Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮНЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТАМЕКИГЕ КАРАТА КУДАЙДЫН КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ?

Дүйнөлүк эпидемия

Дүйнөлүк эпидемия

Тамеки — таш боор жан алгыч.

  • Акыркы кылымда ал 100 000 000 кишини өлтүргөн,

  • жыл сайын 6 000 000 кишинин,

  • 6 секунд сайын, орто эсеп менен, 1 кишинин өмүрүн кыюуда.

Ошентсе да тамеки чеккендердин санынын азая турган түрү жок.

Изилдөөлөргө ылайык, жагдай өзгөрбөсө, 2030-жылга чейин бир жылдын ичинде тамекиден өлгөндөрдүн саны 8 000 000дон ашат деп күтүлүүдө. Ал эми 21-кылымдын аягында каза тапкандардын саны 10 00 00 0000га жетет деген божомол бар.

Тамекиден аны тарткандар гана жапа чекпейт. Тамеки чеккендердин үй-бүлө мүчөлөрү да эмоциялык, финансылык жактан жабыр тартат. Ошондой эле тамеки чекпеген 600 000 киши жыл сайын анын түтүнүнө уулангандыктан каза табат. Андан сырткары, баарына дарыланууга көбүрөөк каражат жумшоого туура келет.

Башка эпидемиялардан айырмасы, бул эпидемиянын дабасын издөөнүн кереги жок. Анын дабасы баарына маалым. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Маргарет Чен бул туурасында: «Тамеки тартуу эпидемиясын адамдар өздөрү жаратып алган. Аны өкмөттүн жана коомдун аракети менен токтотсо болот»,— деп айткан.

Көптөгөн өлкөлөр бул эпидемия менен күрөшүү чакырыгын кош колдоп колдогон. Алсак, 2012-жылдын августунда 175тей өлкө тамеки чегүүнү азайтууга чара көрүүгө макул болгон *. Анткен менен бул дартты күчөткөн факторлор дагы деле жоюлган жок. Маселен, тамеки өнөр жайлары өздөрүнө жаңы кардарларды, өзгөчө, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү аялдар менен жаштарды тартыш үчүн жарнамага жыл сайын миллиарддаган долларларды жумшашат. Мындан тышкары, тамеки көз карандылыкты пайда кыла турган өзгөчөлүккө ээ. Ошондуктан анын тузагына түшүп калган 1 000 000 000дай кишинин кыйналары бышык. Эгер алар ал адатын таштабаса, кийинки кырк жылдын ичинде тамекинин айынан өлгөндөрдүн саны кескин түрдө жогорулайт.

Тамекини жарнамалоо жана анын көз карандылыкты пайда кыла турган өзгөчөлүгү көптөрдү тузакка түшүрүп, чыгарбай келет. Андан бошонуп чыгууну самагандар да аз эмес. Алсак, Наоко деген аял өспүрүм кезинен эле тамеки чеге баштаган. Ал ушундай тузакка телеберүүлөр, кинолор жана жарнамалардын таасирине алдырып илинип калган. Атасы да, энеси да өпкө рагынан каза болгонуна, эки кызын чоңойтуп жатканына карабай, Наоко тамекини таштаган эмес. Ал мындай дейт: «Өпкө рагына чалдыгып калышым мүмкүн экенин, кыздарымдын да ден соолугуна зыяны тийиши мүмкүн экенин ойлоп кабатыр боло берчүмүн. Бирок тамекини таштай албай жүрдүм, эч качан таштай албайм го деп ойлочумун».

Ошентсе да Наоко тамекисин таштай алган. Ага миллиондогондорго жардам берген нерсе түрткү болгон. Бул тууралуу кийинки макалада айтылат.

^ абз. 11 Буга тамекинин зыяны жөнүндө маалымдоо ишин жүргүзүү, тамеки өндүргөндөрдүн соодасын чектөө, тамеки салыгын көбөйтүү жана тамекини таштоого жардам бере турган программаларды ишке киргизүү кирет.