Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АВГУСТ 2013

 ИШЕНИМДИН ҮЛГҮСҮ

«Аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»

«Аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»

ЖААН чакалап төгүп жатат. Нух пайгамбардын үй-бүлөсү бир бурчта чогулуп отурат. Бүлбүлдөп жанган чырактын жарыгында алар нөшөрлөп төккөн жамгырдын, кеменин төбөсүнө куюлуп жаткан шаркыраган суунун добушунан кооптонуп, көздөрүн алайтып отурушат. Жаан уламдан улам күч алууда.

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон байбичесинин, уул-келиндеринин жүзүн караганда, Нух пайгамбардын жүрөгү ыраазычылыктан улам толкуй түшөт. Аябай кыйын кезеңде жүрөк эти менен тең болгон жакындары аман-эсен кашында отурат. Анан ал суунун добушунан угулбай калбашы үчүн, үнүн бийик чыгарып, Кудайга ыраазычылык билдирип тиленет.

Нух пайгамбар Кудайга бекем ишенген киши болгондуктан, Кудай аны үй-бүлөсү менен сактап калган (Еврейлер 11:7). Бирок жамгыр жаай баштаганда, аларга андан ары Кудайга ишенүүнүн зарылдыгы болбой калды беле? Жок, алдыда дагы да оор күндөр күтүп тургандыктан, Кудайга мурдагыдан да бекем ишенип, көбүрөөк таянышы керек болчу. Биз тууралуу да ушуну айтууга болот, себеби биз кыйынчылык туш тараптан кыскан оор мезгилде жашап жатабыз. Анда эмесе, келгиле, Нух пайгамбардан кандай үлгү алсак болорун карап көрөлү.

«КЫРК КҮН, КЫРК ТҮН»

Сырттагы жаан «кырк күн, кырк түн» көз ачырбай төгүп, суу көтөрүлгөндөн көтөрүлө берген (Башталыш 7:4, 11, 12). Ошондо Нух пайгамбар Кудайы Жахабанын бир эле учурда адил адамдардын өмүрүн сактап, ыймансыз адамдарды жок кылганына күбө болгон.

Топон суу болгондо, периштелердин арасында чыккан козголоң токтогон. Текебер Шайтандын тилине кирген көптөгөн периштелер адамдардын кыздары менен жыныстык катнашта болуш үчүн «өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып» кетишкен. Баш ийбес периштелерден нефилимдер, жөнөкөй сөз менен айтканда, ырайымсыз болгон алп адамдар төрөлгөн (Жүйүт 6; Башталыш 6:4). Ошол козголоңдун болгонуна Шайтандын абдан кубанганы шексиз, себеп дегенде Жахаба Кудайдын жаратууларынын таажысы болгон адамзат ошонун айынан бузулуп, жамандыкка белчесинен баткан.

Кудайга каршы чыкканга батынган ошол периштелер Топон суу учурунда адамдык денесин таштап, асманга кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондон кийин алар эч качан адам кейпин кие албай калышкан. Адамдардын баары кырылып жаткан маалда, алар аялдарын да, балдарын да ойлоп коюшкан эмес.

Жахаба Кудай ошол убактан болжол менен жети кылымдай мурун, Энох пайгамбардын күндөрүндө эле, ыймансыз адамдарды жок кыларын эскерткен (Башталыш 5:24; Жүйүт 14, 15). Адамдар болсо ошол убактан тартып, оңолмок турсун, ого бетер бузулушкан, жерди талкалап, зордук-зомбулукка толтуруп жиберишкен. Топон суу каптаганда, алар тил албастыгынын айынан тукум курут болушкан. Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен ыймансыздардын кырылганына кубанды беле?

Жок! Алар да, алардын ырайымдуу Кудайы да кубанган эмес (Жезекиел 33:11). Жахаба Кудай мүмкүн болушунча көп адамдын өмүрүн сактап калгысы келген. Ал өкүмүн Энох пайгамбарга айттырган, Нух пайгамбарга болсо кеме курууну буйруган. Нух пайгамбардын үй-бүлөсү менен ондогон жылдар бою кеме курганын элдин баары көргөн. Андан да маанилүүсү, Жахаба Кудай Нух пайгамбарга элге эскертип, адилдикти жар  салганга түрткү берген (2 Петир 2:5). Ал, Энох пайгамбардай болуп, алааматтын жакындап келе жатканын эскерткен. Эл анын айтканына кулак какты беле? Ал окуяга асмандан күбө болгон Иса Машаяк жерге келгенде Нух пайгамбардын күндөрүндөгү адамдар тууралуу: «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес»,— деп айткан (Матай 24:39).

