Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮЛЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКШЫ АДАМДАР ЖАМАНДЫККА КАБЫЛЫШАТ?

Жамандыкка толгон дүйнө

Жамандыкка толгон дүйнө

Бангладештин Дакка шаарында жашаган 35 жаштагы Смита * жадырап-жайнап жүргөн, аябай мээримдүү, камкор, эмгекчил келин болчу. Көптөр аны Кудайга ишенген жана ал жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көргөн адам катары билишчү. Ал капысынан ооруга чалдыгып, бир жумага жетпей кайтыш болуп калганда, үй-бүлөсү кан жутуп кала берген, достору болсо ичи туз куйгандай ачышып жаман болушкан.

Нью-Йоркто жашаган 30 жаштардагы Жеймс менен анын жубайы да жакшы адамдар катары белгилүү болчу. Жылдын жаз мезгилинде алар АКШнын батышындагы досторунукуна кетип, ошол бойдон үйүнө кайткан эмес. Алар ал жактан каргашалуу жол кырсыгынан каза табышкан. Ошондо жакындарынын өзөгү өрттөнүп, чогуу иштегендери абдан кайгырган.

Учурда дүйнө жамандыкка, азап-кайгыга толгонуна баары күбө. Согуштар жоокерлердин да, карапайым элдин да өмүрүн алып кетүүдө. Кылмыштуулуктан, зомбулуктан бейкүнөө адамдар жапа чегүүдө. Кырсык менен оору карысынан да, жашынан да, колунда барынан да, жогунан да кыя өтпөй азап чектирүүдө. Табигый кырсыктар да эч кимди ылгабай тыптыйпыл кылууда. Бүт дүйнөдө бейкалыстык, адилетсиздик өкүм сүрүүдө. Балким, силер да ушундай нерселерден азап тарткандырсыңар.

Андыктан көптөрдө төмөнкүдөй суроолор туулат:

  • Жакшы адамдар эмнеге жамандыкка кабылат?

  • Жамандыкка Кудай күнөөлүүбү?

  • Кырсык-каргаша өзүнөн өзү болобу же адамдардын айынанбы?

  • Адамдардын азап тартышына Карма * себеппи?

  • Кудай кудуреттүү болсо, эмне үчүн жакшы кишилерди жамандыктан сактабайт?

  • Качандыр бир убакта жамандык, азап-кайгы жок болобу?

Бул суроолорго жооп алыш үчүн, адегенде «Дегеле жамандык эмне үчүн болот жана Кудай буга чара көрөбү?» деген маанилүү суроолордун жообун билип алышыңар керек.

^ абз. 3 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 10 Адамдын мурунку жашоосундагы иштери кийинки жашоосуна таасир этет деген түшүнүк.