка мындай ойлордун келген-келбегенин так айта албайбыз. Бирок анын жүрөгүндөгүсүн ал аялга айткан сөздөрүнөн билүүгө болот. Жусуп: «Мен барда, мырзам үйүндөгү эч нерсесинен кам санабайт, ал баарын мага тапшырган. Бул үйдө менден жогору турган эч ким жок. Мырзам мага сизден башка эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени сиз анын аялысыз. Анан кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башталыш 39:8, 9). Жусуп бул сөздөрдү олуттуулук менен, чечкиндүү түрдө айткан. Ал аял азгырган ишке бармак түгүл, ал тууралуу ойлонгондон да жийиркенген. Эмне үчүн?

Жусуп өзү айткандай, мырзасы ага ишенип, үйүндөгү нерселердин баарын, аялынан башкасынын баарын, анын колуна тапшырып жатса, ал кантип ага кыянаттык кылмак эле? Ал оюнда да андай ишке бармак эмес. Бирок ал баарынан да Кудайы Жахабанын көз алдында күнөөгө баткысы келген эмес. Жусуп Жахаба Кудайдын никеге жана берилгендикке карата кандай көз карашта экенин ата-энесинин айткандарынан улам билген. Жахаба эң алгачкы жубайлардын башын кошуп, никеге карата болгон көз карашын ачык билдирген. Ал аял менен эркек биригип, «экөө бир дене болорун» айткан (Башталыш 2:24). Андыктан үй-бүлөнү бузууга аракет кылгандар Кудайдын каарына калышмак. Алсак, Жусуптун чоң энелерин — чоң чоң атасы Ыбрайым пайгамбар менен чоң атасы Ыскактын аялдарын — аялдыкка алууну көздөгөн эркектер аз жерден каргашага учурап кала жаздаган (Башталыш 20:1—3; 26:7—11). Жусуп ушуларды билгендиктен Кудайдын жол-жобосуна ылайык жашоого умтулган.

Жусуптун айткандары Потипардын аялына катуу тийген. Ойлоп көрсөңөр, кул болуп жүргөн эле бирөө анын сунушун «жаман иш» деп, четке кагып салган. Ага карабай аял көшөрүп аракет кыла берген. Жусуптун баш тартканы анын намысына тийгендиктен, ал аны акыры көндүрөм деген ойдо болсо керек. Анын ошондой иш-аракети Иса Машаякты азгырууну көксөгөн Шайтандыкына окшош болгон. Иса Машаяк азгырыкка алдырбай койгондо, Шайтан ошону менен эле токтоп калбай, «башка ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн» (Лука 4:13). Ал азыр да бизди азгырууга болгон күчүн жумшайт, андыктан Кудайга берилгендикте кызмат кылып жаткандар туруктуу болушу, ошондой эле ага каршы турууга чечкиндүү болушу абзел. Жусуп дал ошондой болгон. Мырзасынын аялы күн сайын жабыша берсе да, Ыйык Китепте жазылгандай, Жусуп такыр «макул болгон» эмес (Башталыш 39:10). Бирок аял арам оюнан кайткан эмес.

Ал Жусуптун үйгө жумуштар менен кирерин билген. Ошондуктан үйдө кызматчылардын эч кимиси болбой турган учурду гана күтүп жүргөн. Анан ошондой учур келип, Жусуп үйгө киргенде, кийиминен катуу кармап алып, кайырмак салууга акыркы жолу далалат кылып: «Мени менен жат»,— деген. Бирок Жусуп анын колунан суурулуп чыгып, кийимин калтырган бойдон үйдөн чыга качкан (Башталыш 39:11, 12).

Бул окуя Ыйык Китептеги: «Бузуктуктан качкыла»,— деген кеңешти эске салат (1 Корунттуктар 6:18). Жусуп Иса Машаяктын жолун жолдогондорго эң сонун үлгү калтырган. Бизге да Кудайдын мыйзамдары боюнча жашабагандар менен мамилелешүүгө туура келиши мүмкүн, бирок бул алардын жаман таасирине алдырбай коюу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Биз, кандай болбосун, бузуктукка барбашыбыз керек.

Жусуп ошондой иштен баш тартканы үчүн көп азап тарткан. Потипардын аялы андан өч алмакчы болуп, дароо кызматчыларын чакырып кыйкыра баштаган. Ал Жусуп аны зордуктоого аракет кылып, ал кыйкырганда, качып кетти деп айткан. Ошондой эле далил катары көрсөтүш үчүн күйөөсү келгенче Жусуптун кийимин кармап отурган. Күйөөсү келгенде, ага да калп айтып, Жусупту үйгө алып келгени үчүн аны күнөөлөгөн. Потипар эмне кылган? Ыйык Китепте анын «каары кайнап», Жусупту «түрмөгө каматып койгону» айтылат (Башталыш 39:13—20).

