Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Февраль, 2014

 АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

Ал адилетсиздикке карабай туруктуу болгон

Ал адилетсиздикке карабай туруктуу болгон

ИОРДАН өрөөнүндө Илияс пайгамбардан башка караан көрүнбөйт. Анын тээ алыскы Хореп тоосунан түндүктү көздөй сапар тартып келатканына бир нече жума болду. Киндик каны тамган жери Ысрайылга жетип, айлананы имере караса, мурункудай эмес, баары башкача. Кара жерди боз чөлгө айланткан кургакчылыктын күнү бүтүп, жер жандана баштаган экен. Күзгү жамгыр чаңкап турган жерди кандыра сугарып, дыйкандар үрөн себе башташыптыр. Кумсарган жердин кайрадан көркүнө келе баштаганын көрүп, пайгамбардын жүрөгү тынчый түшөт. Бирок аны түйшөлткөн нерсе — анын эли. Алардын Кудай менен болгон мамилеси эбак эле сууп, али жандана элек. Алар мурдагысындай эле Баал деген жалган кудайга сыйынып, тетири жолдо жүрүшөт. Андыктан Илияс пайгамбардын алдында көп иш жатат *.

Пайгамбар Абыл-Мекола шаарынын жанынан кара терге түшүп кош айдап жаткан бир жигитти көрөт. Ал нымдуу жерди тиле-тиле айдаган 12 жуп өгүздүн акыркы экөөнүн артында бараткан эле. Илияс пайгамбар так ушул жигитти издеп келген. Ал анын ордун баса турган Элиша деген жигит болчу. Кудайга берилгендикте кызмат кылып, жөлөк боло турган шерикке зар болгон пайгамбардын Элишаны көргөндө кубанычы койнуна батпай сүйүнгөнү шексиз (1 Падышалар 18:22; 19:14—19).

Илияс пайгамбар көптөн бери аткарып келаткан ишин башкага үйрөтүп, акыры ага ордун бошотуп берерин ойлогондо ичи ооруду болду бекен? Муну айтыш кыйын, бирок ага ушу сыяктуу ойлор келген эмес деп да так айта албайбыз. Анткени ал «биздикиндей эле сезимдери бар киши болгон» (Жакып 5:17). Кандай болбосун, Ыйык Китепте: «Илияс анын жанынан өтүп баратып үстүнө кийимин жапты»,— делет (1 Падышалар 19:19). Илияс пайгамбардын чапаны, кыязы, койдун же эчкинин терисинен жасалып, анын Кудайдан өзгөчө тапшырма алганын билдирчү. Ал эми Элишага кийгизгени анын пайгамбар боло турганын билдирген. Илияс пайгамбар Кудайга бекем ишенип, тил алгандыктан анын буйругун эки кылбай, Элишаны өзүнө жардамчы кылып дайындаган.

Илияс пайгамбар Элишаны момундук менен өзүнө орун басар кылып дайындаган

Элиша улгайып калган пайгамбардын жеңилин жерден, оорун колдон алып кызмат кылууга ынтызар болгон. Бирок ал Илияс пайгамбардын ордун дароо эле басып калган эмес. Ал момун жигит каруусунан күчү кеткен карыяны сүйөп-таяп, аны алты жылдай коштоп жүргөн. Эл ичинде аны атүгүл «Илиястын колуна суу куюп берип жүргөн... Элиша» деп коюшчу (2 Падышалар 3:11). Илияс пайгамбар колунан баары келген, элпек жардамчысына далай ыраазы болуп, ичи жылыган чыгар. Экөө ээрчишип жүрүп, жан достордон болуп калса керек. Элге көрбөгөн кордукту көрсөтүп, адилетсиз иштерди кылган өкүмдардын тушунда экөөнүн бири-бирине таяныч да болгону күмөнсүз. Ал эми Ахап падыша күн ашкан сайын бузулгандан бузулуп, байкуш элди өз билгениндей калчай берген.

Силердин да адилетсиздиктен жапа чеккен учурларыңар болду беле? Алдуулар алкымдан, күчтүүлөр колкодон алган азыркы заманда жапа чекпеген бир да жан жок чыгар. Кудайды чындап жакшы көргөн досторуңар силерге каардуу дүйнөнүн өктөмдүгүнө чыдоого жардам бере алышат. Силер адилетсиздиктин айынан азап тарткан Илияс пайгамбардан көп нерсеге үйрөнө аласыңар.

 «ТУР ДА,.. АХАПКА БАР»

Илияс пайгамбар менен Элиша пайгамбарга элди Кудайга буруш үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келген. Экөө, сыягы, башка пайгамбарларды да окутуп-үйрөтсө керек. Күндөрдүн биринде Жахаба Кудай Илияс пайгамбарга: «Тур да,.. Ысрайылдын падышасы Ахапка бар»,— дейт (1 Падышалар 21:18). Кудай аны эмне үчүн Ахап падышага жиберген?

