Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАЙ 2013

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Күнөөлөрүбүз кечирилеби?

Кудайдын ырайымына ээ болуу оор эмес

Ыйык Китепте адамдардын баары күнөөлүү экени айтылат. Күнөө бизге Адам атадан тукум кууп өткөн. Ошондуктан кээде туура эмес иш кылып алып, өкүнүп калабыз. Иса Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өмүрүн берген. Анын курмандыгынын аркасында күнөөлөрүбүз кечирилет. Муну Кудайдын адамзатка берген белеги десе болот. (Окугула: Римдиктер 3:23, 24.)

Айрымдар чоң күнөө кетирип алганда: «Кудай күнөөмдү кечирет болду бекен?» — деп ойлонушат. Бактыга жараша, Ыйык Китепте: «Анын Уулу Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт»,— деп жазылат (1 Жакан 1:7). Атүгүл чоң күнөө кылсак да, эгер чындап өкүнсөк, Жахаба Кудай кечирет. (Окугула: Ышая 1:18.)

Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Жахаба Кудайдын күнөөлөрүбүздү кечиришин кааласак, ал жөнүндө — анын эрки, кеңештери жана талаптары жөнүндө — билишибиз керек (Жакан 17:3). Туура эмес кылгандары үчүн чындап өкүнүп, оңолгонго аракет кылгандарды ал айкөлдүк менен кечирет. (Окугула: Элчилер 3:19.)

Кудайдын ырайымына ээ болуу оор эмес. Ал биздин алсыз пенде экенибизди жакшы билет. Кудай абдан ырайымдуу, боорукер. Ушундай Кудайга жагыш үчүн эмне кылса болору жөнүндө көбүрөөк билгиңер келбейби?! (Окугула: Забур 103:13, 14.)

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кун — Кудайдын эң баалуу белеги

Кун деген эмне? Анын силерге да пайдасы тийиш үчүн, эмне кылышыңар керек?

Кудай жөнүндө эмнелерди билишибиз керек?

Кудайдын ысымы барбы, бизге кам көрөбү?

Кудайдын айтканын аткарасыңарбы?

Кудайга баш ийүү абдан маанилүү, бирок ага дос болуш үчүн ага баш ийип коюу эле жетишсиз.