Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАРТ 2014

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса Машаяктын адамзат үчүн өмүрүн бергенинен кандай пайда алабыз?

Кудайдын ой-ниетине ылайык, адамдар жер үстүндө оорубай, өлбөй, түбөлүк жашамак. Бирок Адам ата Жаратканга баш ийбей койгондуктан түбөлүк өмүрдөн айрылган. Биз анын урпактары болгондуктан, өлүм бизге да өткөн (Римдиктер 5:8, 12; 6:23). Жахаба Кудай адамзат кайрадан түбөлүк жашаш үчүн, өз Уулу Иса Машаякты жерге өмүрүн бериш үчүн жиберген. (Окугула: Жакан 3:16.)

Иса Машаяк адамзат үчүн өмүрүн бергендиктен түбөлүк өмүргө жол ачылган. Өлүм болбогон заманда жашоо кандай болот деп ойлойсуңар?

Иса Машаяк өз өмүрүн бергендиктен күнөөлөрдүн кечирилишине, түбөлүк өмүргө жол ачылган. Ыйык Китепте карылык, оору жана өлүм болбогон заманда кандай жашоо болору сүрөттөлөт. (Окугула: Ышая 25:8; 33:24; Аян 21:4, 5.)

Иса Машаяктын биз үчүн өлгөнүн канткенде унутпайбыз?

Иса Машаяк өмүрү кыйылар түнү шакирттерине анын өлгөн күнүн эскерип турууну айтып, аны белгилөөнүн жөнөкөй тартибин бекиткен. Анын өлгөн күнүн жыл сайын эскерүү анын жана Кудайдын адамзатты канчалык сүйөрү жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү берет. (Окугула: Лука 22:19, 20; 1 Жакан 4:9, 10.)

Быйыл Эскерүү кечеси 14-апрелде, дүйшөмбү күнү, күн баткандан кийин өткөрүлөт. Ал кечеге силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү менен барсаңар болот. (Окугула: Римдиктер 1:11, 12.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү кечеси

Жыл сайын миллиондогон адамдар Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскериш үчүн чогулушат. Ал кечеден анын өлүмүнүн сиздин жашооңузга тийгизген таасири чоң экенин биле аласыз.

Иса Машаяк деген ким?

Исанын убада кылынган Машаяк экени, анын кайдан келгени, эмне үчүн Жахабанын жалгыз Уулу деп аталары жөнүндө окуп көргүлө.

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун деген эмне? Анын силерге да пайдасы тийиш үчүн, эмне кылышыңар керек?