Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮЛЬ 2013

Динге ишенесиңерби? Согуш

Динге ишенесиңерби? Согуш

Алберто аскерде он жылдай кызмат кылган. Ал мындай деп эскерет: «Дин кызматчы: „Кудай колдосун!“ — деп бизге батасын берчү. Бирок: „Ыйык Китепте киши өлтүрбөш керек экени айтылат, мен болсо киши өлтүргөнү баратам“,— деп ойлоно берчүмүн».

Ра Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Бир жолу ал дин кызматчыга: «Сиз аскерлер жана жеңиш үчүн тиленип жатасыз, биздин душмандарыбыз деле ошентет да»,— деген. Ошондо дин кызматчы: «Кудайдын иштери табышмактуу»,— деп айткан.

Силер да, көптөрдөй эле, дин кызматчынын айткандарына кошулбайт чыгарсыңар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса пайгамбар Кудай берген маанилүү осуяттардын бирин айтып: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген (Марк 12:31). Ал белгилүү бир жерде жашаган же белгилүү бир улуттан болгон адамдар гана жакыныбыз болорун айтты беле? Жок. Иса пайгамбар шакирттерине: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:34, 35). Ооба, анын жолдоочуларынын башкаларга болгон сүйүүсү күчтүү болгондуктан, бул аларды башкалардан айырмалап турат. Алар бирөөнүн өмүрүн кыйбайт, анын ордуна, башкалар үчүн өмүрүн бергенге даяр.

Иса пайгамбардын 1-кылымдагы жолдоочулары анын сөздөрүнө ылайык жашашкан. Дин жөнүндөгү бир энциклопедияда: «[Алар] адамдын өмүрүн кыйган эмес жана Рим аскерлеринин катарына кошулуудан баш тартышкан»,— деп жазылат («Encyclopedia of Religion»).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕСЕ БОЛОТ?

Жахабанын Күбөлөрү дээрлик ар бир өлкөдө бар. Улуттар арасында чыр-чатак чыкканда, алар бейтараптуу болушат. Андайда өздөрүн айырмалап турган сүйүүнү чагылдырыш үчүн колунан келгендин баарын кылышат.

Диний жетекчилер башкаларды сүйүүгө үйрөтүп жатабы?

Мисалы, 1994-жылы Руандада хуту менен тутси урууларынын ортосунда жаңжал чыкканда, Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуу болушкан. Хуту уруусунан болгон Жахабанын Күбөлөрү тутси уруусундагы ишенимдештеринин, ал эми тутси уруусундагы Жахабанын Күбөлөрү хуту уруусундагы ишенимдештеринин өмүрүн сактап калыш үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салышкан. Алсак, бир жолу тутси уруусундагы ишенимдешин жашырып койгон хуту уруусунан болгон эки Жахабанын Күбөсүн хуту согушчандары кармап алып, экөөнө: «Тутсилерге жардам бергениңер үчүн өлөсүңөр!» — деген. Өкүнүчтүүсү, ал эки Жахабанын Күбөсү өлтүрүлгөн (Жакан 15:13).

Кандай деп ойлойсуңар, Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракеттери Иса пайгамбардын башкалар үчүн жанын берүүгө түрткү берген сүйүү жөнүндө айткандарына ылайык келеби?