Ысрайыл жеринде Ахаптай жеткен ыймансыз падыша эзели болуп көргөн эмес. Тоң моюн падыша баягыдай эле теңирден тескери иш кылып жүргөнү жүргөн. Анысы аз келгенсип, Баалга табынган Изабелге үйлөнүп алган. Экөө кошулуп, жалган сыйынууну жайылтып, Ысрайыл жерин арамдашты (1 Падышалар 16:31—33). Баалга сыйынгандар түшүм мол болушу үчүн, бузуктук аралашкан ар кандай ырым-жырымдарды аткарып, ибадатканасында эркек-аял дебей сойкулук кылып, атүгүл ымыркай балдарын да чыркыратып курмандыкка чалышчу. Ахап падыша сансыз күнөөсүнө дагы бирди кошту. Ач көз неме сириялыктардын колго түшкөн зөөкүр падышасы Бенадаттан бирдеме өндүрсөм деп, Жахабанын буйругун аткарбай, аны өлтүрбөй койду (1 Падышалар 20-бөлүм). Дүнүйөгө тойбогон, пенде тагдырын чымын өлгөнчөлүк көрбөгөн Ахап менен Изабелдин жоругу ушуну менен эле токтоп калса кана!

Ахаптын Самарияда заңгыраган ак сарайы бар. Андан 37 чакырымдай алысыраак жайгашкан Изреилде дагы бир ак сарайы турат. Ошол ак сарайдын жанында Набот деген кишинин жүзүмзары керилип жатат. Ахап ал жерге сугун артып, алсам дегенде эки көзү төрт. Ошондуктан Наботко жериңди же сат, же алмаштыр деп сунуштайт. Набот ага: «Ата-бабаларымдан мураска алган жерди кантип бермек элем, Жахаба буга тыюу салбады беле?!» — деп жооп берет (1 Падышалар 21:3). Наботту кежир, аркасын ойлобой иш кылган киши деп айтууга болобу? Көптөр ошондой деши мүмкүн. Бирок, чынында, ал Жахаба Кудайдын мыйзамына бек карманган киши болгон. Кудай ар бир урууга берилген үлүш жерди биротоло сатууга тыюу салган болчу (Лебилер 25:23—28). Кудайдын мыйзамын бузуу Наботтун оюна да келген эмес. Падышанын сөзүн эки кылгандар анын каарына каларын билсе да, анын сунушун четке каккан. Ооба, Набот Кудайга бекем ишенген, эр жүрөк киши болгон.

Ахап падышанын болсо Жахабанын мыйзамы менен иши да жок. Көксөгөнүнө жетпей калган падыша көңүлү чөгүп, кайгырган бойдон үйүнө жөнөйт. Ыйык Китепте: «Үйүнө баргандан кийин ал тамак ичпей, тескери карап жатып алды»,— делет (1 Падышалар 21:4). Каныша таарынган баланын кейпин кийген тултуйган күйөөсүн көрүп алып, заматта амал ойлоп таба салат. Анын амалы Кудайга берилген Наботтун үй-бүлөсүн бутунан эмес, белинен чаба турган капкан эле.

Канышанын кылганынан анын кымындай да жүрөгү жок мерез неме экени айкын болгон. Ал, Кудайдын мыйзамына ылайык, кимдир бирөөнү күнөөлүү деп табыш үчүн эки күбөнүн ырастоосу керек экенин беш колдой билген (Мыйзам 19:15). Андыктан Изреилдин аксакалдарына, аттуу-баштуу кишилерине падышанын мөөрү басылган кат жөнөтөт. Катта Наботту Кудайга акарат келтирген киши катары ташбараңга алып өлтүрүш үчүн, ага жалаа жаба турган эки кишини табууну буйруйт. Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет дегендей, Изабелдин арам ою оңой эле жүзөгө ашат. Ал Наботтун өзүнүн эле эмес, уулдарынын  да канын ичип тынат * (1 Падышалар 21:5—14; Лебилер 24:16; 2 Падышалар 9:26). Ошентип, өзү билгендей иш кылган аялын ооздуктабаган Ахап жазыксыз кишилердин канынын төгүлүшүнө себепкер болот.

Падыша менен канышанын жоругун укканда Илияс пайгамбар жүрөгү мыкчылып, туталанса керек. Кара мүртөз адамдардын карапайым элди эзип жатканын көргөндө кимдин эле зээни кейибесин? (Забур 73:3—5, 12, 13). Бүгүнкү күндө да көптөгөн өкүмдарлардын, атүгүл Кудайга кызмат кылам деген диний жетекчилердин адилетсиз иш кылганы көнүмүш эле болуп калды. Бирок Набот менен болгон окуя бизге жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөөгө жардам берет. Жахаба баарын көрүп турат. Эч нерсе анын көз жаздымында калбайт (Еврейлер 4:13). Ал жаман иштерди кылып жаткандарды жазасыз калтырбайт.

