Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Декабрь, 2013

 ӨМҮР БАЯН

Жахабага кызмат кылууну тандадым

Жахабага кызмат кылууну тандадым

1937-жылдын январь айында мектепти бүткөндөн кийин АКШдагы биз жашаган жерге жакын жайгашкан Айова университетине тапшырдым. Окуудан, окуумдун акчасын төлөш үчүн иштеген жумуштан колум бошочу эмес. Мен көк тиреген имараттарды, асма көпүрөлөрдү изилдөөнү бала чагымдан эле максат кылып келгем.

1942-жылдын башында, Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согушка аралаша баштагандан бир аз эле убакыт өткөн мезгилде, 5-курста окуп жаткам. Бир нече айдан кийин архитектуралык инженерия боюнча бакалавр даражасын (алгачкы илимий даража) алмакмын. Ал учурда эки бала менен жашачумун. Бир жолу алардын бири астыңкы кабатта турган балдарга келип жүргөн киши менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү деп калды. Ал жакка барсам, Жон О. (Жони) Бремер деген Жахабанын Күбөсү бар экен. Анын суроолорума Ыйык Китептен окуп жооп берип жатканына аябай таң калдым. Ошол абдан таасир эткендиктен аны менен Ыйык Китепти изилдеп, бош убактым болуп калганда, ага кошулуп кабар да айта баштадым.

Жонинин атасы Отто деген киши Айова штатындагы Волнат деген шаарда банктын президенти болуп турганда Жахабанын Күбөсү болуптур. Бирок ал үзгүлтүксүз пионер болуш үчүн, башкача айтканда, убактысынын көбүн Жахаба Кудайга кызмат кылганга арнаш үчүн жумушунан баш тартыптыр. Анын жана үй-бүлөсүнүн үлгүсү мага катуу таасир этип, маанилүү чечим чыгарганга түрткү берди.

МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫШЫМ

Бир күнү деканым бааларым төмөндөп кеткенин жана мурун алган бааларымдын негизинде университетти бүтүрө албай турганымды айтты. Ошондо Жахаба Кудайдан жетекчилик беришин сурап, жалынып тиленгеним эсимде. Көп өтпөй эле инженерия сабагынан берген профессор чакырып калды. Ал инженер керек деген телеграмма келгенде, менин ордума жооп берип, иштей аларымды жазып жибергенин айтты. Ага ыраазычылык билдирип, бирок Жахаба Кудайга кызмат кылууну тандаганымды түшүндүрдүм. Ошентип, 1942-жылдын 17-июнунда чөмүлүп, дароо эле үзгүлтүксүз пионер болдум.

Ошол эле жылы аскерде кызмат өтөөгө чакырылып, аскердик коммиссариаттын алдында эмне үчүн согушка катышпай турганымды айттым. Университеттеги профессорлордон жакшы сапаттарым, инженердик жөндөмдүүлүктөрүм тууралуу жазуу түрүндө көрсөтмө беришин сурангам. Бирок алардын жакшы күбөлүк бергенине карабай, 10 000 доллар айып салынып, АКШнын Ливенворт шаарындагы (Канзас штаты) түрмөгө беш жылга кесилдим.

ТЕМИР ТОРДУН АРТЫНДА

Учурдагы Ливенворттогу түрмө. Ал жакка 230дай улан камалганбыз

Жахабанын Күбөсү болгон 230дан ашуун улан Ливенворт федералдык түрмөсүнө караштуу Ливенворт шаарындагы фермага жөнөтүлдүк. Ал жакта түрмө сакчыларынын көзөмөлүндө ар кандай жумуштарды кылып жүрдүк. Алардын айрымдары согушта бейтараптуулукту сактаарыбызды билишчү, көз карашыбызды да сыйлашчу.

 Кээ бирлери Ыйык Китепти изилдөө үчүн дайыма чогулуп турганга, Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбызды түрмөгө алып киргенге жардам берип турушчу. Түрмөнүн көзөмөлчүсү атүгүл «Сооротуу» (азыр «Ойгонгула!» деп аталат) журналын алып турганга жазылган эле.

