Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ НОЯБРЬ 2013

 ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН СЫРЫ

Канткенде өспүрүм балаңар менен урушпай сүйлөшө аласыңар?

Канткенде өспүрүм балаңар менен урушпай сүйлөшө аласыңар?

«Кызым 14 жашынан тартып каяша айтчу болду. Ага: „Тамак ичип ал“,— десем, ал: „Ичким келгенде ичем да!“ — деп ороңдоп жиберчү. Үй иштерин бүткөн-бүтпөгөнүн сурасам, ал: „Апа, тажата бербеңизчи!“ — деп кагып салчу. Экөөбүздүн кыйкырышып, уруша кеткен учурларыбыз көп болду» (МАКИ, ЖАПОНИЯ) *.

Силердин да өспүрүм балаңар * бар болсо, аны менен талашып-тартышпай сүйлөшүү оңой эмес экенине жана андайда сабырдуу болуу кыйынга турарына кошулат чыгарсыңар. «Кызым тилимди албай койгондо, тим эле каным кайнап кетет»,— дейт 14 жашар кызы бар бразилиялык Мария.— Бири-бирибизге ушунчалык ачууланып, уруша кетебиз». Ал эми италиялык Кармела: «Уулум экөөбүздүн оюбуз бир болбой калганда, аягы дайыма катуу урушка айланып кетет. Анан ал эшигин тарс жаап, бөлмөсүнө кирип кетет»,— дейт.

Эмне үчүн өспүрүмдөрдүн айрымдары каршы чыкканды жакшы көргөндөй сезилет? Буга достору себеп болобу? Балким. Ыйык Китепте адамга чөйрөсү жаман же жакшы таасир этери айтылат (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктар 15:33). Андан тышкары, жаштарга арналган кинолор, теле көрсөтүүлөр, сайттар жана башка ушу сыяктуу нерселер да жаштарды баш ийбес болгонго үндөйт.

Бирок башка да себептер бар. Ата-энелер алардын балдарына кандай таасир этерин түшүнсө, бул кыйынчылыкты оңой жеңе алышат. Келгиле анда, айрым мисалдарды карап чыгалы.

«АКЫЛ ЖӨНДӨМҮНҮН» ӨРЧҮШҮ

Элчи Пабыл: «Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде болсо балага мүнөздүү адаттарды таштадым»,— деп жазган (1 Корунттуктар 13:11). Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, кичинекей  балдар менен чоңдордун ой жүгүртүүсү кыйла айырмаланат. Кандайча?

Кичинекей балдарда туура же туура эмес деген эле түшүнүк болот. Чоң кишилер болсо анча айкын эмес нерселерди да түшүнөт, бир бүтүмгө келерде терең ойлонот. Алсак, алар эмне туура, эмне туура эмес экенин талдап, кылгандары башкаларга кандай таасир этери жөнүндө ой жүгүртөт. Ал эми бала өспүрүм кезинде бул нерсени жаңыдан үйрөнүп жаткан болот.

Ыйык Китепте жаштар «ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтүшү керектиги айтылат (Накыл сөздөр 1:4). Ошондой эле «акыл жөндөмүн» колдонууга чакырылат (Римдиктер 12:1, 2; Еврейлер 5:14). Кээде балаңар башкача ой жүгүрткөндүктөн эле силер менен болбогон нерселер үчүн талашып-тартыша бериши мүмкүн. Же анын туура эмес ойлонуп жатканы байкалышы ыктымал (Накыл сөздөр 14:12). Андайда канткенде аны менен кер-мур айтышпай, туура ой калчаганга үйрөтө аласыңар?

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Өспүрүм балаңар ой жүгүртүү жөндөмүн жаңыдан өрчүтүп келатканын, ою өзгөрүп деле кетиши мүмкүн экенин унутпагыла. Көз карашын билиш үчүн адегенде аны ой жүгүртүп жатканы үчүн мактагыла. Мисалы: «Чечимиңе кошула албай турам, бирок ушинтип ойлонгонуң жакшы»,— десеңер болот. Анан ой жүгүртүүсүн талдап көргөнгө жардам бергиле. Ан үчүн: «Бардык жагдайда ушул айтканыңдай кылуу туура болот деп ойлойсуңбу?» — деп сурап көргүлө. Ошентсеңер, ал оюн талдап көрүп, өзгөртүшү мүмкүн.

