Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАРТ 2014

 ӨМҮР БАЯН

Алсыз болсом да, күчтүүмүн

Алсыз болсом да, күчтүүмүн

Майыптар коляскасында отурган, 29 килограмм болгон мендей илмейген адамды эч ким күчтүү деп ойломок эмес. Бирок денем уламдан-улам алсырап баратканы менен, ички дүйнөм уламдан-улам кубаттанып баратат. Анда, эмненин аркасында, алсыз болсом да, күчтүү экенимди айтып берейин.

4 жашымда

Балалыгымды ойлогондо, атам, апам болуп Франциянын түштүгүндөгү кичинекей үйдө өткөргөн бактылуу күндөрүм эске түшөт. Үйдө атам жасап берген селкинчегим бар эле; ары-бери чуркап ойногонду аябай жакшы көрчүмүн. 1966-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү үйгө келе башташты, атам алар менен көпкө чейин сүйлөшөр эле. Жети айдан кийин атам Жахабанын Күбөсү болууну чечти. Көп өтпөй апам да Жахабанын Күбөсү болду. Мен ата-эненин мээриминен өксүгөн жокмун.

Ден соолугум ата-энемдин киндик каны тамган Испанияга кайтып барганыбыздан көп өтпөй эле начарлай баштады. Колум, кызыл ашыгым жан сыздатып оорутчу болду. Эки жыл бою ар кайсы доктурга көрүнүп жүрүп, акыры, бир таанымал ревматологго бардык. Ал: «Өтө эле кеч болуп калыптыр!» — дегенде, апам ыйлап жиберди. Доктурдун муздак, кунарсыз бөлмөсүндө «аутоиммундук өнөкөт оору» жана «балдардын полиартрити» * деген кулагыма жат сөздөр жаңырып жатты. 10 жашта болсом да жана алардын айткандарын толук түшүнбөсөм да, жаман нерсе жөнүндө сөз болуп жатканын баамдадым.

Доктур мени балдардын санаторийинен дарылатып көрүүнү сунуш кылды. Ал жакка барганымда сүрдүү имаратты көрүп, жүрөгүм опколжуду. Санаторийде тартип катуу экен. Кечил аялдар чачымды кыркып, ал жердеги балдар кийген эби-сыны жок кийимди кийгизишти. Ошондо көзүмдүн чарасы жашка толуп: «Бул жерге кантип чыдайм!» — деп ойлондум.

ЖАХАБАНЫН КАМ КӨРҮП ЖАТКАНЫН СЕЗДИМ

Ата-энем Жахаба Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашаганга үйрөткөндүктөн, санаторийде өткөрүлгөн диний каадаларга катышуудан баш тарттым. Аным кечил аялдарга жаккан жок. Бирок Жахаба Кудайдан мени калтырбашын сурап жалбарып тилене бердим. Көп өтпөй эле Жахабанын мени коргоп турганын, мээримдүү атадай болуп кучагына бекем кысып, кам көрүп жатканын сездим.

Атам менен апама ишемби күндөрү келип турганга уруксат берилди. Кудайга болгон ишенимимди бекем сакташым үчүн, алар Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып келип турушту.  Негизи, санаторийдеги балдарга китеп алып калганга уруксат берилчү эмес, бирок кечил аялдар мага адабияттарды, Ыйык Китебимди алып калганга уруксат беришти. Аларды күн сайын окучумун. Ошондой эле кыздарга жер бейишке айлана турган, эч ким оорубай, түбөлүк өмүр сүрө турган заманды күтүп жатканымды айтып берчүмүн (Аян 21:3, 4). Кээде көңүлүм чөгүп, жалгызсырасам да, Жахаба Кудайга болгон ишенимим бекемделип, ага көбүрөөк таянганга үйрөнүп жатканыма кубанчумун.

Алты айдан кийин доктурлар мени үйгө жөнөтүштү. Бирок эч кандай деле жылыш болгон жок, ошентсе да ата-энемдин жанына келгениме аябай сүйүндүм. Муундарым ого бетер кыйшайып, сай сөөктү зыркыраткан оору мурдагыдан да күчөдү. Өспүрүм курагымда такыр эле алсырап калдым. Ошого карабай 14 жашымда өмүрүмдү Кудайга арнап, чөмүлүп, асмандагы Атама колуман келишинче кызмат кылууга бел байладым. Бирок кээде Жахаба Кудайга нааразы болуп: «Эмне үчүн мен кыйналышым керек? Мени айыктырчы, суранам! Азап чегип жатканымды көрбөй турасыңбы?» — деп тиленип жиберчүмүн.

Өткөөл курагымда аябай кыйналдым. Анткени оорумдан айыкпай турганыма моюн сунганга туура келди. Ден соолугу чың, жашоодон ырахат алып жашап жаткан досторума өзүмдү салыштыра берчүмүн. Басына берип, тартынчаак да болуп кеттим. Бирок ата-энем, досторум дайыма колдоп турушчу. Менден 20 жаш улуу Алисия деген досумду эч унутпайм. Ал чыныгы дос эле. Алисия мага оорумду эле ойлой бербей, башкаларга көңүл бурганды үйрөттү.

