Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АВГУСТ 2013

 ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Ыйык Китепте эмне үчүн айрымдардын ысымы жазылган эмес?

Ыйык Китепте эмне үчүн айрымдардын ысымы жазылган эмес?

Ыйык Жазманын Рут деп аталган китебинде Кудайдын мыйзамы боюнча иш кылбай, өз милдетин аткаруудан баш тарткан киши жөнүндө айтылат. Ыйык Китепте анын аты аталган эмес, жөн гана «баланча» деп жазылган (Рут 4:1—12). Анда Ыйык Китепте ысымы жазылбагандардын баары жаман же кадыр-барксыз адамдардан болгон деп айтууга болобу?

Жок. Бир мисалга токтолсок. Иса Машаяк акыркы жолу жүйүттөрдүн Пасах деген майрамын өткөрөрдө шакирттерине «шаардагы баланчаныкына барып», майрамга зарыл нерселерди даярдашы керектигин айткан (Матай 26:18). «Баланча» деп жазылган ал кишини жаман же урмат-сыйга татыбаган киши болгон деп айта алабызбы? Албетте, жок. Ал кишинин Иса Машаяктын шакирти болгону шексиз. Бул окуяда анын ысмынын жазылышы маанилүү болбогондуктан жазылган эмес.

Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте жаман иш кылган көп кишинин аты айтылган, ошол эле учурда Кудайдан корккон, туура иш кылган көптөгөн кишилердин аты жазылган эмес. Мисалы, биринчи жаралган аялдын, Обо эненин, ысымы баарына белгилүү. Бирок анын өзүмчүлдүгүнүн жана баш ийбестигинин айынан Адам ата күнөө кылган жана анын күнөөсүнүн кесепетин адамзат бүгүнкү күнгө чейин тартып келет (Римдиктер 5:12). Ал эми Нух пайгамбардын зайыбынын ысымы Ыйык Китепке жазылган эмес, бирок ал маанилүү ишти кылып жаткан күйөөсүн жан-дилден колдогон жана ага толук баш ийген. Анын ысымынын Ыйык Китепке жазылбаганы анын барксыз же Кудайдын ырайымына татыбаган аял болгонун билдирбей турганы айдан ачык.

Ыйык Китепте аты аталбаган, бирок Кудайдын ой-ниетинин аткарылышында маанилүү роль ойногон, атүгүл эр жүрөктүктү талап кылган иштерди кылгандар жөнүндө айтылат. Мисалга Сириянын аскер башчысы Наамандын үйүндө кызмат кылган ысрайылдык кичинекей күң кызды алалы. Ал кыз мырзайымына, Наамандын аялына, тартынбастан Жахаба Кудайдын Ысрайылдагы пайгамбары жөнүндө айткан. Ошонун натыйжасында чоң керемет болгон (2 Падышалар 5:1—14). Байыркы Ысрайылдагы Иптах бийдин кызы да Кудайга бекем ишенерин көрсөткөн. Ал дүйнөдөн так өтөрүн билсе да, атасынын антын аткарууга даяр болгон (Бийлер 11:30—40). Ошондой эле 40тан ашуун забурларды жазган кишилердин да аты аталбайт. Андан тышкары, Кудайдын өкүмүн жарыялаган айрым пайгамбарлардын да ысымы жазылган эмес (1 Падышалар 20:37—43).

Кудайга ишенимдүү кызмат кылган периштелердин көбүнүн аты жазылбаганы да көңүлгө аларлык. Асманда жүз миллиондогон периштелер болсо да, Ыйык Китепте экөөнүн эле — Жебирейил менен Микеилдин — ысмы айтылат (Даниел 7:10; Лука 1:19; Жүйүт 9). Ал эми калган периштелердин ысымы белгисиз. Ыйык Китепте айтылган бир окуяны карап көрөлү. Бир жолу Шымшон бийдин атасы Манойах бир периштеге: «Атың ким, айтчы, айтканың аткарылганда, сага урмат көрсөтөлү»,— деген. Ошондо периште: «Атымды сурап эмне кыласың?» — деп жооп берген. Ал ушундайча Кудай гана татыктуу болгон даңкты өзүнө ыйгарып алгысы келбегенин билдирген (Бийлер 13:17, 18).

Ыйык Китепте эмне үчүн айрымдардын ысымы жазылганы, ал эми башкаларыныкы жазылбаганы түшүндүрүлбөйт. Бирок атак-даңкка, жогорку абалды ээлегенге умтулбастан, Кудайга ишенимдүү кызмат кылгандардан көп нерсени үйрөнсөк болот.