Эскертүү: Балаңар менен бир нерсени талкуулап жатканда силердики эле туура экенин далилдегенден алыс болгула. Айтканыңар анын кулагынын сыртынан кетип жаткандай сезилсе да, сөзүңөрдүн көбүнө кулак кагышы жана эсинде калышы ыктымал. Бир нече күндөн кийин эле өспүрүм балаңардын силердикиндей эле көз карашта болуп, аны өзүнүн көз карашындай жактап калганына таң каласыңар.

«Кээде уулум экөөбүз болбогон эле нерселер үчүн, мисалы, ысырапчыл болгону же карындашына тийише бергени үчүн эле урушуп кетчүбүз. Көп учурда уулум анын оюн сурашымды, аны түшүнүшүмдү жана „А, сен ушундай деп ойлойсуңбу?“ же „Сен ушуну айтайын деп жаттың беле?“ деп айтышымды каалап жаткандай көрүнчү. Азыр ал кезди эстегенде ошол сыяктуу сөздөрдү айтсам, уруш азыраак болмокпу деп ойлой берем» (Кенжи, Жапония).

КӨЗ КАРАШЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ

Акылдуу ата-эне өспүрүм баласына оюн айтканга шарт түзөт

Өспүрүм баланы чоңойтуп-өстүрүүдө аны уядан учкан убакка даярдоо, жоопкерчиликтүү адам кылып тарбиялоо абдан маанилүү (Башталыш 2:24). Буга аны инсан катары кулк-мүнөзүн калыптоо, башкача айтканда, жакшы сапаттарды өрчүтүүгө, кайсы бир көз карашка карманууга жана баалуулуктарга ээ болууга жардам берүү кирет. Жеке көз карашы болгон өспүрүмдөр, кимдир бирөө жаман иш кылууга азгырганда, анын кесепети кандай болорун эле ойлонбойт. Андайда ал: «Мен кандай адаммын? Кандай баалуулуктарга ээмин? Ушундай баалуулуктары бар адам мындай жагдайда эмне кылмак?» — деп да ой жүгүртөт (2 Петир 3:11).

Ыйык Китепте кулк-мүнөзү жакшы калыптанган Жусуп деген жаш жигит жөнүндө айтылат. Потипар деген кишинин аялы Жусупту анын менен жатууга азгырганда, ал: «Кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башталыш 39:9). Ошол кезде ысрайыл элине ойноштук кылууга тыюу салган мыйзам бериле элек болсо да, Жусуп Кудайдын ойноштукка кандай караарын жакшы түшүнгөн. Андан да маанилүүсү, «кантип мен» деген сөздөрү көрсөтүп тургандай, ал ошол нерсеге Кудай карагандай караган. Мындан анын Кудайдын көз карашына бекем карманганын билүүгө болот (Эфестиктер 5:1).

Өспүрүм кезинде балаңар кулк-мүнөзүн калыптап жаткан болот. Бул абдан жакшы, себеби ошенткенде гана ал досторунун кысымына алдырбайт (Накыл сөздөр 1:10—15). Бирок мүнөзү калыптанып жаткандыктан да ал айткандарыңарды кабыл албашы мүмкүн. Андайда эмне кылсаңар болот?

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Талашып-тартышып кирбей, анын оюн туура түшүнгөн-түшүнбөгөнүңөрдү сурагыла. Мисалы: «Мен сени туура эле түшүндүмбү? Сен... деп айтайын дедиң беле?» — десеңер болот. Андан кийин суроолорду бергиле. «Эмне үчүн ошондой деп ойлоп жатасың?» же «Эмнеден улам ушундай жыйынтыкка келдиң?» десеңер болот. Аны сөзгө тартып, оюн айтканга чакыргыла. Эгер көз карашыңардын айырмаланышына жеке каалооңор эле себеп болуп жатса, бирок анын айткандары туура эле болсо, оюна  кошулбасаңар да, көз карашын сыйлаарыңарды көрсөткүлө.

