Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮЛЬ 2013

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

Ал жүрөгүбүздү «толтурат»

Ал жүрөгүбүздү «толтурат»

Жахаба Кудай бизге чын эле кам көрөбү же ал адам баласынын азап тартып жатканына кайдыгер карайбы? Ыйык Китепте бул суроого жүрөк жылытарлык жооп камтылган. Кудай чын эле адамзатка кам көрөт жана алардын бактылуу өмүр сүрүшүн каалайт. Ал күн сайын баарына, атүгүл ага ыраазычылык билдирбегендерге да жакшылык кылат. Келгиле, Кудайдын Пабыл деген кызматчысынын сөздөрүн карап чыгалы. (Окугула: Элчилер 14:16, 17.)

Элчи Пабыл Жахаба Кудайга сыйынбаган Листра шаарындагы элдерге кайрылып, мындай деген: «Кудай мурун бардык элдерге өздөрү каалагандай жүрүүгө жол берип келген. Ошол эле учурда кылган жакшылыктары менен өзү жөнүндө күбөлөндүрө берген: ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген». Анын бул сөздөрүнүн мааниси кандай эле?

Листранын тургундары ал сөздөрдү дароо эле түшүнүшкөн. Анткени алар суусу кенен, түшүмдүү жерде жашап, дыйканчылык кылышкан. Бирок, элчи Пабыл айткандай, «жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулаган» Кудай болчу. Андыктан листралыктардын мол түшүм жыйнаганы, дасторкондору түрдүү тамак-ашка толуп турганы Кудайдын аларга жакшылык кылып жатканынын белгиси эле.

Элчи Пабылдын сөздөрүнөн Жахаба Кудай жөнүндө маанилүү нерселерди биле алабыз.

Жахаба Кудай бизге чечим чыгаруу эркиндигин берген. Кудайдын ага сыйынбаган «бардык элдерге өздөрү каалагандай жүрүүгө жол берип» койгонуна көңүл бурсаңар. Ыйык Китепти которгондор үчүн чыгарылган бир эмгекке ылайык, бул сөздөр «өздөрүнө жаккандай жүрүүгө жол берүү» же «өздөрү туура көргөндөй жүрүүгө жолу берүү» деген маанини да туюнтушу мүмкүн. Кудай эч кимди ага сыйынууга мажбурлабайт. Ал бизге чечим чыгаруу эркиндигин берген, башкача айтканда, кандай жашоо өткөрөрүбүздү өзүбүз тандайбыз (Мыйзам 30:19).

Жахаба Кудай өзү жөнүндө билишибизди каалайт. Элчи Пабыл айткандай, ал «өзү жөнүндө күбөлөндүрө берген». Жогоруда айтылган эмгекте бул сөздөр «Кудай ал элдерге өзүнүн кандай экенин көрсөтүп келген» дегенди билдириши мүмкүн экени айтылган. Кудайдын жаратуулары «анын көзгө көрүнбөгөн сапаттарынан», анын ичинде жакшылыгынан, акылмандыгынан, күчүнөн жана сүйүүсүнөн кабар берип турат (Римдиктер 1:20). Жахаба Ыйык Китеп аркылуу өзү жөнүндө андан да көп нерселерди ачып берген (2 Тиметей 3:16, 17). Ушунун баары анын өзү жөнүндө билишибизди каалаарын көрсөтүп турган жокпу?!

Ал баарына, атүгүл ага ыраазычылык билдирбегендерге да жакшылык кылат

Жахаба Кудай бактылуу болушубузду каалайт. Элчи Пабыл Кудайдын бизге «тамак-ашты мол берип», жүрөгүбүздү «кубанычка толтурарын» айткан. Ал тургай Жахаба Кудайды билбеген, күнөө кылып жүргөн адамдар да ичип-жеп, кандайдыр бир деңгээлде бактылуу болушу мүмкүн. Бирок Кудай биздин түбөлүккө чындап бактылуу болушубузду каалайт. Биз ал жөнүндөгү чындыкты билип, билгендерибизди жашообузда колдонгондо гана чындап бактылуу болобуз (Забур 144:15; Матай 5:3).

Баарыбыз күнүгө Жахаба Кудайдын жакшылыгын көрүп жатабыз. «Тамак-ашты мол берип», жүрөгүбүздү «кубанычка толтурган» Кудайга кантип ыраазычылык билдирсе болору жөнүндө көбүрөөк билгиңер келбейби?!

Июлда Ыйык Китепти окуу:

Элчилер 11—28