Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРАТ?

Кудайдын Падышалыгына Иса эмне үчүн өзгөчө маани берген?

Кудайдын Падышалыгына Иса эмне үчүн өзгөчө маани берген?

Иса Машаяк жерде жүргөндө көп нерселерди айткан. Мисалы, шакирттерине Кудайдан кантип тилениш керектигин, Кудайга жагыш үчүн жана чындап бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керектигин үйрөткөн (Матай 6:5—13; Марк 12:17; Лука 11:28). Бирок ал баарынан да жүрөгүнө жаккан нерсе жөнүндө — Кудайдын Падышалыгы жөнүндө — көп айткан (Лука 6:45).

Буга чейин айтылгандай, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтуу» Иса Машаяктын жашоосунда негизги орунда турган (Лука 8:1). Ал Ысрайыл жерин аралап жүздөгөн чакырым жолдорду басып өтүп, элге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жарыялаган. Анын Кудайга кылган кызматы 4 Инжилде баяндалат. Ал Инжилдерде Кудайдын Падышалыгы тууралуу 100дөн ашуун жолу сөз кылынат жана көбүнчө ал тууралуу Иса Машаяктын айткандары жазылган. Анткен менен Иса ал жөнүндө андан да көп айтса керек (Жакан 21:25).

Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгына эмне үчүн өзгөчө маани берген? Мунун бир себеби, ал Кудай аны ошол Падышалыктын Падышасы кылып тандаганын билген (Ышая 9:6; Лука 22:28—30). Бирок Иса бийликке же атак-даңкка ээ болууну көксөгөн эмес (Матай 11:29; Марк 10:17, 18). Ал Кудайдын Падышалыгын өз пайдасын көздөгөндүктөн да жактаган эмес. Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы анын Атасынын — Кудайдын — эркин аткарарын жана Атасына жаккан адамдарга эмне кылып берерин билген. Ошондуктан ага өзгөчө маани берген жана азыр да өзгөчө маани берет *.

ПАДЫШАЛЫК КУДАЙДЫН КАЙСЫ ОЙ-НИЕТИН ИШКЕ АШЫРАТ?

Иса Атасы Жахаба Кудай менен ынак мамиледе (Накыл сөздөр 8:30; Жакан 14:31). Ал Атасынын сүйүү, боорукердик жана адилеттик деген сыяктуу эң сонун сапаттарына дайым суктанып келет (Мыйзам 32:4; Ышая 49:15; 1 Жакан 4:8). Андыктан анын Атасы жөнүндө айтылган жалган сөздөрдү, алсак, адамдардын кыйналып жатканы Кудайга баары бир жана Кудай адамдардын азап тартышын каалайт деген сыяктуу жалган сөздөрдү уккусу келбей турганы бышык. Ал ошондой эле Падышалык Атасынын ысмын ыйыктап, даңазалай турганын билгендиктен «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды» ынталуу жарыялаган (Матай 4:23; 6:9, 10). Падышалык Кудайдын ысмын кантип ыйыктайт?

Жахаба Кудай ошол өкмөт аркылуу адамзаттын жашоосун эң сонун кылып өзгөртөт. Ал ага бекем ишенген адамдардын «көзүнөн бардык жашты аарчыйт». Жахаба Кудай адамдардын көз жашына себеп болуп жаткан нерселердин баарын жок кылат, тактап айтканда, «өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4). Ооба, Кудай өзүнүн өкмөтү аркылуу адамзатты бардык азап-кайгыдан арылтат *.

 Андыктан Иса Машаяктын Кудайдын Падышалыгын ынтызарлык менен жарлаганы таң калыштуу эмес. Ал ошонун аркасында адамдар Жахаба Кудайдын канчалык күчтүү жана боорукер экенин түшүнөрүн билген (Жакып 5:11). Андан сырткары, Кудайдын өкмөтү Кудайды сүйгөн адамдарды бакытка бөлөй турганын жакшы түшүнгөн.

ПАДЫШАЛЫК КУДАЙГА БЕКЕМ ИШЕНГЕНДЕРГЕ ЭМНЕ КЫЛЫП БЕРЕТ?

