Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮНЬ 2014

Чындыкты издегендердин тапкан кенчи

Чындыкты издегендердин тапкан кенчи

«ЧЫНДЫК деген эмне?» 1-кылымда Жүйүт аймагындагы Рим башкаруучусу Понтий Пилат айыпталып жаткан Иса Машаякка ушул суроону берген (Жакан 18:38). Бирок ал чындык деген эмне экенин билгиси келгендиктен эмес, Исаны какшыктагысы келгендиктен эле ушинтип сураган. Кыязы, Пилат чындык деп адам өзү ишенгиси келген нерсени же ага туура деп окутуп-үйрөтүп келишкен нерсени эсептесе керек; ал чындыкты так аныктоо мүмкүн эмес деп ойлогон көрүнөт. Бүгүнкү күндө да көптөр ушундай ойдо.

16-кылымда Европада чиркөөгө барып жүргөндөр эмне чындык экенин билбей эки анжы болушкан. Анткени Европаны каптап келе жаткан реформаторлордун башкача ой толгоосу Рим папасын ыйык тутуп, чиркөө окууларына бекем ишенип келгендердин башын маң кылган. Алар кимисине ишениши керек эле? Кимдики туура экенин кантип билишмек?

Ошол доордо чындыкты билүүгө ынтызар болгондордун арасында тарыхта из калтырган үч киши жашаган *. Эмне чындык, эмне жалган экенин аныкташ үчүн алар кандай иш-аракет кылышкан? Кандай жыйынтыкка келишкен? Анда, келгиле, ушуга токтололу.

«ЫЙЫК КИТЕП... ТУУ ТУТУЛУШУ КЕРЕК»

Вольфганг Капитон медицинаны, укукту, теологияны изилдеген, динге бекем ишенген киши болгон. Ал 1512-жылы чиркөө кызматкери болуп, кийинчерээк Майнц шаарында архиепископтун кол алдында кызмат кылган.

Башында ал католик окууларын катуу сындаган реформаторлорду жоошутууга аракеттенген. Бирок көп өтпөй эле өзү алардын көз карашын жактай баштаган. Тарыхчы Жеймс Киттельсен жазгандай, Капитон католик окууларына каршы келген ой-пикиринин «тууралыгын далилдөөнүн эң мыкты жолу жалгыз гана Ыйык Китеп экенине» бекем ишенген. Ал транссубстанциация (Месса деп аталган ибадат кылуу жөрөлгөсү учурунда шарап менен нан кереметтүү түрдө Исанын денеси менен канына айланат деген окуу), ыйыктарга сыйынуу Ыйык Китепке негизделбейт деген жыйынтыкка келген. ( «Чын-төгүнүн текшерип көргүлө» деген кутучаны карагыла.) Ошондуктан 1523-жылы архиепископтун кол алдындагы кызматынан баш тартып, ошол кезде диний реформациянын ордосу болгон Страсбург шаарына көчүп кеткен.

Капитондун Страсбургдагы үйү чиркөөдөн бөлүнүп чыккандар чогулуп, динге байланыштуу суроолорду жана Ыйык Китептеги окууларды талкуулай турган жайга айланган. Реформаторлордун айрымдары Үчилтик окуусун жактаганына  карабай, «Радикалдуу Реформация» деген китепке ылайык, Капитон эмгектеринде Үчилтик окуусу тууралуу эч нерсе жазган эмес. Эмне үчүн? Ага испаниялык теолог Мигель Серветтин Үчилтик окуусунун туура эместигин Ыйык Китептеги аяттар менен далилдегени аябай таасир эткен *.

Үчилтик окуусунан баш тартуу абдан кооптуу болгондуктан, Капитон ой-пикирин ачык айтуудан сактанган. Бирок анын эмгектеринен Мигель Серветке жолукканга чейин эле Үчилтик окуусунун тууралыгынан шек санаганы көрүнүп турат. Кийин бир католик дин кызматчысы Капитон менен анын таламдаштарынын «диний терең сырларды жашыруун талкуулап жүрүшкөнүн; [жана] эң ыйык деп эсептелген Үчилтик окуусун четке кагышканын» жазган. Ошондон бир кылым өткөндөн кийин Капитон Үчилтик окуусуна каршы чыккан көрүнүктүү жазуучулардын аттары жазылган тизмеде биринчи болуп саналган.

