Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАЙ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА:

Келечек кандай болорун ким билет?

Келечек кандай болорун ким билет?

Баарыбыз эле келечегибиз жөнүндө ойлонобуз. Өзүбүздүн да жашообуз, жакындарыбыздын да жашоосу кандай болорун билгибиз келет. Бизди: «Балдарымдын келечеги кандай болот? Жер жок болуп кетпейби? Келечегим жакшы болушу үчүн азыр эмне кылсам болот?» — деген сыяктуу суроолор түйшөлтөт. Бул таң калыштуу эмес. Анткени биз табиятыбыздан эле кимдир бирөөнүн жубатышына муктажбыз, ошондой эле келечекке ишенимдүү кадам таштагыбыз келет жана жашообуздун иреттүү, бир калыпта өтүшүн каалайбыз. Ошондуктан алдын ала кам көрүп, бардык жагынан даяр болуш үчүн келечекте эмнелер болорун билгибиз келет.

Силердин келечегиңер кандай болот деп ойлойсуңар? Аны кимдир бирөө билиши мүмкүнбү? Келечекте эмне болорун билгенге аракет кылган адистердин айткандарынын айрымдары аткарылса да, көбү аткарылган эмес. Ал эми Кудай келечекте эмне болорун жакшы билет. Ал: «Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам, боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем»,— деген (Ышая 46:10). Анын сөздөрү аткарылды беле?

КУДАЙДЫН АЙТКАНДАРЫ АТКАРЫЛГАН

Кудайдын байыркы убакта айткандарынын аткарылганына эмне үчүн көңүл бурганыбыз абзел? Мисалы, бир синоптик аба ырайынын кандай болорун дайыма туура айтса, анын айткандарына көңүл бурмакпыз. Анын сыңарындай, Кудайдын сөздөрү дайыма аткарылып келгенин билсек, келечегибиз кандай болору жөнүндө анын айткандарына маани беребиз.

Урандыга айланган байыркы Нинеби шаарындагы кайра тургузулган дубал

УЛУУ ШААРДЫН ТАЛКАЛАНЫШЫ.

Мисалы, кимдир бирөө кылымдардан бери солк этпей турган чоң шаардын талкаланарын алдын ала айтып, анын сөздөрү аткарылса, абдан таң калмакпыз. Кудай бир пайгамбары аркылуу ошондой бир шаардын — Нинебинин (Ниневия) — талкаланарын айткан (Сепания 2:13—15). Бул тууралуу тарыхта эмне деп жазылган? Бул сөздөр айтылгандан, кыязы,  15 жылдай өткөндөн кийин, б.з.ч. 7-кылымда бабылдыктар (вавилондуктар) менен мадайлыктар (мидиялыктар) Нинебиге чабуул коюп, басып алышкан. Кудай ошондой эле ал шаардын «ээн талаага, чөл сыяктуу какшыган жерге айланарын» айткан. Чынында эле ошондой болду беле? Ооба. Нинеби чет жакасы менен бирге 518 кв/км аймакты ээлеген чоң шаар болсо да, басып алгандар аны талкалап, күлүн көккө сапырышкан. Кайсы саясий серепчи ушундай окуя болорун алдын ала айта алат эле?

ИМПЕРИЯНЫН БӨЛҮНҮШҮ.

Улуу державаны кимдир бирөө кулатарын, бирок кийинчерээк анын империясынын төрткө бөлүнөрүн алдын ала айтууга ким батынат эле? Эгер айтканы аткарылса, ал кишинин атагы чыкмак. Даниел пайгамбар гректердин кыска убакыттын ичинде эле Мадай-Персияны басып аларын, ошондой эле Грециянын жеңилбес падышасы «күчүнө киргенде» «мүйүзү сынарын», башкача айтканда, империясы кулаарын жана анын ордуна «төрт падышалык чыгарын», «бирок алар күч жагынан ага тең келе албай турганын» жазган (Даниел 8:5—8, 20—22). Ошондон 200 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин, Искендер Зулкарнайн Грециянын падышасы болот. Кудай алдын ала айткандай, Искендер он жылга жетпеген убакыт аралыгында Мадай-Персияны басып алат да, Инд дарыясына (азыркы Пакистанда) чейинки жерлердин баарына ээлик кыла баштайт. Бирок күтүлбөгөн жерден 32 жашында дүйнө салат да, Греция империясын анын төрт аскер башчысы бөлүп алат. Ушу сыяктуу нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин Кудайдан башка ким айта алат эле?

Пайгамбарлар Бабыл шаарынын талкаланарын майда-чүйдөсүнө чейин айтышкан

ИМПЕРИЯНЫН КУЛАШЫ.

