Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Июнь, 2014

Түбөлүк жашата турган «нан»

Түбөлүк жашата турган «нан»

ВИФЛЕЕМ шаарын кыдырып жүргөн туристтердин өзөгү карарып, ошол жердин тамагын жеп көрмөкчү болушат. Аңгыча алардын бири фалафель жасаган ресторанды көрүп калат. Фалафель — кой буурчактын талканынан, помидордон, пияздан жана башка жашылчалардан жасалган тамак. Аны калама менен жешет. Фалафель жеп күчтөнүп алган соң туристтер андан ары саякатын улантышат.

Алар ошол күнү тээ байыртадан бери жасалып келаткан нандан даам татканын өздөрү да билбесе керек. «Нан үйү» дегенди билдирген Вифлеем шаарында ошондой нан миңдеген жылдардан бери бышырылып келет (Рут 1:22; 2:14). Калама бүгүнкү күндө Вифлеемде бышырылган түрдүү нандардын бири гана.

Мындан 4 000 жылдай мурун, Вифлеемдин түштүгүндөгү анча алыс эмес жерде Ыбрайым пайгамбардын байбичеси Саара күтүүсүздөн келген үч конокко нан жасап берген (Башталыш 18:6). Ал камырды «эң жакшы ундан», эммер буудайынын же арпанын унунан жууруса керек. Саара нанды тез эле бышыра койгон. Ал, сыягы, аны ысып турган таштардын үстүнө бышырган (1 Падышалар 19:6).

Ыйык Китепте жазылган бул билдирүүдөн Ыбрайым пайгамбардын үйүндөгүлөр нанды өздөрү бышырып жегенин билсе болот. Сааранын чоңоюп өскөн Ур шаарында нанды мешке бышырышчу. Бирок кийин алар көчүп-конуп жүргөндүктөн Саара менен анын кызматчылары нанды мешке бышырышкан эмес көрүнөт. Андан сырткары, алар унду кайсы жерге барса, ошол жердин эгининен жасашса керек. Бул оңой-олтоң иштерден эмес болчу. Анткени ан үчүн данды жаргылчакка тартышчу же сокуга салып, сокбилек менен күйшөшчү.

Ошол убактан төрт кылым өткөндөн кийин Кудай ысрайыл элине Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамында жаргылчакты күрөөгө алууга тыюу салган. Анткени ал тиричиликте эң керектүү буюм болчу (Мыйзам 24:6). Кудай ансыз үй-бүлөнүн наны жок каларын билген. Ошон үчүн жаргылчакты абдан керектүү деп эсептеген ( «Ун тартып, нан бышыруу» деген кутучаны карагыла).

КУБАТ БЕРГЕН НАН

Ыйык Китепте нан жөнүндө 300дөн ашуун жолу айтылат. Ыйык Китепти жазгандар аны көп учурда «тамак» деген сөздүн синоними катары колдонушкан. Алсак, Иса пайгамбар Кудайга кызмат кылгандар Кудайдан: «Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр»,— деп тилениши керектигин айткан (Матай 6:11). Бул аяттагы «нан» деген сөздү тамак-аш деп түшүнүүгө болот. Иса пайгамбар Кудайдын күнүмдүк ырыскы-насибибизди берерине ишенсек болорун айткысы келген (Забур 37:25).

Бирок адам үчүн кадимки нандан же тамак-аштан да маанилүү нерсе бар. Иса пайгамбар: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Матай 4:4). Бул сөздөрдү ал ысрайыл элинин тарыхындагы бир учурга байланыштырып айткан. Ал учурда алардын жашоосу толугу менен Кудай берген ырыскыдан көз каранды болчу. Анда ысрайыл эли Мисирден жаңы эле чыккан. Синайдагы чөлгө жеткенине бир айдай болгондо алардын тамак-ашы түгөнө баштаган. Ошол ээн талаа, эрме чөлдө ачкадан өлөбүз деп корккондуктан алар «Мисир жеринде нанды тоё жешкенин» айтып наалышкан (Чыгуу 16:1—3).