ТҮРМӨДӨН БОШОНУП, МИССИОНЕР БОЛУШУМ

5 жылга кесилсем да, отурганыма 3 жыл болгондон кийин, 1946-жылдын 16-февралында, түрмөдөн бошотушту. Ал учурда Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнүнө бир нече эле ай болгон. Чыгарым менен дароо пионер болуп кызмат кыла баштадым. Мени Ливенворт шаарына дайындашты. Ал жакка баргандан аябай эле корктум, анткени ал шаардын тургундарынын көбү Жахабанын Күбөлөрүн жек көрөр эле. Баргандан кийин жумуш таппай бир топ кыйналдым, үй табыш да өзүнчө эле азап болду.

Бир жолу үйдөн үйгө кабар айтып жүрүп, түрмө сакчыларынын бирине кезигип калдым. Ошондо ал: «Жогол, үйүмдөн!» — деп кыйкырды. Анын колундагы бейсбол таягын көргөндө аркамды карабай безип кеттим. Дагы бир үйдөн болсо бир аял чыгып: «Бир аз күтө турчу»,— деп үйүнө кирип кетти. Анан бир маалда үстүңкү кабаттагы бөлмөсүнүн терезесин ачып, идиш жуулган кир сууну башыман ылдый куюп жиберди. Бирок ал жакта кылган кызматымдын акыбети кайтпай койгон жок. Кийинчерээк менден адабият алгандардын айрымдарынын Жахабанын Күбөсү болгонун билдим.

Нью-Йоркто 1943-жылы миссионерлерди окуткан мектеп ачылган. Мен ал жактан билим алганга чакырылып, 1948-жылдын 8-февралында 10-классын бүтүрдүм. Ал азыр Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектеби деп аталат. Мектепти бүтүргөндөн кийин Алтын Жээкке, азыркы Ганага, кызмат кылганга дайындалдым.

Менин милдетим Алтын Жээктеги бийлик башындагыларга жана европалыктарга кабар айтуу болчу. Дем алыш күндөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышындагылар менен кызматташып, үйлөрдү кыдырып кабар айтканга көмөк кылчумун. Алыс жактарда жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө барып, кызмат кылууга жардам да берер элем. Андан тышкары, азыр Кот-д’Ивуар деп белгилүү болгон Пил Сөөктүү Жээкке жакын жерде кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылып жүрдүм.

Ал жакта кызмат кылып жүргөнүмдө, жергиликтүү африкалыктардай болуп, ылайдан тургузулган кепелерде жашадым, тамакты кол менен жегенди үйрөндүм, атүгүл, чөл кезип жүргөн убакта «конуштун сыртына» отуруп, заң-заарасын көмгөн ысрайылдыктарга окшоп, сыртка отуруп жүрдүм (Мыйзам 23:12—14). Элге ылайыкташып жашагандыктан мени да, мени менен кызмат кылган башка миссионерлерди да көпчүлүк сыйлап калды. Бийлик төбөлдөрүнүн айрымдарынын аялдары да биз менен Ыйык Китепти изилдей башташты. Ошондуктан ар кандай тоскоолдуктарды кылып жүргөн каршылаштардын айынан  визабыз жокко чыгарылсын деген буйрук чыкканда, алар күйөөлөрүн кысташкандыктан, ал буйрук жоюлду.

Африкадагы миссионерлердин көбү безгек оорусуна чалдыгып калышчу. Андан мен да качып кутула алган жокмун. Ооруп калганымда катуу чыйрыгып, денем от менен жалын болуп, жөөлүгөнгө чейин бардым. Атүгүл тишим тишиме тийбей калчылдагандыктан, ээгимди кармап турган учурларым болду. Бирок ал жактан кубанычтуу күндөрдү да өткөрдүм.