Жахаба Кудай кеменин эшигин жапкандан кийин, 40 күндүн ичинде Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү эмне кылганын элестетсеңер. Жамгыр күндөп-түндөп чакалап куюп жаткан маалда, алар кеменин ичинде бири-бирине кам көрүп, жашаган жерин иреттеп, жан-жаныбарлардын азыгын берип, күнүмдүк иштер менен алек болуп жүрүшсө керек. Анан эле бир күнү килейген кеме солкулдай түшүп, жыла баштайт! Кеме чайпалып отуруп «жерден бир топ жогору көтөрүлүп, калкып калат» (Башталыш 7:17). Бул Жахаба Кудайдын күчү чексиз экенин далилдеп турган жокпу?!

Нух пайгамбар Жахаба Кудайдын анын үй-бүлөсүн сактап калганына эле эмес, Анын ырайымдуу болгонунан улам топон суу болорун алар аркылуу адамдарга эскерткенине да абдан ыраазы болгону күмөнсүз. Эскертүүгө бирөө да кулак какпагандыктан, балким, убагында көп жылдык эмгегинин акыбети кайтпай жаткандай сезилгендир. Нух пайгамбардын тууган-туушкандары болсо керек, бирок өзүнүн үй-бүлөсүнөн башка эч ким анын айткандарына назар салган эмес (Башталыш 5:30). Азыр болсо аман калган ал сегиз киши келе турган алаамат жөнүндө башкаларга айткан учурларын эстеп, туура кылышканына ынанып отурат.

Жахаба Кудай Нух пайгамбардын күндөрүнөн бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Иса пайгамбар биздин күндөрдү Нух пайгамбардын күндөрүнө салыштырган (Матай 24:37). Кайгы-касиреттерге, азап-кайгыга толгон биз жашап жаткан оор мезгил дүйнөнүн акыры келгенде соңуна чыгат. Бүгүнкү күндө Кудайдын эли боло турган алаамат жөнүндө баарына эскертип жатат. Силер ал кабарга кулак кагасыңарбы? Кудайдын жолуна түшкөн болсоңор, адамдардын өмүрүн сактап кала турган кабарды жарыялап жатасыңарбы? Бул жагынан Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен эң сонун үлгү калтырган.

 «СУУДАН АМАН КАЛГАН»

Толкундар кемени чайпаганда, карс-курс, качыр-кучур деген дабыштардын угулганы шексиз. Нух пайгамбар тоодой болгон толкундардан коркуп же кеменин кыйрап калар-калбасын ойлоп сарсанаа болду беле? Жок. Бүгүнкү күндө айрымдар: «Кантип эле кеме ошондой чоң сууда талкаланбай калсын?» — деши мүмкүн. Бирок Нух пайгамбар мындан эч шек санаган эмес. Ыйык Китепте: «Ишенимдин аркасында Нух... кеме курган»,— деп айтылат (Еврейлер 11:7). Ал эмнеден шек санаган эмес? Жахаба Кудай аны менен келишим түзүп, топон суу болгондо аны жана кемеге киргендердин баарын сактап каларын убада кылган (Башталыш 6:18, 19). Ааламды, жерди, жер үстүндөгү тирүү жандардын баарын жараткан Кудай ошол кемени сактай алат беле? Албетте! Нух пайгамбар Жахаба Кудайдын сөзүнө турарына бекем ишенген. Ошондуктан ал үй-бүлөсү менен «аман калган» (1 Петир 3:20).

Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин, жаан токтогон. Бул, биздин календарь боюнча, б.з.ч. 2370-жылдын декабрь айына туура келет. Бирок кеменин ичиндегилерге сыртка чыкканга али эрте болчу. Тирүү жандарга толгон кеме жер бетин каптаган суу үстүндө калкып жүргөн, атүгүл эң бийик тоолор да суу астында калган эле (Башталыш 7:19, 20). Уулдары менен чогуу кыла турган оор жумуштар орду-орду менен кылынышы үчүн, алсак, кеменин ичиндеги жаныбарлардын баарына азык жетип, кык-пыгы тазаланып турушу үчүн, Нух пайгамбардын иштин баарын уюштуруп, көзөмөлдөп жүргөнүн элестетсеңер. Жапайы жан-жаныбарларды жоошутуп, кемеге киргизген Кудай жер жүзүн топон суу каптаган учурда да аларды үркпөгүдөй кылып койгонго кудурети жеткени айкын *.

