Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ ИЮЛЬ 2013

Динге ишенесиңерби? Адеп-ахлак нормалары

Динге ишенесиңерби? Адеп-ахлак нормалары

«Мени менен бир колежде окугандардын көбү динге ишенебиз дешчү,— дейт карыларды караган Силвия деген медайым.— Бирок тесттер болгондо, мугалимдерди алдашчу, баңгизат колдонушчу. Динге ишенишкени менен, кылгандары тескери болчу».

Ал эми Лайонел деген киши мындай дейт: «Кесиптештерим калп айтышат, оорубаса деле, ооруп жатам деп жумушка чалып коюшат. Дин алар үчүн элге көрүнүш үчүн эле сатып алып, колдонбогон эмеректей болуп калган».

Дин туткандардын көбү адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзам-принциптерге карманышпайт. Алар «Кудайга берилгендей болуп көрүнүшөт», «бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтүшпөйт» (2 Тиметей 3:5). Диний жетекчилер болсо бул жагынан үлгү көрсөтмөк турсун, Ыйык Китептеги адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзам-принциптерди үйрөтүшпөйт. Ошондуктан көптөрдүн кандай жашаганыбыз Кудайга баары бир деген ойдо болгону таң калыштуу эмес.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте кандай жашап жатканыбыз Кудайга баары бир эмес экени айтылат. Жүрүм-турумубуз менен анын жүрөгүн же кубантышыбыз, же оорутушубуз мүмкүн. Алсак, ысрайыл эли Кудайга каршы чыгып, анын «көңүлүн оорутушкан» (Забур 78:40). Ал эми адам туура эмес жолунан кайтып, оңолсо, Кудай да, периштелер да сүйүнөт (Лука 15:7). Адам Кудайдын касиет-сапаттары жөнүндө билип, ага ыраазы болсо, Кудайга болгон сүйүүсү өсөт. Бул ага Кудай жек көргөн нерселерди жек көрүп, Ага жаккан нерселерди жакшы көргөнгө түрткү берет (Амос 5:15).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕСЕ БОЛОТ?

Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити (АКШ) шаарында чыккан «Десерет ньюс» гезитинде Жахабанын Күбөлөрүнүн «үй-бүлөлөрү бекем, күжүрмөн эмгектенген, чынчыл жарандар» экени айтылган. Ошол эле гезитте мындай деп да жазылган: «Алар адеп-ахлактыкка байланыштуу принциптерге бекем карманышат. Тамеки чегүү, ичкиликти ченемсиз ичүү, баңгизат колдонуу, кумар оюндарын ойноо, бузуктук, ойноштук кылуу жана гомосексуализм Кудай менен болгон мамилени бузат деп эсептешет».

Диний жетекчилер адамдарга Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу осуяттарын үйрөтүп жатышабы?

Кудайды таанып-билгени Жахабанын Күбөлөрүнө кандайча жардам берет? Жогоруда сөз кылынган Силвия мындай дейт: «Мен иштеген жерде алдамчылык боло жүргөн нерсеге айланып калган. Көпчүлүктү ээрчип кетүү оңой эле. Мага Жахаба * Кудайдын алдамчылыкка кандай караарын билгеним туура иш кылганга жардам берет. Мен бактылуумун, жан дүйнөм да тынч». Силвия Кудайдын мыйзам-осуяттарына бек карманып жашаганы жашоосун маңыздуу кылып жатканына толук ишенет.

^ абз. 9 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.