Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРАТ?

Кудайдын Падышалыгына эмне үчүн маани бериш керек?

Кудайдын Падышалыгына эмне үчүн маани бериш керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар келечекте Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, Кудайдын өкмөтү бийлик жүргүзөрүнө үмүттөнүп келишет. Алар Кудайдан «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» деп тиленүүнү үйрөткөн Иса Машаяктын жолун жолдошот (Матай 6:10).

Анткен менен көптөгөн диндерде Кудайдын Падышалыгына анча деле маани берилбейт. Белгилей кетчү нерсе, тарыхчы Герберт Жорж Уэллс Исанын «окууларынын өзөгүн асмандагы Падышалык жөнүндө айтылгандар түзсө да», «христиан чиркөөлөрүнүн окууларында ал тууралуу дээрлик эч нерсе айтылбай турганын» байкаган.

Ал чиркөөлөрдөн айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарга көп басым жасашат. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Учурда 220 тилде, 46 миллионго жакын нускада басылып чыккан жана дүйнөгө эң кеңири тараган журнал деп эсептелген «Күзөт мунарасы» журналы кандай максатта чыгарыларына көңүл бурсаңар. Анын толук аталышы көрсөтүп тургандай, «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» *.

Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгын жарыялоого эмне үчүн көп күч-аракет жумшашат? Мунун бир себеби, биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар дүйнөдөгү эң баалуу китепте, Ыйык Китепте, айтылгандардын өзөгүн түзөрүнө ишенебиз. Андан тышкары, адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерине да ишенебиз.

Жахабанын Күбөлөрү, Иса Машаяктын жолун жолдоп, башкалардын көңүлүн Кудайдын Падышалыгына бурушат. Кудайдын Падышалыгы Иса Машаяктын көңүлүнүн борборунда болгон жана элди окутканда ал, негизинен, ошол тууралуу окуткан (Лука 4:43). Ал эмне үчүн Кудайдын Падышалыгына өзгөчө маани берген? Эмне үчүн силердин да ага маани бергениңер абзел? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын кийинки макалалардан окуп көргүлө.

^ абз. 5 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.