Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАЙ 2014

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин буттарын эмне үчүн сындырышчу?

Иса Машаяк менен эки кылмышкердин устунга кадалып, өлүм жазасына тартылганы жөнүндө Инжилде: «Жүйүттөр, жаза устунуна кадалгандардын сөөгү ишемби күнгө калбашы үчүн, Пилаттан алардын буттарын сындырып, өлүгүн ал жерден алып кетүүнү суранышты»,— деп жазылган (Жакан 19:31).

Жүйүттөрдүн мыйзамы боюнча, устунга кадалган кылмышкердин «өлүгү түнү бою устунда калбашы керек» болчу (Мыйзам 21:22, 23). Жүйүттөр римдиктер устунга кадаган кылмышкерлерге карата да ушул мыйзамды колдонушчу. Иса менен эки кылмышкердин жагдайын ала турган болсок, буттарын сындыруу алардын өлүмүн тездетип, сөөгүн күн баткандан кийин башталган ишемби күнгө калтырбай көмүүгө шарт түзгөн.

Көп учурда өлүм жазасына тартылган кылмышкердин адегенде колу-бутун устунга мык менен кадап, анан устунду тикесинен тургузушчу. Ошондо салмагынын оордугунан мык кагылган жери жырылып, жаны көзүнө көрүнчү. Андан сырткары, дем алыш үчүн ал буту кагылган мыкка же мыктарга бүт салмагын салып боюн түзөшү керек болчу. Ал эми буттары сындырылгандан кийин, шоктон улам эле өлүп калбаса, эч нерсеге таяна албай, боюн көтөрө албай калгандыктан тез эле дем жетпей өлчү.

Байыркы убактагы салмоор кандай болгон?

Дөөтү падыша өспүрүм кезинде салмоор менен Голиат деген алп кишини өлтүргөн. Ал, кыязы, салмоор менен таш ыргытканды бала кезинде кой кайтарып жүргөндө үйрөнгөн (1 Шемуел 17:40—50).

Ашурлук салмоорчулардын жүйүттөрдүн чептүү шаарына чабуул жасаганы чегилип тартылган сүрөт

Салмоорду мисирликтер менен ашурлуктардын (ассириялыктар) байыркы убактагы сүрөттөрүнөн көрүүгө болот. Ал ортосунда булгаарыдан же кездемеден жасалган баштыкчасы бар, баштыкчанын эки жагында кайыштан же жиптен жасалган кармагычы бар курал болгон. Салмоорчулар баштыкчага диаметри 5—8 см, салмагы 250 граммдай болгон жылмакай же тоголок таш салып, аны колун көтөрүп туруп катуу айлантып, бир жак кармагычын коё беришчү. Ошондо таш аткан октой учуп, таамай тийчү.

Ортоңку Чыгышта казуу иштери учурунда байыркы убакта курал катары колдонулган салмоор таштары табылган. Мыкты жоокерлер салмоор ташты ылдамдыгы 160—240 км/саатка жеткендей кылып ыргыта алышчу. Окумуштуулар салмоордун жаа менен бир катарда турган курал болгонуна байланыштуу бир пикирде эмес. Бирок салмоордун киши өлтүрө турган курал болгону талашсыз (Бийлер 20:16).