ЖАШООМДУ КАНТКЕНДЕ МАҢЫЗДУУ КЫЛА АЛАРЫМДЫ ТҮШҮНДҮМ

18 жашымда оорум күчөп, жыйналышка барыш өзүнчө эле азап болуп калды. Ошентсе да бош убактымды Ыйык Китепти кылдат изилдегенге жумшачумун. Аюп жана Забур китептеринде жазылгандардан Жахаба Кудайдын азыркы учурда бизди азап-тозоктон арылтпасын, бирок күч-кайрат берип, бекемдей турганын түшүндүм. Кудайдан көп тиленгенимдин аркасында «адаттан тышкаркы күчкө» жана «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» ээ болдум (2 Корунттуктар 4:7; Филипиликтер 4:6, 7).

22 жашымда майыптар коляскасына отуруп калдым. Ошондо баары коляскада отурганыма, оорукчан экениме эле көңүл бура берет болуш керек деп тынчсыздана баштадым. Бирок мен жаман деп ойлогон нерсенин жакшы да жагы бар экенин түшүндүм, анткени ошондон кийин кандайдыр бир деңгээлде өз алдынча болуп калдым. Бир күнү Изабел деген досум башкаларга Кудай жөнүндө айтууга 60 саат жумшап, аны менен 1 ай кызмат кылууну сунуш кылды.

Башында бул колуман келбечүдөй сезилди. Бирок Жахаба Кудайдан жардам сурагандыктан жана досторум, ата-энем көмөк кылгандыктан, 60 саат кабар айта алдым. Бир ай көз ирмемде эле өтүп кетти. Ошонун аркасында мурдагыдай коркпой, тартынчаак болбой калганымды байкадым. Бул мага аябай жаккандыктан, 1996-жылы ай сайын көбүрөөк убактымды кабар айтуу ишине жумшап, үзгүлтүксүз пионер болууну чечтим. Ал чыгарган чечимдеримдин эң эле туурасы болуптур, себеби көбүрөөк кызмат кылуу менен Кудайга жакындадым, атүгүл ден соолугум да бир аз жакшыргансып калды. Ошондой эле Жахаба Кудай жөнүндө башкаларга айтып, айрымдарына аны менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам бердим.

ЖАХАБА МЕНИ ДАЙЫМА КОЛДОП КЕЛЕТ

2001-жылы жайында жол кырсыгына учурап, эки бутум сынды. Жаным көзүмө көрүнүп, ооруканада кыйналып жатканда ичимден: «Жахаба, суранам, мени калтыра көрбө!» — деп тиленип жаттым. Ошондо жанымда жаткан бир аял: «Сен Жахабанын Күбөсүсүңбү?» — деп сурап калды. Жооп бергенге алым келбей, башымды ийкедим. Ал: «Мен силерди жакшы билем! Журналдарыңарды дайыма окуп турам»,— деди. Ошондо кадимкидей жанданып, бекемделип калдым. Онтоп араң жатсам да, Жахаба жөнүндө күбөлөндүрө алдым. Муну теңдешсиз сыймык деп эсептейм!

Кичине жакшы болуп калгандан кийин көбүрөөк кабар айтайын деп чечтим. Эки бутум гипстелген эле. Бирок ошого карабай апам экөөбүз күнүгө коляска менен оорукананын короосун кыдырып чыкчубуз. Бир нече кишинин ал-акыбалын сурап, аларга Ыйык Китепке негизделген адабияттардан калтырып кетчүбүз. Бул оңойго турчу эмес, бирок Жахаба мага күч берчү.

Ата-энем менен, 2003-жыл

Акыркы жылдарда оорум ого бетер күчөдү, атаман айрылганым да кайгыма кайгы кошту.  Ошондой болсо да, жакшыдан үмүтүмдү үзбөгөнгө аракет кылып келем. Мүмкүн болгондо, досторума, туугандарыма жолугуп турам, ошондо бир аз алаксый түшөм. Жалгыз калганда Ыйык Китепти окуп-изилдейм же телефон аркылуу кабар айтам.

Көзүмдү жумуп, кыялымдагы «терезени» ачып, Кудай убада кылган жаңы заманга бат-баттан баш багып турам

Мен кичинекей эле нерселерден, мисалы, бетимди сылаган желден, жыты аңкыган гүлдөрдөн рахат алганга аракет кылам. Бул мага ыраазы болуп жашаганга түрткү берет. Тамашакөй болуунун да пайдасы чоң экенин түшүнөм. Бир жолу кабар айтып жүргөндө досум бир нерсе жазып жатып коляскамды түртүп алды. Ылдыйыш жер болгондуктан, коляскам жүрүп кетип, токтоп турган машинеге барып урундум. Экөөбүздүн тең жүрөгүбүз түшүп калды, бирок эч жерим эч нерсе болбогонун көргөндөн кийин боорубуз эзилгенче күлдүк.

Мен көп нерселерди кыла албайм. Аларды орундала элек каалоолорум деп атап койгом. Көзүмдү жумуп, кыялымдагы «терезени» ачып, Кудай убада кылган жаңы заманга бат-баттан баш багып турам (2 Петир 3:13). Ден соолугум чың болуп, сейилдеп жүргөнүмдү, жашоодон рахат алып жатканымды элестетем. Мен Дөөтү пайгамбардын: «Жахабага үмүт арт, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун»,— деген сөздөрүн көкүрөгүмө түйүп алгам (Забур 27:14). Ден соолугум начарлап баратса да, Жахаба Кудай мага күч-кубат берип келатат. Ошондуктан алсыз болсом да, күчтүүмүн деп айта алам.

^ абз. 6 Балдардын полиартрити — өнөкөт артриттин балдардын организмин жабыркаткан түрү. Иммундук система организмдеги таза ткандарга чабуул коюп, аларды жабыркатып, жок кылат. Бул муундарды оорутуп, муундардагы шишикти пайда кылат.