Вольфганг Капитон чиркөөнүн «Ыйык Китепке маани бербегенин» эң чоң мүчүлүштүк деп эсептеген

Капитон чындыкты Ыйык Китептен издеш керектигине бекем ишенген. Ал: «Теологияда Ыйык Китеп менен Машаяктын мыйзамы дайыма туу тутулушу керек»,— деген. Жеймс Киттельсендин сөзүнө ылайык, Капитон «окумуштуу-теологдордун Ыйык Китепке маани бербегени эң чоң мүчүлүштүгү экенин көп жолу баса белгилеген».

1526-жылы анын үйүндө Мартин Целлариус (Мартин Борхаус деп да белгилүү) деген жигит жашап калган. Ал да Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө ынтызар болгон.

«ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫП-БИЛҮҮ»

Мартин Целлариустун чиркөө окууларын Ыйык Китепке салыштырган китеби («On the Works of God»)

Мартин Целлариус 1499-жылы туулган. Ал теологияны, философияны казып изилдеген жана Германиядагы Виттенберг шаарында мугалим болуп иштеген. Виттенберг Реформациянын мекени болгондуктан, көп өтпөй Целлариус чиркөө окууларына өзгөртүү киргизүүнү каалагандар менен, анын ичинде Мартин Лютер менен таанышып калган. Ал адамдар чыгарган окуулар менен Ыйык Китептеги окуулардын айырмасын кантип билген?

Бир китепке ылайык, Целлариус «Ыйык Китепти аны талыкпай изилдөөнүн, аяттарды бири-бири менен салыштыруунун жана күнөөлүү экенибизди моюнга алып, Кудайдан жардам сурап тиленүүнүн» аркасында гана туура түшүнүү мүмкүн экенине ишенген («Teaching the Reformation»). Ал аны изилдеп, кандай жыйынтыкка келген?

Анын кандай жыйынтык чыгарганы 1527-жылы июлда чыккан китебинде баяндалган («On the Works of God»). Алсак, ал, чиркөө окуткандай, шарап менен нан Исанын денеси менен канына айланбай турганын жазган. Ошондой эле профессор Робин Барнс билдиргендей, Целлариус өзүнүн китебинде Ыйык Китептеги пайгамбарлардын алдын ала айткандарын түшүндүрүп, дүйнөлүк алааматтан соң баары калыбына келип, эң сонун заман орноорун айткан (2 Петир 3:10—13).

Анын Исага байланыштуу айтканы өзгөчө көңүл бурарлык. Ал Үчилтик окуусуна түздөн-түз каршы чыкпаса да, «Асмандагы Атабыз» башка, «Уулу Иса Машаяк» башка экенин, ошондой эле Иса кудурети күчтүү Кудайдын уулдарынын жана көптөгөн кудайлардын бири экенин жазган (Жакан 10:34, 35).

Роберт Уоллес бир китебинде Целлариустун эмгектеринде анын 16-кылымда туура деп эсептелген Үчилтик окуусун колдогонун билдирген маалымат жок экени айтылган («Antitrinitarian Biography», 1850) *. Ошондуктан айрымдар ал Үчилтик окуусун четке какса керек деген жыйынтыкка  келишкен. Целлариус чыныгы Кудай өзү жана Машаяк жөнүндөгү билимди таратуу үчүн колдонгон кишилердин бири катары сүрөттөлгөн.

КАЛЫБЫНА КЕЛЕТ ДЕГЕН ҮМҮТ

1527-жылдары Виттенберг шаарына ошол учурда чыгаан окумуштуулардын бири теолог Йоханнес Кампанус көчүп барган. Диний реформациянын чордонунда жүрсө да, ал Мартин Лютер окууларын туура эмес эсептеген. Эмне үчүн?

Кампанус транссубстанциацияга да, консубстанциацияга да каршы чыккан *. Андрэ Сегенинин жазганына ылайык, Кампанус «нан башка нерсеге айланбай турганына, ал тек гана Машаяктын денесинин символу экенине ишенген». 1529-жылы Марбургдагы коллоквиумда, ушул суроолорду талкуулоо үчүн өткөрүлгөн жолугушууда, Кампануска Ыйык Китептен билгендерин айтууга уруксат берилген эмес. Ошондон кийин Виттенбергдеги реформаторлор андан оолактап калышкан.

