Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ФЕВРАЛЬ 2014

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы Ысрайылда кандай алоэ колдонулчу?

Алоэ агарвуд дарагынан алынат

Ыйык Китепте алоэнин кийимдерди жана жаткан төшөктү аңкытыш үчүн колдонулганы айтылат (Забур 45:8; Накыл сөздөр 7:17; Сулаймандын ыры 4:14). Ыйык Китепте сөз кылынган алоэ, сыягы, агарвуд дарагынан алынса керек. Агарвуд дарагы чиригенден кийин, андан жыпар жыттуу май жана чайыр бөлүнүп чыгат. Дарактын жыгачын упадай майдалап, «алоэ» катары сатышчу.

Ыйык Китепте ысрайылдыктардын чатырларынын жайгашканы «Жахаба отургузган алоэ дарагына» салыштырылган (Сандар 24:5, 6). Бул Агарвуд дарагынын формасына карата айтылышы мүмкүн. Анын узундугу 30 метрге чейин жетип, бутактары жайылып өсөт. Ал дарак Израилде өспөсө да, Ыйык Китепти түшүндүргөн бир сөздүктө мындай делет: «Ушул жана башка дарактардын [ал аймакта] азыр өспөгөнү алардын байыркы убакта түшүмдүү келген жана эл жыш отурукташкан Иордан өрөөнүндө өстүрүлбөгөнүн билдирбейт».

Иерусалимдеги ибадатканада кандай курмандык жарактуу деп эсептелчү?

Иерусалимдеги ибадаткананын аймагынан табылган 2 000 жыл мурунку чопо мөөр

Кудайдын мыйзамына ылайык, эл ибадатканага курмандык алып келгенде эң жакшысын жана кемтиги жогун алып келиши керек болчу. Кудай кемчилиги бар курмандыкты кабыл алмак эмес (Чыгуу 23:19; Лебилер 22:21—24). Б.з. 1-кылымында жашаган жүйүт жазуучусу Филон Александрийский дин кызматчылардын чалына турган курмандыктын «кемтиги же жара-журасы жок экенине» ынаныш үчүн жаныбарды «башынан аягына чейин» кылдат текшерип чыгышканын айткан.

Изилдөөчү Э. П. Сандерс жазгандай, кыязы, ибадаткананын кызматчылары «курмандыкка чалына турган жаныбарларды саткан ишеничтүү соодагерлерге дин кызматчылардын текшерүүсүнөн өткөн жаныбарларды гана сатканга уруксат беришчү. Cоодагерлер сатып алгандарга курмандыктын кемчиликсиз экенин далилдеп турган нерсени кошуп берүүгө тийиш болушчу».

2011-жылы археологдор ибадаткананын аймагынан ошо сыяктуу документти — б.з.ч. 1-кылымдан б.з. 70-жылына чейинки убакыт аралыгына таандык болгон, чоподон жасалган тыйынга окшош мөөрдү — табышкан. Ал мөөрдө «Кудай үчүн кемтиксиз» деп которулган арамей тилиндеги эки сөз жазылган. Калыбы, ибадаткананын кызматчылары ошо сыяктуу нерсени алып келинген тартууга же курмандыкка чалына турган жаныбарга тагып коюшчу.