Нух пайгамбар, кыязы, болгон окуяларды кылдат жазып жүргөн. Билдирүүдө жаандын качан жаай баштаганы, качан токтогону айтылат. Ошондой эле, ал билдирүүдөн билгенибиздей, жер бетин 150 күн суу каптап турган. Убакыттын өтүшү менен суу тартыла баштаган. Ошентип, күндөрдүн биринде кеме бүгүнкү күндөгү Түркиянын аймагында жайгашкан «Арарат тоолоруна» барып токтогон. Ал убак б.з.ч. 2369-жылдын апрель айы болушу мүмкүн. Андан 73 күн өткөндөн кийин, июнь айында, тоолордун чокулары көрүнө баштаган. Ал эми үч айдан кийин, сентябрда, Нух пайгамбар кеменин чатырын ачкан. Ошондо кеменин ичине күндүн жаркыраган нурлары тийип, таза аба кирген. Ага чейин Нух пайгамбар тегерек-четтин коопсуз экенин, жашаганга ылайыктуубу же жокпу, билиш үчүн кузгунду учурган. Ал учуп кетип, кайра учуп келип турган. Анан көгүчкөндү учурганда, ал да конорго жер таппай, кайра учуп келген. Ошентип, акырында көгүчкөндү дагы бир жолу учурганда, ал конгонго жер тапкандыктан кайра кайрылып келген эмес (Башталыш 7:24—8:13).

Нух пайгамбар оор учурда да жетекчиликти колго алып, үй-бүлөсү менен Жахаба Кудайга сыйына бергени шексиз

Нух пайгамбардын кеменин ичинде өзүнүн, үй-бүлөсүнүн Кудай менен болгон мамилесин бекемдей турган иштер менен көбүрөөк алек болгону күмөнсүз. Биз анын үй-бүлөсүнүн чогуу тиленгенин, өмүрүн сактап калган Кудай жөнүндө көп сүйлөшкөнүн элестете алабыз. Нух пайгамбар маанилүү чечим чыгарарда дайыма Жахаба Кудайды күткөн. Ал «жер толугу менен кургап калганын» көрсө да, кеменин эшигин ачып, сыртка чыкканга ашыккан эмес (Башталыш 8:14). Ооба, Жахаба Кудай айтмайынча, өзү билип иш кылган эмес!

Бүгүнкү күндөгү үй-бүлө башчылары Кудайдын алдында ишенимдүү болгон Нух пайгамбардан көп нерсеге үйрөнө алышат. Ал баарын мыкты уюштурган, эмгекчил, чыдамдуу, үй-бүлөсүнө жакшы кам көргөн киши болгон. Баарынан да, Жахаба Кудайдын эркин аткарууну биринчи орунга койгон. Андан үлгү алсак, биздин аркабыздан жакындарыбызга да Кудайдын батасы тиет.

«КЕМЕДЕН ЧЫК»

Ошентип, Жахаба Кудай Нух пайгамбарга: «Аялың, уулдарың, келиндериң менен кемеден чык»,— деп айткан. Ошондо алар да, жан-жаныбарлар да кемеден чыгышкан. Жаныбарлар кемеден бири-бирин тебелеп, топурап чыгышты беле? Жок. Ыйык Китепте баарынын «түр-түрү менен кемеден чыкканы» айтылат (Башталыш 8:15—19). Нухтун үй-бүлөсү кемеден чыкканда Арарат тоолорунун таза абасынан кере-кере дем алып, төмөн жактагы жерлерге көз чаптырып, жердин тазаланганын көрөт. Айлана жымжырт. Баягы нефилимдер, Кудайга каршы чыккан периштелер, ыймансыз адамдар жок, зордук-зомбулуктун изи да калган эмес *. Адам баласынын жашоосу кайрадан башталар алдында турат.

 Нух пайгамбар кемеден чыгар замат Кудайга ыраазычылык билдириш үчүн курмандык жай куруп, Кудай адал деп эсептеген жаныбарлардан курмандык чалат. Ал кемеге курмандык чалууга жарактуу жаныбарлардан «жетиден» кылып киргизген болчу (Башталыш 7:2; 8:20). Анын чалган курмандыгы Жахаба Кудайга жакканбы?

