Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Октябрь, 2013

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Өлгөн адамдар кайра жашайбы?

Өлүмдү уйкуга салыштырса болот, себеби өлгөн киши, катуу уктап жаткан кишидей эле, эч нерсе сезбейт жана эч нерсе кыла албайт. Бирок Жараткан Кудайдын өлгөндөрдү тирилтүүгө кудурети жетет. Муну далилдеш үчүн ал Иса Машаяк жерде жүргөндө ага өлгөндөрдү тирилткенге күч берген. (Окугула: Насаатчы 9:5; Жакан 11:11, 43, 44.)

Кандай мааниде өлүм уйкуга окшош?

Кудай анын эсиндеги адамдарды адилдик өкүм сүрө турган заманда тирилтерин убада кылган. Кудай тирилткенге чейин, алар көрдө болушат. Кудуреттүү Кудай өлгөндөрдү тирилтүүнү абдан каалайт. (Окугула: Аюп 14:14, 15.)

Тирилгендер кандай болот?

Кудай өлгөндөрдү тирилткенде, алар өздөрүнүн ким экенин биле алышат, үй-бүлөсүн, досторун да таанышат. Алардын денеси чирип кетсе да, Кудайдын аларга жаңы дене бергенге кудурети жетет. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:35, 38.)

Салыштырмалуу аз сандагы адамдар асманда жашаш үчүн тирилишет (Аян 20:6). Ал эми көпчүлүгү жер бетинде боло турган Бейиште жашаш үчүн тирилишет. Түбөлүк өмүр сүргөнгө жол ачылып, алар жаңыча жашоо башташат. (Окугула: Забур 37:29; Элчилер 24:15.)

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Өлгөндө адам каякка барат?

Адамдардын эмне үчүн өлөрү жана өлгөндөрдүн каякка барары жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин окуп көргүлө.

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

Жакын адамыңан айрылган учуруң болду беле? Аларды кайрадан көрүүгө үмүт барбы? Тирилүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылары жөнүндө окуп көргүлө.