Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АВГУСТ 2014

 АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЖУСУП

«Уксаңар, мен мындай түш көрдүм»

«Уксаңар, мен мындай түш көрдүм»

КЕРБЕНЧИЛЕРДИН төөлөрүнө катарлаш баскан Жусуп чыгыш жакты — Хебронду — кайра-кайра кылчая карап, кантип качып кетсем деген ойго чулганып барат. Тиги дөңсөөлөрдүн артында, сунсаң колуң жеткидей жерде атасынын конушу калды. Атасы Жакып жанындай жакшы көргөн уулунун башы байланып, келбесине сапар тартып кетип баратканын билген да жок. Бечара Жусуп мээримдүү атасынын жүзүн эми эч качан көрбөйм деп, заманасы куурулат. Эчендеген соодагерлер каттаган узак жолдо кербенчилер түштүктү көздөй бет алып, Жусуптан көзүн албай баратышат. Анткени кул да, качып кетсе, кирешеден кур калышат. Тээ алыстан артып келаткан жыпар жыттуу чайыр менен кымбат баалуу майлар канча турса, бул кул да алардан кем эмес.

Жусуп 17лердеги жаш улан. Күн аздан эригенсип, кызыл булутка жайылып, Улуу деңиздин төр жагына батканы калды. Жашоосу бир заматта астын-үстүн болгон Жусуптун кат-кат ойлордун акырына чыга албай кетип баратканын элестетсеңер. Бир кесим нанды да тең бөлүшүп жеген бир туугандары аны өлтүрүп коё жаздаганына, чыркыратып кулчулукка сатып жибергенине ишене албай, сыздап барат. Көзүнүн чарасы жашка толуп, мөлт-мөлт тамат. Эми эмне болот? Эртеңки күнү бүдөмүк.

Жусуп эркинен ажыраса да, ишениминен ажыраган эмес

Жусуп мындай кыйынчылыкка эмне үчүн туш болгон? Өзүнүн эле бир туугандары жерип, кор кылышса да, ишенимин бекем сактаган Жусуптан эмнеге үйрөнсөк болот?

ЫРКЫ ЖОК ҮЙ-БҮЛӨ

Жусуп чоң, бирок ыркы жок үй-бүлөдө чоңойгон. Эркектин көп аял алганы чоң көйгөйлөрдү туудурары Жакыптын үй-бүлөсүнөн таамай көрүнүп турат. Кудай башында эркектин бир эле аял алышын ниет кылса да, көп аял алууга байланыштуу салтка убактылуу жол берген. Бирок Уулу Иса Машаяк жерге келгенде, ал салтты жокко чыгарган (Матай 19:4—6). Жакыптын Лия менен Рахил деген эки аялынан жана Зилпа менен Била деген эки күңүнөн, бери дегенде эле, 14 бала төрөлгөн. Ал чырайлуу Рахилди башынан эле сүйчү. Ал эми кайнатасы алдап, аялдыкка берип салган Лияны, Рахилдин эжесин, жакшы көрчү эмес. Бири-бирине атаандашкан эже-сиңдинин тирешүүсү балдарына да жукканы шексиз (Башталыш 29:16—35; 30:1, 8, 19, 20; 37:35).

 Көп жылдар бою Рахилдин согончогу канаган эмес, бирок, акыры, көз жарып, Жусупту төрөгөн. Жакып карыганда көргөн баласын башкалардан артык көрө турган. Алсак, ал кан төгүүдөн кайра тартпай турган бир тууганы Эйсап менен жолугушарда Рахил менен кичинекей Жусупту эң коопсуз жерге, үйүндөгүлөрдүн эң артына, коюп койгон. Ошол күнү болгон окуялар Жусуптун жүрөгүндө ташка тамга баскандай жазылып калса керек. Каруусунан күчү, белинен кубаты кете элек атасынын таң эртең менен сылтып басып келатканын таң кала карап турганын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Анын Жахабадан бата алыш үчүн түнү бою кубаттуу периште менен күрөшкөнүн билгенде ого бетер таасирленген чыгар. Кудай батасын берип, эми атасынын аты Жакып эмес, Ысрайыл болмой болду. Келечекте бүтүндөй эл анын аты менен аталат (Башталыш 32:22—31). Убакыттын өтүшү менен Жусуп атасынын 12 уулунан ысрайыл элинин 12 уруусу тарай турганын билген.

