Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2013

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: КУДАЙДЫ СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛГОН ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨР

Кудайды мыкаачы кылып көрсөткөн жалган түшүнүк

Кудайды мыкаачы кылып көрсөткөн жалган түшүнүк

КӨПТӨР ЭМНЕГЕ ИШЕНИШЕТ?

«Кечирилбей турган күнөө кылган кишилер өлөрү менен жаны тозокко түшөт. Алар ал жакта күнөөсү үчүн жазаланып, тозок отуна түбөлүк куйкаланат» дегенге ишенишет («Catechism of the Catholic Church»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫК

«Күнөө кылып жүргөн жан өлөт» (Жезекиел 18:4). «Өлгөндөр эч нерсе билбейт» (Насаатчы 9:5). Эгер жан өлсө жана өлгөндөн кийин эч нерсе билбесе, «тозок отуна» куйкаланып кыйналмак беле?

Ыйык Китептин айрым котормолорунда «тозок» деп берилген еврей жана грек сөздөрү чынында адамзаттын жалпы мүрзөсүн, тактап айтканда, өлгөн адамдар жаткан каймана маанидеги жайды билдирет. Мисалы, Аюп пайгамбар жан кейиткен оорудан азап чегип кыйналганда: «Мени көргө [«тозокко», «Douay-Rheims Version»] катып,.. жашыра турсаң кана»,— деп Кудайдан тиленген (Аюп 14:13). Бул сөздөрү менен ал азаптан кутулуп эс алгысы келгенин билдирген, бирок күнөөсү үчүн жазалана турган жай тууралуу эмес, көр тууралуу айткан.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Кудайды мыкаачы кылып элестетүү ага жакындатпайт, тескерисинче, бизди андан алыстатат. Мексикада жашаган Росио мындай дейт: «Кичинекей кезимден тартып эле тозок оту жөнүндөгү окууга ишендирип келишкен. Андан аябай корккондуктан Кудайды мээримдүү, боорукер жана башка ушу сыяктуу жакшы сапаттары бар деп элестете алчу эмесмин. Мен Кудай абдан каардуу, күнөө кылгандарды дароо жазалайт деп ойлочумун».

Ыйык Китептен Кудайдын өкүмдөрү, өлгөндөрдүн абалы жөнүндө окуп-билгенден кийин Росионун Кудайга карата болгон көз карашы өзгөргөн. «Булар тууралуу билгенден кийин салмагын салып турган оор жүктү бирөө үстүмдөн алып салгандай эле болду,— дейт ал.— Кудайдын биздин камыбызды ойлооруна, бизди сүйөрүнө ишенип, сүйгөнгө татыктуу экенине ынана баштадым. Ал дайыма баласына кам көрүп, колунан жетелеп жүргөн мээримдүү атадай экен» (Ышая 41:13).

Көптөр тозоктон корккондуктан эле динчил болгонго умтулушат, бирок Кудай адамдардын ага андан калтырап-титиреп корккондуктан кызмат кылышын каалабайт. Иса пайгамбар: «Жахаба Кудайыңды... сүй»,— деп айткан (Марк 12:29, 30). Андан тышкары, Кудайдын бүгүнкү күндө адилетсиздик кылбай турганын түшүнсөк, келечекте да адилеттүү өкүм чыгарарына ишенебиз. Ошондо биз да, Аюп пайгамбардын досу Элиудай болуп: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» — деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Аюп 34:10).