Мисирдин наны чын эле даамдуу болсо керек. Муса пайгамбардын күндөрүндө Мисирдин наабайчылары нан-токочтордун түр-түрүн жасашчу. Жахаба Кудай ошол учурда өзүнүн элин нансыз калтырмак эмес. Ал аларга: «Мен силерге  асмандан нан жаадырам»,— деп убада берген. Чын эле, асмандан эртең менен эрте «нан жааган». Ал көрүнүшү шүүдүрүмгө, кыроого окшогон майда-майда дан сыяктуу нерсе болчу. Ысрайылдыктар аны биринчи жолу көргөндө: «Бул эмне?» — деп таң калышкан. Ошондо Муса пайгамбар: «Бул — Жахаба силерге берген нан»,— деген. Эл аны «манна» * деп атап койгон. Алар аны 40 жыл жешкен (Чыгуу 16:4, 13—15).

Керемет жолу менен берилген маннага ысрайылдыктар башында абдан сүйүнүшкөн. Анын даамы «бал кошулган нандыкындай» эле. Ошондой эле ал баарына кенен жетчү (Чыгуу 16:18). Бирок убакыттын өтүшү менен эл Мисирдин түркүн тамагын самай баштаган. Алар: «Жегенге маннадан башка эч нерсе жок»,— деп наалышкан (Сандар 11:6). Кийинчерээк болсо: «Көңүл айныткан бул нанды көрөйүн деген көзүбүз жок»,— деп чыгышкан (Сандар 21:5). Ошентип, ысрайылдыктар асмандан түшкөн ал нанды, акыры, көргүсү келбей калышкан (Забур 105:40).

ӨМҮР НАНЫ

Адам, башка көптөгөн нерселердей эле, нанды да кадимки нерседей көрүп калышы мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте биз аябай жогору баалашыбыз керек болгон нандын өзгөчө бир түрү жөнүндө айтылат. Иса пайгамбар ысрайылдыктар жийиркенип, баалабай койгон маннага салыштырган ал нан адамга түбөлүккө пайда алып келет.

Иса Машаяк ал жөнүндө: «Мен өмүр нанымын. Ата-бабаларыңар чөлдө манна жегени менен, баары бир өлүшкөн. Ал эми асмандан келген нанды жеген адам өлбөйт. Мен асмандан келген тирүү нанмын. Ким бул нандан жесе, түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан — адамзаттын өмүрү үчүн бериле турган денем»,— деп айткан (Жакан 6:48—51).

Аны угуп отурган элдин көбү «нан» менен «дене» деген сөздөрдүн каймана мааниде айтылып  жатканын түшүнгөн эмес. Бирок бул эң ылайыктуу салыштыруу болгон. Анткени 40 жыл чөл кезип жүргөн ысрайылдыктар күнүгө манна менен азыктангандай эле, Иса пайгамбардын күндөрүндөгү ысрайылдыктар да күнүгө нан жешчү. Манна Кудай берген ырыскы болгон, бирок аны жегендер түбөлүк жашаган эмес. Ал эми Иса Машаяктын курмандыгы ага ишенгендерге түбөлүк өмүргө жол ачууда. Ошондуктан аны, чынында эле, «өмүр наны» деп айтууга болот.

Балким, силер да курсагыңар ачканда нан жеп өзөк жалгап алаттырсыңар. Ошондой эле күнүмдүк наныңарды берип жатканына Кудайга дайыма ыраазычылык билдирет чыгарсыңар (Матай 6:11). Бирок күнүмдүк ырыскыга ыраазы болгондон тышкары, «өмүр нанынын» баалуулугун, тактап айтканда, Иса Машаяктын ролунун маанилүүлүгүн унутпаганыбыз абзел.

Муса пайгамбардын күндөрүндөгү жакшылыкты билбеген ысрайылдыктардан айырмаланып, ушундай баа жеткис нанды кадимки нерседей көрбөй турганыбызды кантип билдирсек болот? Иса пайгамбар: «Эгерде мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткарасыңар»,— деп айткан (Жакан 14:15). Демек, анын осуяттарын аткарышыбыз керек. Ошондо күч-кубат берген кадимки нанды да түбөлүк жейбиз (Мыйзам 12:7).

^ абз. 10 «Манна» деген сөз еврейче «Бул эмне?» дегенди билдирген ман ху? деген сөздөн келип чыккан.