Кийинчерээк кабыргасы ката элек Жусуп эң жакын адамынан айрылып, оор жоготуу деген эмне экенин жон териси менен сезип көргөн. Энеси Бенжеминди төрөп жатканда каза тапкан. Атасынын ичи эңшерилип, кан жутуп кала берген. Жакыптын ботодой боздогон Жусупту сооротуп жатканын элестетип көрсөңөр. Ал кемпиринен айрылган чоң атасы Ыбрайым пайгамбарга кайрат берген сөздөрдү баласына да айткандыр. Жахабанын бир күнү апасын тирилтерин ойлогондо, Жусуптун бушайман жүрөгү тынч ала түшсө керек. Анын ошондо «тирүүлөрдүн Кудайы» Жахабага мурункудан да жакын болуп калганына шек жок (Лука 20:38; Еврейлер 11:17—19). Жакып жалындап сүйгөн, жароокер аялынан калган эки туягын өзгөчө жакшы көрө турган (Башталыш 35:18—20; 37:3; 44:27—29).

Ата-энеси көзүн караган балдардын көбү эрке талтаң болуп, бузулуп кетишет, бирок Жусуп Кудайга бекем ишенип, ата-энесиникиндей жакшы сапаттарды өрчүтүп, ак менен караны айырмалай билген бала болуп чоңойгон. Ал 17 жашында агалары менен чогуу кой кайтарып жүргөндө алардын туура эмес иштерин көрчү. Агаларына жагыныш үчүн алардын жаман иштерин жашырып жүрө бергенби? Акылдуу болчу жигит таңдайынан билинет дегендей, ал баарын атасына айтып, туура иш кылган (Башталыш 37:2). Атасы анын бала да болсо, баатырча сүйлөгөнүнө, эр жүрөктүүлүгүнө баа берсе керек. Ооба, Жусуп Кудайдын жаш кызматчыларына мыкты үлгү калтырган. Айрыкча, бир туугандарыңдын, досторуңдун олуттуу күнөөсүн жашырып койгуң келгенде жардам бере ала турган адамдарга, Жусуптай болуп, билдирип койгонуң акылдуулукка жатат (Лебилер 5:1).

Биз Жусуптун үй-бүлөсүнөн да көп нерсеге үйрөнө алабыз. Кудайдын кызматчылары көп аял албаса да, алардын арасында атасы же энеси өгөй, же болбосо атасы же энеси ээрчитип келген балдары бар үй-бүлөлөр көп. Жакыптын үй-бүлөсүндөгүдөй болуп, бет карамалык кылуу же балдардын бирин экинчисинен артык  көрүү үй-бүлөнүн ынтымагын ыдыратат. Акылдуу ата-энелер өз балдарын да, өгөй балдарын да бирдей жакшы көрүп, ар биринин жакшы жактарын айтып, мактап турушса, үй-бүлө ынтымактуу, бактылуу болот (Римдиктер 2:11).

ЖҮРӨКТҮ УУКТУРГАН КӨРӨ АЛБАСТЫК

Жакып Жусупту ишенимдүү, адил болгону үчүн аябай жакшы көрчү

Жусуп дайыма кайраттуулук менен туура иш кылганы үчүн, атасы ага өзгөчө көңүл бурчу. Ал бир жолу уулуна элдикинен бөтөнчө кийим тиктирип берген (Башталыш 37:3). Кыязы, ал этек-жеңи узун, түркүн-түстүү кооз чапан болсо керек. Ошол учурда андай кийимди канзаадалар, мырза аттыккандар гана кийишкен көрүнөт.

Атасынын чын жүрөктөн чапан тиктирип бергенине Жусуптун жетине албай сүйүнгөнү шексиз. Тилекке каршы, так ошол чапандын айынан ал далай кордук көргөн. Жусуптун койчу болгонун да эстесеңер. Кой кайтаруу оңой иштерден эмес. Мээнеткеч баланын узун, кооз чапанды кийип алып, белден буралган бетегени аралай басып, далай бел ашканын, тикенектүү бадалдын арасынан чыга албай калган козуну бошотуп жатканын көз алдыңарга элестетип көрсөңөр. Бирок өзгөчө белек алган Жусуптун кубанычына бир туугандары ортоктош болот болду бекен?

Бул туурасында Ыйык Китепте: «Бир туугандары атасынын аларга караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшкөндө аны жек көрүп, ага жөн сүйлөбөй калышты»,— делет * (Башталыш 37:4). Аларды деле түшүнсө болот дечи, бирок жүрөктү ууктурган көрө албастык аларды такыр эле бийлеп алган (Накыл сөздөр 14:30; 27:4). Өзүң көксөп жүргөн нерсеге башкалардын ээ болуп жатканын көргөндө ичиң тарыган учурлар болду беле? Анда Жусуптун бир туугандарын унутпа. Алар көрө албастыктын айынан кара санатайлык кылып, кийин бармагын тиштеп кала турган ишке барышкан. Андыктан Кудайдын Сөзүндөгү: «Кубангандар менен кубангыла»,— деген кеңеш кандай гана таамай айтылган! (Римдиктер 12:15).