«ИИ, ДУШМАНЫМ, МЕНИ ТАПТЫҢБЫ?»

Жахаба Илияс пайгамбарга Ахаптын азыр «Наботтун жүзүмзарында» жүргөнүн айтып, ага жиберет (1 Падышалар 21:18). Изабел Ахапка жүзүмзар эми ага таандык экенин айтканда, падышанын бүркөлгөн кабагы ачылып, жүзүмзарды көздөй жөнөп кетет. Кудай аны көрбөгөнсүп, падышанын тим эле дүйнөсү түгөл, көңүлү куунак. Жүзүмзарды аралай басып, ажайып кооз бакка айлантсам деген таттуу кыялдын кучагынан чыга албай турганда, Илияс пайгамбар чыга келет. Эми эле күлүмсүрөп, көңүлү алып учуп турган падышанын көз көрүнө түрү бузулуп: «Ии, душманым, мени таптыңбы?» — деп жаалдана корс этет (1 Падышалар 21:20).

«Ии, душманым, мени таптыңбы?»

Ахаптын сөздөрүндө анын акылсыздыгын анык кылган эки нерсе жатат. Биринчиден, анын: «Мени таптыңбы?» — деген сөздөрүнөн Жахабанын баарына көз салып турарын капарына албаганы көрүнүп турат. Аны, чынында, Илияс пайгамбар эмес, Жахаба «тапкан» болчу. Адил адамдын канын төгүп, жерин тартып алган аялынын кылганына ыраазы болуп, бийлигин кыянат пайдаланган падышанын кылганы Кудайдын көз жаздымында калган эмес. Ошондой эле Жахаба Ахаптын ач көздүгүнүн айынан жүрөгүндө ырайымдуулуктун, адилеттүүлүктүн, боорукердиктин изи да калбай калганын көргөн. Экинчиден, Ахаптын Илияс пайгамбарга: «Ии, душманым»,— деп айткан сөздөрү каргашалуу жолдон бура турган жана Жахаба Кудайдын досу болгон кишини жек көрөрүн көрсөткөн.

Бул окуядан кандай сабак алсак болот? Жахаба Кудайдын баарын көрүп турарын эч качан унутпашыбыз  керек. Ал, камкор Атадай болуп, туура жолдон адашып баратканыбызды көргөндө бизге дароо жардам бергиси келет. Илияс пайгамбардай болгон ишенимдүү достору аркылуу Жахаба бизге туура жолду көрсөтөт. Андыктан Кудайдын досторун душман көргөнүбүз кандай гана чоң жаңылыштык болуп калмак! (Забур 141:5).

Илияс пайгамбардын Ахапка: «Ооба, таптым»,— деп жооп бергенин көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Пайгамбар ууру, киши өлтүргүч, Жахаба Кудайга каршы чыккан Ахап менен бетме-бет көрүшүп турат. Канкор падышага каршы сүйлөө үчүн эмне деген кайраттуулук керек! Ооба, Илияс пайгамбар тайманбастык менен ага Кудайдын өкүмүн жарыялайт. Жахаба Кудай Ахаптын үй-бүлөсүнүн мыйзамсыз иштери, уу сымал, бүтүндөй элди ууландырып жатканын жакшы билген. Андыктан ал Ахаптын тукумун бирин да калтырбай «жок кыларын» айттырат. Изабел да жазадан качып кутула алмак эмес (1 Падышалар 21:20—26).

Илияс пайгамбар Кудайдын мыйзамсыздарды сөзсүз жазалаарына эч шектенген эмес. Бүгүнкү күндө ыймансыз адамдар жазаланбай эле, гүлдөп жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул окуя Жахаба Кудайдын жамандыкты көрүп эле тим болбостон, өз убагы келгенде адилеттүүлүктү орноторун да көрсөтүп турат. Ыйык Китепте Кудайдын өзү белгилеген күнү адилетсиздикти түп-тамыры менен биротоло жок кылары айтылат. Ал күн тездик менен жакындап келатат (Забур 37:10, 11). Бирок: «Кудай жаман иштерди кылгандарды сөзсүз жазалайбы же аларга ырайым кылышы мүмкүнбү?» — деген суроо туулат.

«АХАПТЫН МЕНИН АЛДЫМДА МОЮН СУНГАНЫН КӨРДҮҢБҮ?»

