Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ДЕКАБРЬ 2013

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса Машаяк кандай максат менен кайтып келет?

Б.з. 33-жылы асманга кеткенге чейин Иса Машаяк кайтып келерин айткан. Ал өзүн падышалык бийлик алыш үчүн узак убакытка алыскы өлкөгө кеткен ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан кишиге салыштырган. Иса Машаяк адамзатты жакшы өкмөт башкарышы үчүн кайтып келет. (Окугула: Лука 19:11, 12.)

Иса Машаяк адамзатка жакшы өкмөт орнотуп берет

Анын кайтып келишин көзүбүз менен көрөбүзбү? Иса Машаяк көзгө көрүнбөгөн рух катары тирилген (1 Петир 3:18). Андан соң асманга барып, Кудайдын оң жагына отурган (Забур 110:1). Ошондон көп кылым өткөндөн кийин, ал Жахаба Кудайдын — «Күндөрү Байыркынын» — алдына алынып барган. Кудай ага бүт адамзатты башкарууга бийлик берген. Демек, Иса Машаяк адам катары эмес, көзгө көрүнбөгөн падыша катары кайтып келет. (Окугула: Даниел 7:13, 14.)

Ал кайтып келгенде эмне кылат?

Иса Машаяк периштелери менен келгенде адамзатты соттойт. Ал ыймансыз адамдарды жок кылат, ал эми аны Падыша катары кабыл алгандарга түбөлүк өмүр берет. (Окугула: Матай 25:31—33, 46.)

Машаяк Падыша болуп башкарганда, жер бети бейишке айланат. Өлгөн адамдар Бейиште өмүр сүрүшү үчүн, ал аларды тирилтет. (Окугула: Лука 23:42, 43.)