Иса Машаяк жерге келгенге чейин, узак убакыт бою асманда Атасынын жанында болгон. Атасы баарын: эсеп жеткис жылдыздарга, галактикаларга толгон ааламды, биздин кооз планетабызды жана жер жайнаган жаныбарларды жаратып жатканда, ал ага жардам берип кубанып турган (Колосалыктар 1:15, 16). Ошентсе да Исанын кубанычы, өзгөчө, «адам баласына байланыштуу болгон» (Накыл сөздөр 8:31).

Исанын жерге келгенде аткарган кызматы анын адамдарды сүйөрүн көрсөтүп турган. Ал кызматын жаңыдан баштаганда эле муктаж болуп тургандарга «жакшы кабар айтуу» үчүн келгенин айткан (Лука 4:18). Бирок адамдарга жардам бергиси келерин сөз менен эле айтып койгон эмес, ал аларды сүйөрүн көп жолу иши менен далилдеген. Мисалы, бир жолу топ эл анын сөзүн угуш үчүн чогулганда, ал «аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырган» (Матай 14:14). Ошондой эле катуу ооруган бир киши Исанын, эгер кааласа эле, аны айыктыра аларына ишенип жалбарганда, ал боору ооруп: «Каалайм. Айык» — деп, ал кишини айыктырып койгон (Лука 5:12, 13). Андан сырткары, Лазар деген досу каза болгондо, анын бир тууганы Мариямдын кайгырып «ыйлап жатканын көргөндө Исанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап», «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:32—36). Анан эч кимдин оюна да келбеген керемет кылган: өлгөнүнө төрт күн болуп калган Лазарды тирилткен (Жакан 11:38—44).

Бирок Иса адамдар үчүн кылган кереметтери убактылуу экенин жана ал айыктырган адамдар эртели-кеч кайра эле ооруй турганын, ал эми тирилткен адамдар кайра эле өлөрүн билген. Ал адамзат кабылып жаткан көйгөйлөрдүн баарын Кудайдын Падышалыгы гана биротоло жок кыларын жакшы билген. Ошо себептен кереметтерди жасап эле койбостон, «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды» дилгирлик менен жарыялаган (Матай 9:35). Иса ошол кереметтерди жасап, Кудайдын Падышалыгы башкарганда, бүт жер жүзүндө кандай кереметтер жасаларын көрсөткөн. Келгиле, буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын карап көрөлү.

  •  Оору болбойт.

    «Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат. Аксак бугудай секирет, дудуктун тили кубанычтуу үн салат» жана «тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24; 35:5, 6).

  • Өлүм болбойт.

    «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

    «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышая 25:8).

  • Өлгөндөр тирилет.

    «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат» (Жакан 5:28, 29).

    «Көр да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берет» (Аян 20:13).

  • Баарынын үй-жайы, жумушу болот.

    «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт... менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт» (Ышая 65:21, 22).

  • Согуш болбойт.

    «Ал жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9).

    «Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:4).

  • Ачарчылык болбойт.

    «Жер өз жемишин берет, Кудай, биздин Кудай, батасын берет» (Забур 67:6).

    «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

  • Жакырчылык болбойт.

    «Жакыр дайыма эле унутула бербейт» (Забур 9:18).

    «Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт» (Забур 72:12, 13).

Бул убадалар жөнүндө билгенден кийин, Кудайдын Падышалыгына Иса эмне үчүн өзгөчө маани бергени түшүнүктүү болгон чыгар. Ал биз кабылып жаткан азап-кайгынын баарын Кудайдын Падышалыгы жок кыларын билгендиктен, ал тууралуу бүт жан-дили менен айткан.

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди кылары жөнүндө Ыйык Китепте айтылгандар силерге кызыктуу болгон чыгар. Ал тууралуу кененирээк маалыматты кайдан алууга болот? Ал Падышалыктын бийлиги астында жашап, ошол учурда төгүлө турган баталарды алыш үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул суроолордун жообун ушул катар макалалардын акыркысынан биле аласыңар.

^ абз. 5 Иса Машаяк азыр асманда. Анын азыр да, мурункудай эле, Кудайдын Падышалыгына өзгөчө маани берери шексиз (Лука 24:51).

^ абз. 8 Кудайдын азап-кайгынын болушуна эмне үчүн жол берип жатканын билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Жамандык качан башталган жана эмне үчүн Кудай анын болушуна азыркыга чейин жол берип келет? Азап-кайгы жок болобу?