Африкага баргандан кийин Кошмо Штаттардан кетеримде таанышкан Ева Холквист деген кыз менен 4 жыл кат алышып жүрдүм. Анын Гилат мектебинин 21-классын 1953-жылдын 19-июлунда бүтүргөнү жатканын, бүтүрүү аземи Нью-Йорктогу Янки стадионунда өткөрүлө турган Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйынында болорун билдим. Ал жакка барыш үчүн кеменин капитаны менен сүйлөшүп, ала кетсе, акысына кемеде иштеп береримди айтып макулдашып алдым.

Буркан-шаркан түшүп толкуган деңизде 22 күн жол жүргөндөн кийин Евага Жахабанын Күбөлөрүнүн Бруклиндеги башкы башкармалыгынан кезиктим. Ал имараттын үстүнөн Нью-Йорк шаары жана порту алаканга салгандай көрүнчү. Ева экөөбүз ал жакка чыкканда ага мага турмушка чыгышын сунуш кылдым. Кийинчерээк Ева мени менен бирге кызмат кылыш үчүн Алтын Жээкке келди.

АТА-ЭНЕМДИН АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТИМДИ АТКАРЫШЫМ

Африкада Ева менен бир нече жыл кызмат кылгандан кийин апаман кат алдык. Катка атамдын рак болуп калганын, акыбалы аябай начар экенин жазыптыр. Ева экөөбүз кызмат кылган аймактан чыгууга уруксат алып, Кошмо Штаттарга келдик. Атамдын абалы оордоп отуруп, көп өтпөй эле каза болуп калды.

Ганага кайтып барганыбызга 4 жылдай болуп калганда, апамдын ден соолугу абдан начарлап кеткенин билдик. Досторубуздун айрымдары Ева экөөбүзгө үйгө кайтып барып апама кам көргөнүбүз туура болорун кеңеш кылышты. Бул жашообузда чыгарган чечимдердин эң оору болду. Миссионер болуп 15 жыл (Ева менен 11 жыл) кызмат кылгандан кийин АКШга кайтып келдик.

Алтын Жээктеги, азыркы Ганадагы, жергиликтүү элдин башчысы менен жолукканда

Апамды көп жыл карадык; акыбалы келген учурда жыйналышка алып барып турчубуз. Ал 1976-жылдын 17-январында 86 жашында көз жумду. Бирок ошондон 9 жыл өткөндөн кийин заманамды кууруган дагы бир суук кабар уктум. Доктурлар Еванын рак оорусу менен ооруурун айтышты. Экөөбүз ал оору менен кашык каныбыз калганча күрөштүк, бирок, акыры, Еванын күрөшкөнгө дарманы калбай калды. Ошентип, ал 70 жашында 1985-жылдын 4-июнунда дүйнө менен кош айтышты.

ЖАШООМДОГУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

1988-жылы Ганадагы кеңейтилген филиалдын арноо аземине чакырылдым. Ал эсте каларлык күн болду. Ганага 40 жыл мурун Гилат мектебин бүтүргөндөн кийин барганымда жүздөгөн эле Жахабанын Күбөлөрү бар болчу. Ал эми 1988-жылы алардын саны 34 000ге жетиптир. Азыр Ганада 11 4000ге жакын Жахабанын Күбөсү бар.

Ганага барып келгенимден 2 жыл өткөндөн кийин, 1990-жылдын 6-августунда, Еванын эң жакын курбусу Бетти Миллерге үйлөндүм. Ошондон тартып Бетти экөөбүз Жахабага чогуу кызмат кылып калдык. Жер бейишке айланып, чоң ата-чоң апаларыбыз, таята-таенелерибиз, ата-энелерибиз жана Ева тириле турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Элчилер 24:15).

Жахаба Кудайга 70 жылдан ашык убакыттан бери кызмат кылып келе жатканымды сыймык катары көрөм. Бул жөнүндө ойлогондо көзүмдүн чарасы жашка толуп чыгат. Өмүр бою кызмат кылышым үчүн мени жетектеп жүргөнүнө ага миң мертебе ыраазымын. Азыр 90го таяп калсам да күүлүү-күчтүүмүн. Себеби ааламдагы улуу инженер-архитектор болгон Жахаба өзүнө кызмат кылууга мага дем-күч берип келе жатат.