Ооба, анткени Ыйык Китептен: «Ошондо Жахаба жагымдуу жытты искеди» — дегенди окуйбуз. Буга чейин Жахаба Кудай адамзаттын бузулганын, жер жүзүндө ыймансыздыктын күч алганын көрүп кайгырса, эми анын эркин аткарууга чечкиндүү болгон ишенимдүү адамдардын чалган курмандыгынын жагымдуу жытын искеп, кубанып турат. Ал алардан жеткилең болууну талап кылган эмес. Себеби жогорудагы сөздөр жазылган аятта андан ары: «Адамдын жүрөгү жаштайынан эле жамандыкка жакын»,— делет (Башталыш 8:21). Келгиле анда, Жахаба Кудай адам баласына андан ары кантип чыдамдуулук менен мамиле кылганын карап чыгалы.

Эң алды, Кудай жерге карата айткан каргышты алып салган. Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы чыккан убакта Кудай жерди каргагандыктан, жерди иштетүү аябай кыйын болуп калган. Бирок Нух пайгамбардын атасы Лемек уулуна, кыязы, «эс алуу» же «сооронуч» дегенди билдирген Нух деген ат коюп, адамзаттын ошол каргыштан бошоно турган убагы келерин алдын ала айткан. Нух пайгамбар ал сөздөрдүн аткарыларын жана жерди иштетүү алда канча оңой болорун билгенде сүйүнгөнү шексиз. Ошондуктан анын кемеден чыккандан көп өтпөй эле жер иштетүүгө киришкени таң калыштуу эмес (Башталыш 3:17, 18; 5:28, 29; 9:20).

Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен тазаланган жерге чыккан

Ошону менен бирге Жахаба Кудай Нух пайгамбардын урпактарына жашоосунда туура багыт бере турган так-айкын, жөнөкөй мыйзамдарды, анын ичинде киши өлтүрбөөгө, канды колдонбоого байланыштуу мыйзамдарды берген. Андан тышкары, жер бетине экинчи топон суу каптатпай турганын убада кылып, адам баласы менен келишим түзгөн. Убадасын сөзсүз аткарарын бышыкташ үчүн Жахаба Кудай биринчи жолу асманда кереметтүү кубулушту — асан-үсөндү — пайда кылган. Ушул күнгө чейин асан-үсөн Жахаба Кудайдын ошол убадасын эсибизге салып турат (Башталыш 9:1—17).

Эгер Нух пайгамбар жөнүндөгү билдирүү тек гана уламыш болсо, ал асан-үсөндүн пайда болгону менен эле бүтүп калмак. Бирок Нух пайгамбар чын эле тарыхта жашап өткөн, көп кыйынчылыкты баштан кечирген инсан болгон. Ал кезде адамдар азыркыга караганда бир топ узак жашашчу. Топон суу болгондон кийин, Нух пайгамбар дагы 350 жыл жашаган. Анын ошол кылымдар ичинде кайгыга батып, мөгдүрөгөн учурлары көп болгон. Ал бир жолу шарапты өтө көп ичип алып, мас болуп калган. Ошондо небереси Канаан андан да чоң күнөөгө батып, өзүнүн үй-бүлөсүн каргышка калтырган. Ошондой эле Нух пайгамбар урпактарынын Нимроттун убагында буркандарга табынып, зордук-зомбулук күч ала баштаганын көргөн. Бактыга жараша, анын Шем деген уулу Кудайга бекем ишенген киши болгон. Ал бул жагынан үй-бүлөсүнө жакшы үлгү калтырган (Башталыш 9:21—28; 10:8—11; 11:1—11).

Нух пайгамбардай болуп, биз да кыйынчылыктарга карабай Кудайга ишенимдүү болушубуз керек. Тегерегибиздеги адамдар чыныгы Кудайга ишенбесе да же атүгүл ага кызмат кылбай калса да, Нух пайгамбарга окшоп, Кудайдын жолунан чыкпаганыбыз маанилүү. Акырына чейин ишенимдүү болгондорду Жахаба Кудай жогору баалайт. Иса Машаяк айткандай, «акырына чейин чыдаган адам куткарылат» (Матай 24:13).

^ абз. 17 Айрымдар, жан-жаныбарлар көп азыктанбашы үчүн, Кудай аларды кандайдыр бир деңгээлде кышында уктай турган жаныбарлардыкындай кыймылсыз абалда болгудай кылып коюшу мүмкүн дешет. Кудай чынында эле ушундай кылганбы же жокпу, белгисиз. Кандай болбосун, ал сөзүнө туруп, кеменин ичиндегилердин баарынын коопсуз болушуна жана аман калышына кам көргөн.

^ абз. 22 Топон суу учурунда Эйден багы да түп-орду менен жок болсо керек. Ошондой болсо, ал бактын кире беришин 1 600 жыл бою кайтарган керуптардын кызматы аяктап, алар асманга кайтып барышкан (Башталыш 3:22—24).