Илияс пайгамбар Кудайдын сот өкүмүн уккан падышанын андан аркы иш-аракетин көрүп, таң калса керек. Ыйык Китепте: «Бул сөздөрдү укканда Ахап кийимин айрып, таар жамынды. Ал орозо кармап, кайгылуу жүрдү, жатканда да үстүндөгү таары менен жатып жүрдү»,— делет (1 Падышалар 21:27). Бул сөздөр Ахаптын өкүнгөнүн көрсөтүп турабы?

Биз тек гана Ахап мурункусуна салыштырмалуу бир аз өзгөргөн деп айта алабыз. Текебер, кекирейген падыша, оңойго турбаса да, Кудайдын алдында моюн сунган. Бирок ал чынында эле өкүнгөнбү? Келгиле, Ахапты мыйзамсыз иштери аныкынан ашып түшкөн Менаше падыша менен салыштырып көрөлү. Жахаба Менаше падышага иштерине жараша жазасын бергенде, ал моюн сунуп, Кудайдан жардам сурап жалбарган. Бирок ошону менен эле чектелип калган эмес. Ал өзү орноткон буркандардын баарын талкалап, Жахаба Кудайга чын жүрөктөн сыйына баштаган, атүгүл элин да ошого үндөгөн (2 Жылнаама 33:1—17). Ахап да ушундай кылганбы? Кайдан!

Ахаптын кайгырганын Жахаба көргөнбү? Ал Илияс пайгамбарга: «Ахаптын менин алдымда моюн сунганын көрдүңбү? Ал менин алдымда моюн сунгандыктан, мен каргашаны анын үйүнө ал тирүү кезде жибербейм, анын уулунун убагында жиберем»,— деген (1 Падышалар 21:29). Бул Жахабанын Ахапты кечиргенин билдиргенби? Жок, Кудай чындап өкүнгөндөргө гана ырайым кылат (Жезекиел 33:14—16). Бирок Ахап кандайдыр бир деңгээлде өкүнгөндөй болгондуктан, Жахаба ага ошого жараша кандайдыр бир деңгээлде ырайым кылган. Уулдарынын кырылып жатканын падыша көргөн эмес. Жахаба Ахаптын тукумун анын көзү өтүп кеткенден кийин жок кылууну чечкен.

Бирок анын Ахаптын өзүнө карата айткан өкүмү сөзсүз жүзөгө ашышы керек болчу. Жахаба кийинчерээк периштелери менен кеңешип, Ахап жарадар болуп каза болушу үчүн, аны согушка аттангыдай кылган. Ошентип, Кудайдын Ахапка айткандары аткарылып, салгылаштан оор жаракат алган падыша өзүнүн арабасында кансырап жатып жан берген. Пайгамбар айткандай эле, кызматчылар падышанын арабасын жууп жатышканда, иттер Ахаптын канын жалашкан. Ооба, Жахабанын: «Наботтун канын иттер жалаган жерде сенин каныңды да иттер жалайт»,— деген сөздөрүнүн так аткарылганына көптөр күбө болгон (1 Падышалар 21:19; 22:19—22, 34—38).

Илияс, Элиша пайгамбарлар жана Кудайдын ишенимдүү башка кызматчылары Ахап жөнүндөгү окуядан Жахабанын Наботтун эр жүрөктүгү менен бекем ишенимин унутпаганын биле алышкан. Ырас, адилеттүү Кудай эртеби-кечпи ыймансыздарды сөзсүз жазалайт. Ал эми ырайым көрсөтүүгө негиз бар болсо, ырайым көрсөтөт (Сандар 14:18). Ондогон жылдар бою зулум падышанын бийлигинен жапа чегип келген Илияс пайгамбардын Кудайды күтө билгенинин акыбети кайткан. Силер да адилетсиздиктен жапа чегип жатасыңарбы? Кудайдын иш-аракет кыла турган күнүн чыдамсыздык менен күтүп жатасыңарбы? Анда Илияс пайгамбарды туурап, Кудайды күтө бергиле. Ал ишенимдүү шериги Элиша пайгамбар менен адилетсиздикке карабай туруктуу болуп, Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялай берген.

^ абз. 3 Түшүмдүүлүктүн жана жамгырдын кудайы деп эсептелген Баалдын эч нерсеге татыбаган жалган кудай экенин көрсөтүш үчүн Жахаба Ысрайыл жеринде үч жарым жыл кургакчылык болушуна жол берген (1 Падышалар 18-бөлүм). «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын 1-январындагы жана 1-апрелиндеги (ор.) санына чыккан «Ишенимдин үлгүсү» деген рубриканы карагыла.

^ абз. 13 Кыязы, Изабел Наботтун жүзүмзары мурас боюнча анын уулдарына өтүп кетет деп корккондуктан аларды да өлтүртүш керек деп ойлосо керек. Кудайдын адилетсиздикке, зордук-зомбулукка эмне себептен жол берери жөнүндө билиш үчүн ушул журналдагы «Окурмандардын суроолору» деген макаланы карагыла.