Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2014

Өлгөндөр тирилет

Өлгөндөр тирилет

Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айтылган Ыйык Китептеги убадага ишенесиңерби? * Көзү өтүп кеткен жакындарыбызды кайрадан көрөрүбүздү ойлогондо, жүрөгүбүз кубанычтан толкубай койбойт. Ушундай болоруна үмүттөнсөк болобу? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, Иса Машаяктын элчилерине буга ишенгенге эмне жардам бергенин карап чыгалы.

Алар өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенишкен. Буга, бери дегенде эле, эки себеп болгон. Биринчиден, алардын үмүтү чынында эле болгон окуяга — Иса Машаяктын тирилгенине — негизделген. Ал тирилгенден кийин, аны «бир эле учурда 500дөн ашык» шакирт, анын ичинде элчилер да көргөн (1 Корунттуктар 15:6). Андан сырткары, төрт Инжилден көрүнүп тургандай, Иса Машаяктын тирилгенине ынанган көп адамдар ал тууралуу күбөлөндүрүшкөн (Матай 27:62—28:20; Марк 16:1—8; Лука 24:1—53; Жакан 20:1—21:25).

Экинчиден, алар үч жолу — биринчи жолу Наин шаарында, андан кийин Капернаумда, акырында Бетания деген шаарда — Исанын өлгөндөрдү тирилткенине күбө болушкан (Лука 7:11—17; 8:49—56; Жакан 11:1—44). Бул журналда ал акыркы жолу жакын досун тирилткени жөнүндө айтылат. Келгиле, ошол окуяга кененирээк токтололу.

«МЕН ТИРИЛҮҮМҮН»

Иса пайгамбар Мартага: «Бир тууганың тирилет»,— деген. Бул сөздөрдү айткан учурда Мартанын иниси Лазардын көз жумганына төрт күн болуп калган. Башында Марта анын сөзүнүн маанисин түшүнгөн эмес. Ал: «Анын... тирилерин билем»,— деген. Бирок Марта иниси келечекте тирилет деп ойлогон. Андыктан: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деп айткан Иса Машаяктын инисин тирилткенин көргөндө Мартанын канчалык таң калганын элестетсеңер (Жакан 11:23—25).

Лазар өлгөндөн кийин төрт күн бою каякта болгон? Тирилгенден кийин ал ошол күндөрү тирүү болуп кайсы бир жерде жүргөнүн айткан эмес. Лазардын жаны андан бөлүнүп, асманга кетти беле? Жок! Иса Машаяк Лазарды тирилткенге чейин ал асманда Кудайдын жанында рахатка бөлөнүп отурган эмес болчу. Анда Лазар төрт күн бою каякта болгон? Ал көрдө уктап жаткан (Насаатчы 9:5, 10).

Иса пайгамбардын өлүмдү уйкуга салыштырганы эсиңерде чыгар. Ошол билдирүүдө мындай делет: «Иса шакирттерине: „Досубуз  Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам“,— деди. Алар: „Мырзам, эгер уктап жатса, анда жакшы болуп калат“,— дешти. Иса Лазардын өлүп калганын айткан эле. Шакирттери болсо анын чын эле уктап калганын айтып жатат деп ойлошту. Ошондуктан Иса аларга: „Лазар өлүп калды“,— деп ачык эле айтты» (Жакан 11:11—14). Иса Машаяк Лазарды тирилтип, анын жакындарын кубанткан. Бул анын үй-бүлөсү үчүн эч нерсеге тең келгис белек болгон!

Иса Машаяктын өлгөндөрдү тирилткени келечекте Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары эмнелерди кыларынан кабар берип турат *. Ал жер үстүнөн бийлик жүргүзгөндө адамзаттын каймана маанидеги жалпы мүрзөсүндө уктап жаткандарды тирилтет. Ошо себептен ал: «Мен тирилүүмүн»,— деп айткан. Эт жүрөгүңөр менен тең болгон жакындарыңарды кайрадан көргөнүңөрдө кубанычыңар койнуңарга батпай сүйүнүп жатканыңарды элестетсеңер. Тирилгендердин да кубанычы койнуна толуп, ыраазы болуп жатканын көз алдыңарга тартып көрсөңөр! (Лука 8:56).

Жакындарыңарды кайрадан көргөндө канчалык кубанарыңарды элестетсеңер

ТҮБӨЛҮК ЖАШООГО ИШЕНҮҮ

Иса Машаяк Мартага: «Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет. Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт»,— деген (Жакан 11:26, 27). Ал миң жыл башкарган убакта тирилген адамдар ага ишенсе, түбөлүк өмүр сүрүшөт.

«Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет» (Жакан 11:25).

Мааниси терең бул сөздөрдү айткандан кийин Иса пайгамбар Мартадан: «Буга ишенесиңби?» — деп сураган. Марта: «Ооба, Мырзам. Сенин... Машаяк, Кудайдын Уулу экениңе ишенем»,— деп жооп берген (Жакан 11:27). Силерде да Мартаныкындай үмүттүн пайда болушун каалайт белеңер? Ал үчүн, эң алды, Кудайдын адамзатка карата кандай ой-ниети бар экенин билишиңер керек (Жакан 17:3; 1 Тиметей 2:4). Мындай билим алуунун аркасында Кудайга болгон ишенимиңер өрчүйт. Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делерин билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айтып берүүгө даяр.

^ абз. 2 6-беттеги «Өлүм менен баары бүтпөйт!» деген макаланы карагыла.

^ абз. 9 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 7-бөлүмүн карагыла. Ал китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.