Кулк-мүнөздү, көз карашты калыптоо абдан маанилүү. Ыйык Китепте «ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалган» кичинекей балдардай болбош керектиги айтылат (Эфестиктер 4:14). Андыктан өспүрүм балаңарга кулк-мүнөзүн, көз карашын калыптаганга жол бергиле, атүгүл ошондой кылганга түрткү бергиле.

«Кыздарымдын оюн укканымда, алар айткандарыма кошулбаса да, көз карашымды эске алганга аракет кылышат. Аларды мендей ой жүгүртүүгө мажбурлабайм, алардын жеке көз карашы болушун каалайм» (Ивана, Чех Республикасы).

АЙТКАНЫҢАРГА БЕКЕМ КАРМАНГЫЛА, БИРОК АКЫЛ-ЭСТҮҮ БОЛГУЛА

Кичинекей балдардай болуп, кээ бир өспүрүмдөр оюндагысын ата-энесине кайра-кайра айтып жатып көздөгөнүнө жетет. Силердин балаңар да ошентсе, сак болгула. Суранычын аткарсаңар, кичине болсо да кулак-мээңер тынчып калышы мүмкүн, бирок балаңарга максатына ошентип жетсе болорун үйрөтүп коёсуңар. Анда кандай кылганыңар оң? Иса пайгамбардын: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деген кеңешине ылайык иш кылгыла (Матай 5:37). Өткөөл курактагы балаңар айтканыңарга бекем карманарыңарды билсе, өзүнүкүн талап кыла бербейт.

Ошол эле учурда акыл-эстүү болгула. Өспүрүм балаңардын оюн уккула, мисалы, үйгө канчада келиши керектигине байланыштуу убакытты кээде эмне үчүн өзгөртүшүңөрдү каалай турганын сурагыла. Бул анын ою менен болуп жатканыңарды билдирбейт. Андайда силер тек гана Ыйык Китептеги: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деген кеңешке ылайык иш кылган болосуңар (Филипиликтер 4:5).

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Балаңардын үйгө канчада келишине же үйдөгү дагы башка тартипке байланыштуу эрежелерди үй-бүлөңөр менен талкуулап тургула. Чечим чыгарардан мурун балаңардын оюн угууга, баарын таразалап көрүүгө даяр экениңерди көрсөткүлө. «Балдар өтүнүчү Ыйык Китептеги принциптерге каршы келбеген учурларда ата-энелери аларды орундатканга даяр экенин билгидей болушу керек»,— дейт Бразилияда жашаган Роберто.

Албетте, жеткилең ата-эне жок. Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— деп жазылат (Жакып 3:2). Талаш-тартыштын чыгышына өзүңөр да күнөөлүү экениңерди байкасаңар, балаңардан кечирим сурагыла. Катаңарды моюнга алуу менен аны момун болгонго үйрөтөсүңөр. Кийин ал да силердей иш-аракет кылып калат.

«Бир жолу балам экөөбүз урушуп кеттик, бирок ачуум тарагандан кийин, өзүмдү кармай албай калганым үчүн кечирим сурадым. Ошондо ал да жоошуп, сөзүмдү укту» (Кенжи, Жапония).

^ абз. 3 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ абз. 4 Макалада өспүрүм балдар жөнүндө айтылса да, кеңештерди өспүрүм кыздарга карата да колдонсо болот.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Балам экөөбүздүн урушуп кетишибизге кандайча себепкер болуп калышым мүмкүн?

  • Аны жакшы түшүнүш үчүн макаладагы кеңештерди кантип колдонсом болот?

  • Канткенде балам менен талашып-тартышпай сүйлөшө алам?