Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛҮМ МЕНЕН БААРЫ БҮТӨБҮ?

Өлүм менен баары бүтпөйт!

Өлүм менен баары бүтпөйт!

Бетания — Иерусалимден 3 чакырымдай алыстыктагы кичинекей айыл (Жакан 11:18). Иса пайгамбардын өлөрүнө бир нече жума калганда, ал жерде кайгылуу бир окуя болот. Анын жакын досторунун бири Лазар капыстан катуу ооруп, каза болуп калат.

Ал кабарды укканда Иса Машаяк шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам»,— дейт (Жакан 11:11). Бирок алар аны түшүнбөгөндүктөн, Иса: «Лазар өлүп калды»,— деп ачык эле айтат (Жакан 11:14).

Лазардын сөөгү коюлгандан 4 күн өткөндөн кийин, Иса пайгамбар Бетанияга келип, анын эжеси Мартаны жубатыш үчүн издейт. Ага жолукканда Марта: «Бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— дейт (Жакан 11:17, 21). Иса Машаяк: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет»,— деп айтат (Жакан 11:25).

«Лазар, чык!»

Андан соң айткандары куру сөз эмес экенин айгинелеш үчүн мүрзөгө жакын барып, үнүн катуу чыгара: «Лазар, чык!» — дейт (Жакан 11:43). Ошондо турган элди аң-таң кылып Лазар мүрзөдөн чыгып келет.

Иса пайгамбар ага чейин, жок эле дегенде, эки кишини тирилткен. Бир жолу Жайыр деген кишинин кичинекей кызын жарык дүйнөгө кайрып келген. Аны тирилтерде да ал кыздын уктап жатканын айткан (Лука 8:52).

Жайырдын кызы өлгөндө да, Лазар өлгөндө да, Иса Машаяк өлүмдү уйкуга салыштырган. Бул абдан ылайыктуу салыштыруу болгон. Эмне үчүн? Адам катуу уктаганда эч нерсе сезбейт, жаны жай алып, кайгы-капаны унутат (Насаатчы 9:5;  «Өлүм катуу уйкуга окшош» деген кутучаны карагыла). Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары өлгөн адамдын кандай абалда болорун жакшы түшүнүшкөн. Дин тууралуу бир энциклопедияда мындай делет: «Иса Машаяктын  жолдоочулары өлгөн адам уктап жаткандай болоруна жана Кудайга ишенимдүү болуп көз жумгандар... мүрзөдө эс алып жаткандай болоруна ишенишкен» * («Encyclopedia of Religion and Ethics»).

Өлгөндөрдүн мүрзөдө эч кыйналбай уктап жатканын билүү бизди жубатат. Ошондой эле өлгөндөн кийин эмне болорубузду ойлоп коркпойбуз.

«ӨЛГӨН КИШИ КАЙРА ЖАШАЙБЫ?»

Таттуу уйкуга батып, мемиреп уктаганды жакшы көрсөк да, эч кимибиздин түбөлүккө уйкуга кеткибиз келбеси анык. Мүрзөдө уктап жаткандар, Жайырдын кызы менен Лазардай болуп, кайрадан өмүр сүрөбү?

Аюп пайгамбар ичер суусу түгөнүп бараткандай сезилген учурда: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деп сураган (Аюп 14:14).

Кудуреттүү Кудайга узаткан суроосуна кайра өзү жооп берип: «Сен чакырасың — мен жооп берем. Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деген (Аюп 14:15). Жахаба Кудайдын берилген кызматчыларын тирилте турган күндү чыдамсыздык менен күтөрүнө Аюп пайгамбар шек санаган эмес. Ал мүмкүн эмес нерсенин ишке ашышын каалады беле?

Иса Машаяктын өлгөндөрдү тирилткени Кудайдын ага өлүмдүн үстүнөн бийлик бергенин далилдеп турат. Ырас, Ыйык Китепте «өлүм менен көрдүн ачкычтары» анын колунда экени айтылат (Аян 1:18). Иса Машаяк келечекте мүрзөнүн дарбазаларын ачат, тактап айтканда, Лазарды тирилткендей эле, башкаларды да тирилтет.

Өлгөн адамдардын тирилери жөнүндө Ыйык Китепте көп айтылат. Бир жолу Даниел пайгамбарды Кудайдын периштеси: «Сен эс аласың, ал эми күндөрдүн акырында үлүшүңдү алыш үчүн кайра турасың»,— деп ынандырган (Даниел 12:13). Иса пайгамбар өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген жүйүт диний жетекчилерине: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүрөсүңөр»,— деген (Матай 22:23, 29). Элчи Пабыл болсо: «Мен... адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деп айткан (Элчилер 24:15).

ӨЛГӨНДӨР КАЧАН ТИРИЛЕТ?

Адил жана адил эмес адамдар качан тирилет? Периште Даниел пайгамбарга «күндөрдүн акырында» «кайра турарын» айткан. Марта да иниси Лазардын «акыркы күнү... тирилерине» ишенген (Жакан 11:24).

Ыйык Китепте «акыркы күндүн» Машаяктын бийлик жүргүзгөн убагы менен байланышта экени айтылат. Элчи Пабыл: «Машаяк, Кудай бардык душмандарды анын бут алдына жыкканга чейин, падышалык кылууга тийиш. Акыркы душман — өлүм — жок кылынат»,— деп жазган (1 Корунттуктар 15:25, 26). Ошол себептен Кудайдын эрки жерде аткарылышын жана өкмөтү жер үстүнөн бийлик жүргүзүшүн сурап тиленгенибиз маанилүү *.

Аюп пайгамбар жакшы билгендей эле, Кудай өлгөндөрдү тирилтүүнү абдан каалайт. Ошол күн келгенде, өлүм биротоло жок кылынат. Ошондуктан эч кимде: «Өлүм менен баары бүтөбү?» — деген суроо туулбайт.

^ абз. 8 «Мүрзө» деп которулган грек сөзү «уктай турган жай» деген маанини туюнтат.

^ абз. 18 Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 8-бөлүмүн карагыла. Бул китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.