Эгерде кимдир бирөө аябагандай күчтүү империяны ким кулатарын, анын адаттагыдан башкача согуш ыкмасын колдонорун, атүгүл ал киши төрөлө электе эле аты ким болорун айтса жана анын айткандары аткарылса, аябай таң калмакпыз. Кудайдын айтканына ылайык, Кореш (Кир) деген киши күчтүү бир элди басып алмак. Ошондой эле ал ошол жакта туткунда жүргөн жүйүттөрдү эркиндикке чыгарып, ыйык ибадатканасын кайра курууга колдоо көрсөтмөк. Андан сырткары, ал дарыяларды какшытып коймок жана шаардын дарбазалары ачык калмак. Ошонун  аркасында ал оңой эле жеңишке жетмек (Ышая 44:27—45:2). Кудайдын айткандары майда-чүйдөсүнө чейин аткарылды беле? Тарыхчылар Бабыл (Вавилон) шаарын чынында эле Кореш басып алганына кошулушат. Анын аскери шаарды коргоп турган дарыялардын биринин нугун башка жакка буруп койгондуктан, суу соолуп калган. Андан да кызыктуусу, алар шаарга анын ачык калган дарбазасы аркылуу кирип барышкан. Ошондон кийин Кореш жүйүт элин бошотуп, Иерусалимдеги ибадатканасын кайра курууга буйрук берген. Кореш жүйүттөрдүн Кудайына сыйынбагандыктан анын ошенткени таң калыштуу болгон (Эзра 1:1—3). Ошондой тарыхый окуялардын болорун майда-баратына чейин алдын ала ким айта алмак?

Биз азыр Кудайдын айткандары сөзсүз аткарыларын далилдеген үч эле мисалга токтолдук. Жүйүт элин баштап жүргөн Жашыя элге кайрылганда сөзүн: «Силер Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер. Алардын баары аткарылды, бири да аткарылбай калган жок»,— деп баштаган (Жашыя 23:1, 2, 14). Эл анын сөзүндө калет жок экенин билген жана Кудайдын айткандары, убадалары дайыма аткарылып келгенин четке кага алган эмес. Кудай айткандарын кантип аткарат? Аны менен адамдардын ортосундагы айырма асман менен жердей. Муну билгениңер абдан маанилүү, анткени Кудайдын келечекте эмне болоруна байланыштуу айткандары силердин жашооңорго да таасир этет.

АДАМДАР МЕНЕН КУДАЙДЫН АЙЫРМАСЫ

Келечекти айткандар сөзүн, адатта, илимий изилдөөлөргө, колдо бар фактыларга жана окуялардын багытын талдоонун жыйынтыгына негиздешет, же келечекти табияттан тыш күчтүн таасири менен билип жатканын айтышат. Алардын бир нерсени алдын ала айткандан кийин сөзү аткарылар-аткарылбасын күтүп отуруудан башка аргасы жок (Накыл сөздөр 27:1).

Адамдардан айырмаланып, Кудай бардык фактыларды, биздин табиятыбызды жана эмнеге жакын экенибизди жакшы билет. Ошондуктан бир нерсе кылууну чечкенде ар бир адамдын же бүтүндөй элдин кандай иш-аракет кыларын көрө билет. Бирок Кудай ушуну менен эле чектелбейт. Ал өзүнүн сөзү аткарылышы үчүн атүгүл жагдай-шартты жана окуялардын багытын көзөмөлдөп, өзгөртө алат. Кудай: «Менин оозуман чыккан сөз курулай кайтып келбейт,.. эмнеге жиберсем, ошону ишке ашырат»,— деген (Ышая 55:11). Ошо себептен анын алдын ала айткандарын жарыялоого же кулактандырууга салыштырса болот. Кудай сөздөрүнүн дайыма аткарыларын далилдеген китеп жаздырып койгон.

КЕЛЕЧЕГИҢЕР КАНДАЙ БОЛОТ?

Силердин жана жакындарыңардын келечеги кандай болору айтылган ишеничтүү билдирүү барбы? Эгер кандайдыр бир кырсыктын болорун алдын ала билсеңер, өмүрүңөрдү сактап калуунун аракетин кылмаксыңар. Ошол сыяктуу эле, Ыйык Китептеги келечек жөнүндө жазылгандарга кулак кагып, чара көрүү абзел. Кудай дүйнө жүзү түп-тамыры менен өзгөрө турган убак жакындап калганын эскертүүдө ( «Кудай келечек тууралуу эмнелерди айткан?» деген кутучаны карагыла.) Кудайдын айткандары өздөрүн алдын ала айтуу боюнча адис деп эсептегендердин айткандарынан кыйла айырмаланат.

Адамзаттын тарыхы да, келечеги да Кудайга маалым. Ал жаздырган Ыйык Китептен келечекте эмне болорун билсе болот. Анда Кудайдын: «Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам... „Ой-ниетим аткарылат, эмнени кааласам, ошону ишке ашырам“,— дейм»,— деген сөздөрү жазылган (Ышая 46:10). Силерди жана үй-бүлөңөрдү эң сонун келечек күтүп турат. Алдыда эмнелер болоруна байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтыларын билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар көзү ачык адамдар эмес жана келечекти айтканга жардам бере турган кандайдыр бир сырдуу күчкө ээ эмес. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдегендиктен андан адамзат жаркын келечекте жашаш үчүн Кудайдын эмнелерди кылып жатканын көрсөтүп бере алышат.