Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮНЬ 2014

Ата-бабаларыбызды кайрадан көрөбүзбү?

Ата-бабаларыбызды кайрадан көрөбүзбү?

КОРЕЯДАГЫ күн сайын чыккан «Чосон ильбо» деген гезитке бир нече жыл мурун «Иса жөнүндө эч нерсе билбеген Шим Чоң тозокко түштү беле?» деген аталыштагы макала чыккан.

Бул сөздөр көптөрдүн бүйүрүн кызыткан, анткени корей эл жомогунда айтылган Шим Чоң — көптөрдүн сүймөнчүгү. Жомокто Шим Чоңдун сокур болуп калган атасынын көзү көрүшү үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалганы айтылат. Ошондуктан нечендеген жылдардан бери корей эли аны ардактап, даңктап келет. Аны ата-энени сүйүү жагынан эң сонун үлгү калтырган деп эсептешет.

Иса Машаяктын чөмүлгөн жолдоочусу болбогону үчүн Шим Чоң тозокко түшүшү мүмкүн деп айтуу көптөргө адилетсиздиктей сезилип, катуу тийиши этимал. Анын үстүнө, ал жомок Шим Чоң жашаган деп айтылган айылда Иса Машаяк жөнүндөгү кабар таратылгандан көп жыл мурун эле айтыла баштаган.

Ал макалада чиркөө кызматкери менен курулган маек да жазылган. Чиркөө кызматкеринен Иса Машаяк жөнүндө билгенге мүмкүнчүлүгү болбой көзү өтүп кеткендердин баары тозокко түшөбү деп сурашканда, ал: «Аны билбейбиз. Болгону, Кудай [андай адамдарды] эмне кылышты өзү билет болуш керек деп ойлойбуз»,— деп жооп берген.

КУТКАРЫЛЫШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?

«Жаңы католик энциклопедиясында»: «Куткарылуу үчүн чөмүлүү зарыл. Иса Машаяк өзү да кимде-ким суудан жана Ыйык рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышалыгына кирбей турганын айткан (Жн 3:5)»,— деп жазылган. Ушундан улам да көптөр чөмүлбөгөндөр тозокко түшүшөт же аларды дагы башкача жол менен кыйнашат дегенге ишенишет.

Бирок андайга ишенүү акылсыздык деп эсептегендер да бар. Анткени нечендегендер Ыйык Китеп жөнүндө эч нерсе билбей көзү өтүп кеткен. Алар түбөлүккө кыйналышы керекпи? Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне деп айтылат?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китептен Кудай анын талаптары жөнүндө эч нерсе билбей жүрүп өтүп кеткендерди алардын жагдайын эске албай эле жазалай бербей турганын билүүгө болот. Анда: «Кудай белгилүү бир мезгилдер аралыгында ушундай караңгылыкка көңүл бурган эмес»,— деп жазылган (Элчилер 17:30). Кудайды таанып-билгенге мүмкүнчүлүгү болбой көз жумгандарга байланыштуу Ыйык Китепте кандайдыр бир жубатарлык кабар барбы?

Иса Машаяктын: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?

Келгиле, бул суроого жооп алыш үчүн устунга кадалып турганда Иса Машаяктын жанындагы устунга кадалып турган кишиге эмне дегенине көңүл буралы. Ал киши ага: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деген. Ошондо Иса Машаяк ага: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген (Лука 23:39—43).

Иса пайгамбар анын асманда жашаарын айтты беле? Жок. Себеби Кудайдын асмандагы Падышалыгына кириш үчүн адам каймана мааниде суудан жана рухтан «кайра төрөлүшү» керек. Ал киши болсо суудан жана рухтан «төрөлгөн» эмес болчу (Жакан 3:3—6). Иса Машаяк анын «Бейиште» жашаарын айткан. Ал киши жүйүт болгондуктан Ыйык Жазмада айтылган Бейиштин — Эйден багынын — жерде болгонун жакшы билген болуш керек (Башталыш 2:8). Ошондуктан Иса ошентип убада бергенден кийин, ал кишиде жер кайрадан бейишке айланганда тирилем деген үмүт пайда болсо керек.

