Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ЯНВАРЬ 2014

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбардын күндөрүндө тартуулар кантип кылынчу?

Ибадаткана казынасы Аялдардын короосунда жайгашкан. Ибадатканада аткарылган кызмат жөнүндөгү бир китепте мындай делет: «Катар түркүктөрдүн арасында, дубалдын жанында тартуулар салына турган 13 „сурнай“, башкача айтканда, казына идиштери турчу» («The Temple—Its Ministry and Services»).

Казына идиштери оозу кууш, түбү кенен келип сурнайга окшош болгондуктан, «сурнайлар» деп аталчу. Алардын ар бирине кандай тартуулар салынышы керектиги, тартуулар кандай максатта колдонулары көрсөтүлгөн. Иса пайгамбар казына идиштерине тартуу салгандарды, анын ичинде тартуу кылган жарды жесир аялды карап турганда Аялдардын короосунда болчу (Лука 21:1, 2).

1, 2-идиш ибадаткана салыгы үчүн коюлган. Бирине ошол жылы төлөнчү салык, экинчисине өткөн жылы төлөнбөй калган салык салынчу. Ал эми 3—7-идиштерге бактек, көгүчкөн, жыгач, жыпарзат жана алтын идиштер үчүн төлөнүшү керек болгон акча салына турган. Эгер тартуу алып келген киши тартуу үчүн төлөнчү акчадан көбүрөөк акча чогулткан болсо, ашыгын кийинки сурнайларга салчу. 8-идишке күнөө курмандыктарын сатып алгандан арткан акча салынчу. 9—12-идиштерге айып курмандыгы үчүн сатып алган нерселерден, курмандыкка чалына турган канаттууларды сатып алгандан, назирлер менен пес оорулуулар тазаланганда алып келчү тартууларды сатып алгандан арткан акча салынчу. 13-идиш болсо ыктыярдуу тартуулар үчүн коюлган.

Инжилди, Элчилер китебин жазган Лука мыкты тарыхчы болгонбу?

Лука өзүнүн атынан аталган Инжилди жана Элчилер китебин жазган. Ал «бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыкканын» айткан, бирок айрым окумуштуулар анын болгон окуяларды жазганына күмөн санашат (Лука 1:3). Лука болгон окуяларды жазды беле?

Лука текшерүүгө мүмкүн болгон тарыхый фактыларды келтирген. Мисалы, ал Римдеги бийликке ээ адамдардын наамдарын айтып өткөн. Алсак, Филипи шаарынын жергиликтүү бийлик башчылары, Тесалониканын шаар башкаруучулары жана майрамдарды, оюн-зоокторду уюштурган Эфес шаарындагы төрөлөр жөнүндө жазган (Элчилер 16:20; 17:6; 19:31). Лука Ирод Антиппанын дубан башчысы, ал эми Сергий Пабылдын Кипр аралынын аймак акими (проконсулу) болгонун да жазган (Элчилер 13:1, 7).

Луканын наамдарды так жазганы көңүлгө аларлык, анткени Римге караштуу аймактын статусу өзгөргөндө, ал аймактын башкаруучусунун наамы да өзгөрчү. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Брюс Мецгер «Элчилер китебиндеги мындай билдирүүлөрдүн кайсы жерде болгону айтылса, так ошол жерде болгонун жана ошол мезгилге дал келерин» тарыхтан билсе болорун баса белгилеген. Дагы бир окумуштуу Уильям Рэмзи Луканын «так маалымат берген мыкты тарыхчы» болгонун айткан.