«АНЫН БУТУНА КИШЕН САЛЫШКАН»

Байыркы Мисирдеги түрмөлөрдүн кандай болгону көп маалым эмес. Бирок археологдор түрмө сыяктуу, камералары жана зындандары бар чептүү имараттардын урандыларын табышкан. Ыйык Китепке ылайык, Жусуп зынданда жаткан (Башталыш 40:15). Анын ал жактан канчалык кыйналганын Забур китебиндеги: «Анын бутуна кишен салышкан, жанын чынжыр менен байлашкан»,—  деп жазылгандардан билүүгө болот (Забур 105:17, 18). Мисирликтер түрмөдөгүлөрдүн айрымдарынын колун аркасына кайрып, чыканагынан байлап коюшчу, кээ бирлеринин болсо мойнуна зоолу тагышкан. Кылдай күнөөсү жок Жусуптун канчалык кыйналганын элестетсеңер.

Андан да кейиштүүсү, анын куурал күндөрү көпкө созулган. Ыйык Китепте Жусуптун түрмөдө көпкө чейин жатканы айтылат. Ал киши чыдагыс ошондой жерде бир нече жыл өткөргөн *. Анысы аз келгенсип, ал жактан качан чыгарын билген эмес. Ошентип, анын алгачкы азаптуу күндөрү жумаларга, жумалары айларга айланган. Ошого карабай жакшылыктан үмүтүн үзүп, чөгүп кетпегенге ага эмне жардам берген?

Ыйык Китепте: «Жахаба Жусуп менен болуп, ага мээримдүүлүк көрсөтө берди»,— деп айтылат (Башталыш 39:21). Ооба, Жахабага өзүнө берилген кызматчыларына мээримин төгүп, кам көрүүгө түрмөнүн дубалдары да, кишендер да, караңгы зындандар да бөгөт коё албайт (Римдиктер 8:38, 39). Жусуптун да кимди гана болбосун сооротуп-жубата алган Кудайга зар-муңун төгүп, жалынып-жалбарганы жана ошондон улам Кудай гана бере ала турган жан дүйнө бейкуттугуна ээ болгону шексиз (2 Корунттуктар 1:3, 4; Филипиликтер 4:6, 7). Жахаба Кудай Жусупка дагы кантип жардам берген? Ыйык Китепте Жусуптун «түрмө башчысынын көз алдында ырайым тапканы» айтылат.

Түрмөдөгүлөрдү ар кандай жумушка салышчу. Жусуп ага кандай жумуш тапшырылбасын, жакшы аткарып, күжүрмөн эмгектене берген, ал эми калган нерселердин баарын Кудайына тапшырып койгон. Бул Жахабага жаккан, ошол үчүн ал ага батасын берген. Анын аркасында Жусуп атүгүл түрмөдө да, Потипардын үйүндөгүдөй эле, ишеничке, урмат-сыйга татыган. Ыйык Китепте: «Түрмө башчысы камакта жаткандардын баарын Жусуптун колуна тапшырды. Алар, Жусуп эмне десе, ошонун баарын аткарып жатышты. Жахаба Жусуп менен болгондуктан, түрмө башчысы ага тапшырган нерселеринен кам саначу эмес. Себеби Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берип жатты»,— деп айтылат (Башталыш 39:22, 23). Жахабанын ага ошентип кам көргөнү Жусупту абдан жубаткан.

Жусуп түрмөдө күжүрмөн эмгектенген жана Жахаба ага батасын берген

Турмуш бизди каалаганындай калчап, азапка салышы, ал тургай барып турган адилетсиздикке кабылтышы мүмкүн. Бирок биз Кудайга бекем ишенген Жусуптан үлгү алып, андай оор учурларда Жахабага жалынып, ага ого бетер жакындай беришибиз жана анын мыйзамдарын бузбашыбыз, ошондой эле ага жаккандай иш кылууга аракет кыла беришибиз керек. Ошентсек, Кудайдын батасына ээ болобуз. Кудай Жусупка андан кийин да батасын төккөн. Бул тууралуу ушул журналдын кийинки сандарында айтылат.

^ абз. 23 Жусуп Потипардын үйүнө келгенде 17-18 жаштардагы боз улан болгон жана ал жакта эр жеткенче, кыязы, бир нече жыл жашаган. Ал эми түрмөдөн чыкканда 30 жашта болгон (Башталыш 37:2; 39:6; 41:46).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайга ишеним артасыңарбы?

Кудайды ишенген досубузду билгенчелик билүү кандай канааттануу тартуулай турганы жөнүндө окуп көргүлө.