Чынында эле, Ыйык Китепте «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылат (Элчилер 24:15). «Адил эместерге» Кудайдын осуяттарын билбей калгандыктан аткарбагандар кирет. Келечекте Иса Машаяк аны менен сүйлөшкөн устунга кадалган кылмышкерди да, Кудай жөнүндө билбей каза болгон миллиондогон, балким, миллиарддаган башка кишилерди да тирилтет. Аларда Бейиште Кудайдын талаптарын билүүгө жана анын мыйзамдарын аткарып, аны сүйөрүн далилдөөгө мүмкүнчүлүк болот.

 «АДИЛ ЭМЕСТЕР» ТИРИЛГЕНДЕ ЭМНЕ БОЛОТ?

«Адил эместер» тирилгенде соттолушат. Бирок алар мурунку күнөөлөрүнүн негизинде соттолобу? Жок. Ыйык Китепте: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат»,— деп жазылган (Римдиктер 6:7). «Адил эместер» өлгөндө күнөөлөрү үчүн жазасын алышкан. Демек, алар өлгөнгө чейинки кылган иштеринин негизинде эмес, тирилгенден кийин кылгандарынын негизинде соттолушат десек болот.

«Адил эместер» тирилгенден кийин каймана маанидеги түрмөктөрдө жазылгандарды, тактап айтканда, Кудайдын мыйзамдарын окуп-биле алышат. Алар ошондон кийин кыла турган «иштерине жараша», башкача айтканда, Кудайга баш иер-ийбесине жараша соттолушат (Аян 20:12, 13). «Адил эместерге» Кудайдын эркин билүүнүн жана аткаруунун аркасында түбөлүк өмүр алууга жол ачылат. Андай мүмкүнчүлүк алардын көбүнө биринчи жолу берилген болот.

Динден көңүлү калган көптөгөн адамдар ушул тууралуу билгенден кийин кайрадан Кудайга ишене башташкан. Алардын бири — Яң Суг. Ал кичинесинен эле католик динине бекем карманчу. Анын үй-бүлөсүндө дин кызматкерлер болгон. Кечил болгусу келгендиктен Яң Суг кечилдер үйүндө жашай баштаган. Бирок ал жакта кандай жаман иштер кылынарын көргөндөн кийин иренжип, кетип калган. Баарынан да ага тозокко ишенүү кыйын болчу, анткени адамдарды тозок отунда куйкалоону адилетсиздик жана жеткен мыкаачылык деп эсептечү.

Бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн бири ага Ыйык Китептеги: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт. Аларга эми тиешеси берилбейт, анткени алар эскерилбей калышат»,— деген сөздөрдү окуп берген (Насаатчы 9:5). Ал ошондой эле Яң Сугдун ата-бабалары тозокто кыйналып жатпаганын, алар тек гана өлүм уйкусунда жатканын жана убагы келгенде тирилерин айткан.

Көптөрдүн Ыйык Китепте жазылгандарды эч качан укпаганын билгендиктен, Иса Машаяктын: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген сөздөрү Яң Сугдун жүрөгүн козгогон (Матай 24:14). Ошо себептен ал азыр Ыйык Китептеги үмүт берерлик ушу жакшы кабарды башкаларга айтууда.

КУДАЙ ҮЧҮН БАРДЫК АДАМДАР БИРДЕЙ

Ыйык Китепте Кудайдын адамдарды бөлбөй турганы жана «андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагары» айтылат (Элчилер 10:34, 35). «Адилдик менен акыйкаттыкты сүйгөн» Кудайдан так ушундай адилеттүүлүктү күтсөк болот (Забур 33:5).