Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮЛЬ 2013

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Адам түбөлүк жашай алабы?

Эмненин аркасында өлүмдөн арылабыз?

Адам ата көп кылым жашаган. Бирок акыры карып, көз жумган. Ошондон бери адам баласы карыбаш үчүн эмнелерди гана кылып келген жок. Ошондой болсо да өлүмдөн кутула албай келет. Эмне үчүн? Адам ата Кудайга баш ийбей, күнөө кетиргендиктен карыган жана өлгөн. Биз да карып, өлөбүз, анткени күнөө Адам атадан бизге тукум кууп өткөн. (Окугула: Башталыш 5:5; Римдиктер 5:12.)

Түбөлүк жашай алышыбыз үчүн, бизди бирөө кун төлөп сатып алышы керек (Аюп 33:24, 25). Кун деген кимдир бирөөнү бошотуп алыш үчүн төлөнгөн бааны билдирет. Өлүмдүн кулчулугунан бошонушубуз үчүн, кун төлөнүшү зарыл (Чыгуу 21:29, 30). Иса Машаяк өз өмүрүн берип, биз үчүн кун төлөгөн. (Окугула: Жакан 3:16.)

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Карылыктан, өлүмдөн ар бир эле киши кутула албайт. Адам атадай болуп Кудайга баш ийбеген адамдар өмүрүнөн айрылат. Күнөөлөрү кечирилгендер гана түбөлүк өмүр сүрө алышат. (Окугула: Ышая 33:24; 35:3—6.)

Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, иш-аракет кылышыбыз, тактап айтканда, Ыйык Китепти окуп, Кудайды таанып-билишибиз зарыл. Ыйык Китептен бактылуу жашаш үчүн, Кудайга жагыш үчүн жана түбөлүк өмүр алыш үчүн эмне кылыш керектигин биле алабыз. (Окугула: Жакан 17:3; Элчилер 3:19.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Күнөөлөрүбүз кечирилеби?

Кудай чоң күнөө кылгандарды да кечиреби? Кудайдын ырайымына ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?