Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  Май, 2013

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Дин кызматчы болгум келчү»

«Дин кызматчы болгум келчү»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1957

  • ӨЛКӨСҮ: МЕКСИКА

  • МУРУН: ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЫН БҮТКӨН; АЧУУСУ ЧУКУЛ БОЛГОН

МУРУНКУ ЖАШООМ.

Мен Тескоко деген чакан шаарда туулгам. Бала кезимде шаардын көчөлөрү чаң, аябай жаман болчу. Жакын жердеги айылдан сата турган нерселерин эшектерге артып алып шаарга келаткан кишилерди көп көрчүбүз. Биз аябай жакыр турчубуз. Мен тогуз баланын жетинчисимин. Атам өтүкчү болуп иштечү. Ал жети жашымда каза болуп калды. Ошондон тартып бизди багыш үчүн кара жанын карч уруп апам иштей баштады.

Таятам скрипкада ойночу. Ошондой эле диний музыкаларды ойногон оркестрдин дирижёру болчу. Үй-бүлөбүздө дээрлик баарыбыз ар кандай музыкалык аспаптарда ойночубуз. Апам чиркөөнүн хорунда ырдачу, таякем болсо опера ырчысы болчу жана пианинодо ойночу. Баарыбыз динчил элек. Мен кичинекейимен эле чиркөөдө кызмат кылчумун, чоңойгондо миссионер болгум келчү. Бирок каратэ жөнүндөгү кинолорду да жакшы көрчүмүн. Андай кинолорду көп көргөн сайын, ачуулуу боло баштадым.

Кийин Пуэбла шаарындагы диний мектепте окуй баштадым. Мен дин кызматчы болгум келчү. Бирок окуумду бүтөйүн деп калган жылдары чиркөөдөн иренжип калдым. Бир кечил кыз мени менен жыныстык катнашта болгусу келип, аябай жабышты. Мен азгырылган жокмун, бирок ошондон кийин үйлөнгүм келе баштады. Дин кызматчылардын эки жүздүүлөнүп, жаман иш кылып жүргөндөрүн да көрдүм. Ошондуктан дин кызматчы болом деген оюмдан кайттым.

Кичинекейимде чиркөөдө кызмат кылып жүргөнүмдө миссионер болгум келчү. Бирок каратэ жөнүндөгү кинолорду да жакшы көрчүмүн. Ошон үчүн аябай ачуулуу болуп кеткем

 Ошондон кийин Мехико шаарындагы Улуттук консерваторияга тапшырууну чечтим. Консерваторияны бүткөндөн кийин үйлөнүп, төрт балалуу болдум. Үй-бүлөмдү багыш үчүн католик чиркөөсүндө диний каада аткарылып жаткан маалда ырдап жүрдүм.

Үйлөнгөндөн баштап эле үйдөн чыр-чатак кеткен жок. Аялым экөөбүз ит-мышыктай эле болчубуз, уруш көбүнчө кызганычтан чыкчу. Башында айтышып, кыйкырыша кетчүбүз, кийин чабышчу болдук. 13 жыл ошентип жашагандан кийин, акыры, ажырашап кеттик.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Жахабанын Күбөлөрү менен биринчи жолу сүйлөшкөнүмдө аялым менен ажыраша элек болчумун. Бир жолу үйүмө эки Жахабанын Күбөсү келди. Мен дин жөнүндө аябай жакшы билем деп ойлочумун. Ошон үчүн алардын айткандары туура эмес экенин далилдейм деп, аларга татаал суроолорду бердим. Ал экөө суроолорума жооп бере албайт деп ойлогом, бирок алар баарына Ыйык Китептин негизинде жооп бергенде, аябай таң калдым. Мен көп нерсени билбей турганымды түшүнө баштадым. Бирок аялым аларга дайыма орой мамиле кылчу, мен да такыр бошобогондуктан, алар келбей калышты.

Кийинки жолу Жахабанын Күбөлөрү менен ошондон беш жыл өткөндөн кийин гана сүйлөштүм. Ал учурда Элвира деген аял менен жашап жаткам. Элвира Жахабанын Күбөлөрүнүн келишине каршы болгон жок. Ошондуктан Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай изилдей баштадым. Ошентсе да жаман адаттарымды таштап, оңолгуча бир нече жыл өттү.

Эгер Жахаба Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылгым келсе, жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Биринчиден, чиркөөдө ырдаганымды токтотуп, башка жумуш табышым керек болчу (Аян 18:4). Экинчиден, Элвира менен мыйзамдуу түрдө никеге турушум керек эле.

Ачуумду тыйып, сабырдуу болгонго үйрөнүү бир топ эле кыйын болду. Бирок мага Ыйык Китепте жазылган эки аят аябай жардам берди. Забур 11:5тен Жахаба Кудайдын зордук-зомбулукту жек көрөрүн окудум, ал эми 1 Петир 3:7ден, Кудай тилегимди угушун кааласам, аялымды урматтап-сыйлашым керектигин билдим. Ушулар жөнүндө ой жүгүртүп, Жахаба Кудайдан жардам сурап тиленгенден кийин акырындык менен өзгөрүп, сабырдуу боло баштадым.

Ыйык Китептен, Кудай тилегимди угушун кааласам, аялымды урматтап-сыйлашым керектигин билдим

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Азыр үй-бүлөм менен бактылуумун. Мурунку аялымдан төрөлгөн балдарым менен жакшы мамиледе болгонго жана азыркы үй-бүлөмдүн Кудайга болгон ишенимин бекемдегенге аракет кылып жатам.

Кичинекей кезимде дин кызматчы болуп, элге жардам бергим келчү. Азыр жашоом маңыздуу. Үй-бүлөмдү музыкадан сабак берип багам. Жахаба Кудайдын мага чыдаганына, өзгөрүп, жакшы адам болушума жардам бергенине миң мертебе ыраазымын!