Йоханнес Кампанус «Калыбына келүү» деген китебинде Үчилтик окуусунун туура эместигин жазган

Аларга Кампанустун, өзгөчө, Атага, Уулга жана ыйык рухка байланыштуу айткандары жаккан эмес. 1532-жылы чыккан «Калыбына келүү» деген китебинде Кампанус Иса менен анын Атасы эки башка экенин баса белгилеген. Ошондой эле Ата менен Уулдун кандай мааниде «бир экенин» түшүндүрүү үчүн жубайларды мисал келтирип, алар «бир дене» деп айтылса да, экөө эки башка инсан экенин айткан (Жакан 10:30; Матай 19:5). Андан сырткары, Ыйык Китептеги: «Аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай»,— деген аят да Атасы Уулунан жогору экенин көрсөтүп турарын айтып өткөн (1 Корунттуктар 11:3).

Ал эми ыйык рухка байланыштуу ал Ыйык Китептин эч бир жеринде анын Үчилтиктин бир бөлүгү экени айтылбай турганын жазган. Кампанус ыйык рух Кудай бардыгын жаратыш үчүн колдонгон иш-аракеттеги күч экенин түшүнгөн (Башталыш 1:2).

Лютер Кампанусту Кудайга акарат кылган киши, Кудайдын Уулунун душманы деп атаган. Дагы бир реформатор анын өлүм жазасына тартылышы керектигин айткан. Бирок Кампанус артка чегинген эмес. Бир китепке ылайык, Кампанус Үчилтикке жана «аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай» дегенге карата элчилердин көз карашы жана Ыйык Китепке негизделген түшүнүк таптакыр башкача болгон деп ишенген. Ал чиркөөнүн жаңылганына туура түшүнүктүн жоголуп кетиши себеп болгон деген көз карашта болгон («The Radical Reformation»).

Кампанус эч качан жаңы диний топту негиздөөнү көздөгөн эмес. Ал чындыкты «ар кандай секталардын жана еретиктердин арасынан» издеген. Бирок бул аракети майнапсыз болгонун кийин моюнга алган. Ал бурмаланып кеткен окууларды калыбына келтирүүгө жумшалган аракеттердин аркасында католик чиркөөсү Исанын окууларына кайрадан кармана баштайт деп үмүттөнгөн. Бирок католик чиркөөсүнүн аттуу-баштуулары аны каматып салышкан. Ошентип, ал 20 жылдан ашуун түрмөдө отурган. Тарыхчылар аны 1575-жылдары каза болгон дешет.

 «БАРДЫГЫН ТЕКШЕРИП КӨРГҮЛӨ»

Капитон, Целлариус, Кампанус жана башка көптөгөн адамдар Ыйык Китепти кылдат изилдөөнүн аркасында чындыкты жалгандан айырмалай алышкан. Чындыкты билгиси келген бул кишилердин чыгарган жыйынтыктарынын баары эле Ыйык Китепке дал келбесе да, алар Ыйык Китепти чын ыкластан изилдешкен жана тапкан кенчин абдан баалашкан.

Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Бардыгын текшерип көргүлө, жакшысына бек кармангыла»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 5:21). Силер да чындыкты билишиңер үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти окуп көрсөңөр болот. Ал бекер берилет. Аны алыш үчүн журналдын 16-бетиндеги купонду толтуруп салып жибергиле же jw.org/ky сайтына киргиле.

^ абз. 4 «Күзөт мунарасы» журналынын 2012-жылдын 15-январындагы санын карагыла (7, 8-б., 14—17-абз.).

^ абз. 8 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2006-жылдын май айындагы санына чыккан «Мигель Сервет — чындыкты издеген киши» деген макаланы карагыла (ор.).

^ абз. 17 Бул китепте Целлариус Машаякка карата колдонгон «кудай» деген сөзгө байланыштуу: «Бул жерде Эң Жогорку Кудайга гана карата колдонулган Deus деген сөз эмес, deus деген сөз колдонулат»,— деп жазылган.

^ абз. 20 Консубстанциация — Лютердин Мырзанын кечки тамагы учурунда нан жана шарап Машаяктын денеси менен «биригет» деген окуусу.