Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2014

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудайдын табияты кандай?

Кудай — көзгө көрүнбөгөн рух. Ал асманды, жерди жана тирүү жандардын баарын жараткан. Аны эч ким жараткан эмес (Забур 90:2). Кудай адамдардын аны табышын, ал жөнүндө чындыкты билишин каалайт. (Окугула: Элчилер 17:24—27.)

Кудай өзүнүн ысымын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ошондой эле анын колунан бүткөн нерселерге байкоо салып, алар тууралуу ой жүгүртсөк, айрым сапаттарын биле алабыз (Римдиктер 1:20). Бирок Кудайды жакшыраак таанып-билиш үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек. Ошондой кылсак, пендесин сүйгөн Кудай жөнүндө көбүрөөк билебиз. (Окугула: Забур 103:7—10.)

Кудай адилетсиздикке кандай карайт?

Бизди жараткан Жахаба Кудай адилетсиздикти жек көрөт (Мыйзам 25:16). Ал адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан. Мына ошо себептен биз да дайыма адилеттүүлүктү эңсейбиз. Дүйнөдө болуп жаткан адилетсиздикке Кудай күнөөлүү эмес. Ал адамга каалагандай чечим чыгарууга укук берген. Тилекке каршы, көпчүлүгү ал укугун кыянат колдонуп, адилетсиздикке жаткан иштерди кылып келишет. Бул Кудайдын жүрөгүн оорутат. (Окугула: Башталыш 6:5, 6; Мыйзам 32:4, 5.)

Жахаба адилеттүүлүктү жакшы көрөт, ал адилетсиздикке түбөлүккө чыдай бербейт (Забур 37:28, 29). Ыйык Китепте Кудайдын жакында адилетсиздикти жок кылары айтылат. (Окугула: 2 Петир 3:7—9, 13.)

Ыйык Китепте Кудайдын жакында адилетсиздикти жок кылары айтылат

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай силерге кам көрөбү? Анын сапаттары жана ага канткенде жакындай аларыңар жөнүндө окуп көргүлө.