Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Июль, 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКШЫ АДАМДАР ЖАМАНДЫККА

Кудай жамандыкты кантип жок кылат?

Кудай жамандыкты кантип жок кылат?

Ыйык Китепте Кудай менен анын Уулу Иса Машаяктын Шайтан Ибилистин айынан болуп жаткан азап-кайгынын баарын кантип жок кылары айтылат. Анда: «Кудайдын Уулу [Иса] Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн келген»,— деп жазылган (1 Жакан 3:8). Ач көздүккө, кастыкка жана жаман иштерге толгон дүйнө түзүлүшү кыйратылат. Иса Машаяк «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан Ибилисти кууп чыгарууну убада кылган (Жакан 12:31). Жакында Шайтандын таасири болбогон, адилдик өкүм сүргөн жаңы заман орнойт. Ошондо жер жүзүндө тынчтык өкүм сүрөт (2 Петир 3:13).

Ал эми жаман жолунан кайткысы келбегендер жана жаман иштерди кылганын токтотпогондор эмне болот? Ыйык Китепте: «Жерде чынчыл адамдар жашайт, айыпсыз кишилер калат. Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат, ишенимсиздер тукум курут болушат»,— деп жазылган сөздөргө көңүл бурсаңар (Накыл сөздөр 2:21, 22). Башкаларды жаман иш кылууга азгырып жаткан ыймансыздар жок болот. Тынчтык өкүм сүргөн дүйнөдө Кудайга баш ийген адамдар тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен акырындык менен арылышат (Римдиктер 6:17, 18; 8:21).

Жаңы заман орногондо, Кудай жамандыкты кантип түп тамыры менен жок кылат? Ал адамдарды чечим чыгаруу эркиндигинен ажыратып, роботтордой кылып койбойт. Кудай ага баш ийген адамдарга жаман ойлорунан арылганга жана жаман иштерин таштаганга жардам берип, аларды өзүнүн жолунда жүрүүгө үйрөтөт.

Кудай азап-кайгыны жок кылат

Ал эми кырсыктар жөнүндө эмне деп айтууга болот? Кудай жакында бүт жер жүзүн анын өкмөтү башкарарын убада кылып жатат. Ал өкмөттүн башчысы кылып Кудай Иса Машаякты дайындаган, ал ага оорулууларды айыктырууга күч берген (Матай 14:14). Иса Машаяк табият күчтөрүн да башкара алат (Марк 4:35—41). Демек, жаңы заманда эч ким «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылып» азап тартпайт деп жыйынтык чыгарсак болот (Насаатчы 9:11). Иса Машаяктын башкаруусунда адамзат табигый кырсыктардан жапа чекпейт (Накыл сөздөр 1:33).

Буга чейин кырсыкка кабылып каза тапкан миллиондогон кишилер эмне болот? Досу Лазарды тирилтерде Иса Машаяк: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деп айткан (Жакан 11:25). Ооба, ал өлгөндөрдү тирилте алат.

Силер да жакшы адамдар жамандыкка кабылбай турган ошондой заманда жашагыңар келеби? Эгер жашагыңар келсе, чыныгы Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө билиш үчүн Ыйык Китепти изилдеп көргүлө. Силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө Ыйык Китептен билим алгыңар келерин айтып кайрылсаңар, алар сөзсүз жардам берет. Же бул журналды басып чыгаргандарга жазсаңар болот.