Жусуп агаларынын ага тишин кайрап жүргөнүн байкабай койгон эмес. Ал алардын кыжырына тийбеш үчүн эле атасы берген чапанды чечип койчу беле? Балким, ошенткиси келген учурлар деле болсо керек. Атасы аябай жакшы көрүп белек кылган ал чапанды уулунун дайыма кийип жүрүшүн каалаган. Андыктан Жусуп атасынын көңүлүн карап, чапанды жонунан түшүрчү эмес. Биз андан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Асмандагы Атабыз баарына бирдей мамиле кылса да, берилген кызматчыларынын айрымдарына кээде өзгөчө бата берет. Андан сырткары, ал өз элинин бузулган, ыйманы кеткен дүйнөдөн обочо болушун каалайт. Жусуптун кийими сымал, Кудайдын кызматчыларынын жүрүм-туруму аларды тегерегиндегилерден айырмалап турат. Ошондон улам кээде башкалардын ичи тарып, аларды душман көрүп алышат (1 Петир 4:4). Бирок ошон үчүн эле Кудайдын кызматчылары  өздөрүнүн ким экенин жашырышы керекпи? Албетте, жок. Жусуп чапанын чечпегендей эле, алар да Кудайдын кызматчылары экенин жашырышпайт (Лука 11:33).

ЖУСУПТУН ТҮШТӨРҮ

Күндөрдүн биринде Жусуп түш көрөт. Түшүндө бир туугандары менен боо байлап жүргөн болот. Бир убакта Жусуптун боосу тикесинен туруп калат да, бир туугандарынын боолору аныкын тегеректеп, жүгүнүшөт. Дагы бир түшүндө болсо ага күн менен ай жана 11 жылдыз жүгүнүп жаткан болот (Башталыш 37:6, 7, 9). Жусуп таң калыштуу түштөрүн башкаларга айтканбы?

Ал түштөр Жахаба Кудайдан болчу. Алардын пайгамбарлык мааниси бар болгондуктан, Кудай Жусуптун түштөрүн үйдөгүлөрүнө айтышын ниет кылган. Жусуп, мындайча айтканда, тоң моюн элге Кудайдын буйруктарын айта турган болочоктогу пайгамбарлар аткара турган ишти кылган.

Жусуп бир туугандарына сылыктык менен: «Уксаңар, мен мындай түш көрдүм»,— деген. Алар түштүн маанисин дароо эле түшүнүп, айткандарын жактырышкан эмес. Андыктан: «Эмне, бизге падыша болгуң барбы? Бизге бийлик кылгың барбы?» — деп, «аны айтып берген түшү, сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышкан». Жусуп экинчи түшүн атасына да айтып берген, бирок буга эч ким деле сүйүнгөн эмес. Ыйык Китепте: «Атасы аны: „Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага жерге чейин ийилип таазим кылалы?“ — деп кагып койду»,— делет. Бирок ал баары бир деле анын сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алган. Ал: «Жахаба уулум аркылуу сүйлөп жаткан жокпу?» — деп ойлосо керек (Башталыш 37:6, 8, 10, 11).

Жусуп Кудайдан келген кабарды айтканы үчүн жек көрүндү болуп, куугунтукталган пайгамбарлардын биринчиси да, акыркысы да эмес болчу. Андай пайгамбарлардын эң көрүнүктүүсү Иса Машаяк болгон. Ал жолдоочуларына: «Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деп айткан (Жакан 15:20). Машаяктын жолун жолдогондордун баары, жаш-кары дебей, эр жүрөк, ишенимдүү Жусуптан көп нерсеге үйрөнө алышат.

КАРА САНАП, КАС БОЛУШКАН

Көп өтпөй Жакып Жусупту узак сапарга жөнөтөт. Улуу балдары койлорун Шекем шаарынын түндүк жагына жайып барышмак. Алар жакында эле ошол шаарга кол салгандыктан, атасынын уулдарын ойлоп сарсанаа болгону жөндүү эле. Ошентип, ал Жусупту алардын ал-жайын билип келүүгө жиберет. Жусупту кандай сезимдер чулгады болду экен? Ал бир туугандарынын аны көрөйүн деген көзү жок экенин жакшы билет. Аны атасы жибергенин билгенде алар ого бетер жинденишпейби? Эмнеси болсо да, Жусуп атасынын сөзүн эки кылбай, жөнөп кетет (Башталыш 34:25—30; 37:12—14).

