Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ОКТЯБРЬ 2013

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН?

Бардык адамдар үчүн жакшы кабар

Бардык адамдар үчүн жакшы кабар

Иса Машаяктын тирилиши анын шакирттеринин ишенимин бекемдеп, ынталуу болгонго жардам берген. Мисалы, элчи Пабыл Кичи Азияны жана Жер Ортолук деңизди кыдырып, жыйналыштарды уюштурган. Ошондой эле ишенимдештерин кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай бекем болгонго үндөгөн. Катуу куугунтуктар болсо да, Иса Машаяктын жолдоочулары барган сайын көбөйө берген.

Кийинчерээк элчи Пабыл камакка алынган. Бирок түрмөдө отурса да, жыйналыштарга кат жазып бир туугандарын бекемдеген, зарыл кеңештерди берген. Ал чыныгы Кудайдын жолунан четтей турган адамдардын болорун да эскерткен. Ошондой эле Кудайдын ыйык рухуна жетектелип, шакирттердин арасына «чындыкты бурмалап сүйлөгөн» «ач карышкырлардын» кирерин жана шакирттерди ээрчитип кетерин айткан (Элчилер 20:29, 30).

Элчи Пабыл сөз кылган ал адамдар 1-кылымдын аяк жагында пайда боло баштаган. Ошол убакта Иса Машаяк Жаканга келечекте боло турган окуялар жөнүндө аян берген. Анын ошондон кийин жазган сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын жерге жана адам баласына байланыштуу ой-ниетинин ишке ашышына жалган окутуучулар да, каршылаштар да тоскоолдук кыла албайт болчу. Ооба, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» жетет (Аян 14:6). Жер бетинде кайрадан бейиш болот жана Кудайдын эркин аткарган ар бир адам ошол бейиште жашайт!

Мунун чынында эле «жакшы кабар» экендигине кошуласыңарбы? Эгер кошулсаңар, Кудайдан келген кабар жөнүндө, анын силерге бүгүнкү күндө жана келечекте кандай пайда алып келери жөнүндө Ыйык Китептен окуп көрсөңөр болот.

www.jw.org/ky веб-сайтына кирип, Ыйык Китепти онлайн түрүндө окуп көргүлө. Ошондой эле сайттан «Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?», «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепчелерди, «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти жана башка адабияттарды окуй аласыңар. Алардан Ыйык Китепте жазылгандарга эмне үчүн ишенсе болорун жана анда жазылган кеңештерди үй-бүлөдө жана жашоодо кантип колдонсо болорун биле аласыңар. Же көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.

Төмөнкү китептерге негизделди: Элчилер, Эфестиктер, Филипиликтер, Колосалыктар, Филемон, 1 Жакан, Аян.