Жол узак болчу. Хеброндун түндүгүнөн 80 чакырымдай алыс жайгашкан Шекемге жөө киши 4-5 күн дегенде араң жетет. Бирок Жусуп Шекемге жеткенде бир туугандарынын ал жерден түндүктү көздөй дагы 22 чакырымдай алыс жайгашкан Дотанга кетишкенин угат. Ал Дотанга жеткенде, бир туугандары аны алыстан эле жазбай таанышат. Алар аны кектүү бүркүттөй карап, көздөрү тереңинен кайнап чыгат. Кудайдын Сөзүндө: «„Карасаңар, түш көргүч келатат. Келгиле, аны өлтүрүп, суу сакталчу чуңкурга таштап салалы да, жырткыч жеп кетти деп коёлу. Ошондо түштөрү кантип аткарыларын көрөбүз“,— дешти»,— делет. Бирок Жусупту аман алып калып, атасына жиберүүнү ойлогон Рубейин инилерин аны өлтүрбөй эле чуңкурга салып салууга көндүрөт (Башталыш 37:19—22).

Жамандыктан капары жок Жусуп алардын жанына басып барат. Ошондо бир туугандары ай-уйга келтирбей эле аны ур-токмокко алып киришет. Анан үстүндөгү чапанын сыйрып алып, какшып калган кудукка түртүп жиберишет. Эмне болгонун түшүнүп-түшүнбөй эле Жусуп кудуктун түбүнө талп этип түшүп калат. Бир убакта эсине келип, өйдө көздөй тырмышып, тырбалаңдай баштайт, бирок чыга албай, айласы алты кетет. Жогору карап бир көргөнү — көк асман, бир укканы — бир туугандарынын кыжы-кужу үндөрү. Үнү бүткөнчө кыйкырып, жалынып-жалбарат. Же тигилер аны угуп койсочу. Анан калса, эч нерсе болбогонсуп, жай отуруп тамактанып киришет. Рубейин бир жакка кеткенде, тигилер кайра эле  Жусупту өлтүрмөкчү болушат. Бирок Жүйүт аны тээ алыста чубап келаткан кербенчилерге сатып жиберүүнү сунуш кылат. Дотан Мисирге алпарган жолдун боюнда жайгашкандыктан, Ысмайыл менен Мидиандын тукумдарынын кербени ошол жол менен сапар тартып бараткан эле. Ошентип, Рубейин келгиче, Жусупка кулдун баасын бычып, 20 шекелге сатып жиберишет * (Башталыш 37:23—28; 42:21).

Бир туугандары жек көрсө да, Жусуп дайыма туура иш кылган

Эми кайрадан макаланын башындагы жагдайды элестетели. Мисирге кеткен узак жолдо кетип бараткан Жусуп баарынан айрылдым деп ойлогон. Улам бир кадам таштаган сайын атасы, бир туугандары, үйү артта кала берет. Рубейиндин кайтып келип, анын жок экенин көрүп сыздаганын, бир туугандарынын аны өлдү деп атасын алдап коюшканда, байкуш атасынын жүрөгүнөн кан сарыгып, күйүт тартканын билбей да калат. Чачын бубак баскан чоң атасы Ыскакты, бир боору Бенжеминди эми көрбөйм деп, жүрөгү сыгылып барат. Эми ал бир топ жыл бою үй-бүлөсүнөн эч кандай кабар албай жашайт. Бирок анын чынында эле эч нерсеси жок калды беле? (Башталыш 37:29—35).

Жок, анын жүрөгүндө бир туугандары эч качан жулуп ала албай турган бир нерсе — Кудайга болгон бекем ишеним — бар болчу. Ал Жахаба жөнүндө көп нерсени билген. Анын бекем ишенимин эч ким, эч нерсе тартып ала алмак эмес. Кулчулукка сатылып, бөтөн элге, бөтөн жерге баратса да, Потипар деген мисирлик бай кишиге кул болуп, басынтылса да ишенимин бекем сактаган (Башталыш 37:36). Кыйынчылыкка туш болгон сайын Жусуптун ишеними бекемделип, аны менен болгон мамилеси ого бетер ынак боло берген. Кийинки макалалардан Жусуптун бекем ишениминен улам кандайча Кудайдын да, кысталыш учурда үй-бүлөсүнүн да керегине жараганын билебиз. Келгиле, ишеними күчтүү Жусуптан үлгү ала берели!

^ абз. 15 Айрым окумуштуулардын айтымында, Жакыптын уулдары атасынын Жусупка өзгөчө кийим тиктирип бергенин ага туңгучтукту бергени жатат деп түшүнүп алышкан. Алар Жусуптун Жакыпка эң биринчи үйлөнүшү керек болгон сүйгөн аялы төрөп берген тун уулу экенин билишкен. Кийинчерээк Жакыптын тун уулу Рубейин атасынын күңү менен жатып, туңгучтугунан айрылып калган (Башталыш 35:22; 49:3, 4).

^ абз. 25 Ушундай майда-чүйдө нерседе да Ыйык Китептин так экенин көрүүгө болот. Ошол маалга тиешелүү кагаздардан Мисирде кулдардын баасы 20 шекел болгонун биле алабыз.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

«Кантип мен ушундай жаман ишке барайын?»

Потипардын аялынын азгырыгына Жусуп кантип туруштук берген?