Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АПРЕЛЬ 2013

 ИШЕНИМДИН ҮЛГҮСҮ

Ал «Кудайдын жолунда жүргөн»

Ал «Кудайдын жолунда жүргөн»

НУХ ПАЙГАМБАР уюган белин кармап, боюн түзөйт. Бир азга эс алып алыш үчүн жанындагы устунга отуруп, курулуп жаткан кемеге көз чаптырат. Эриген чайырдын жыты каңылжаарды жарып, шаймандардын үнү кулактын кужурун алат. Кеменин ар кайсы жеринде уулдары баш көтөрбөй иштеп жатышат. Нух пайгамбар байбичеси, уул-келиндери менен бул кемени куруп жатканына ондогон жылдардын жүзү болду. Ошол убактан бери алар жаны тынбай иштеп жатышат, бирок дагы деле иш көп.

Эл аларды акылынан айнып калды деп ойлоп, жер жүзүн Топон суу каптайт дегенге түк ишенбейт. Кеме курулуп бүтөйүн деген сайын, аларды ого бетер шылдыңдайт. Нух пайгамбардын айткандары аларга болбогон кептей сезилет. Алар Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен жарабаган иш менен алек болуп, өмүрүн текке кетирип жатат деген ойдо. Бирок Жахаба Кудай таптакыр башкача көз карашта.

Ыйык Китепте айтылгандай, Нух пайгамбар «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн» (Башталыш 6:9). Тагыраак айтканда, Кудайга таянган, ага толук баш ийген, анын эркине ылайык жашаган. Ошондой эле Кудай менен ынак мамиледе болгон. Нух пайгамбар жашаган убактан миңдеген жылдар өткөндөн кийин, Ыйык Китепте ал тууралуу: «Ишенимдин аркасында ал дүйнөнү айыптаган»,— деп жазылган (Еврейлер 11:7). Кандайча айыптаган? Андан кандай үлгү алсак болот?

ЫЙМАНСЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА КЫНТЫКСЫЗ ЖҮРГӨН

Нух пайгамбар күндөн күнгө адамдардан ыйман кеткен заманда чоңойгон. Анын чоң аталарынан болгон Энох пайгамбардын күндөрүндө эле адамдар абдан бузулган болчу. Ал пайгамбар Кудайдын ыймансыз, кара мүртөз адамдарды жок кыларын жар салган. Ал эми Нух пайгамбардын убагында эл андан бетер бузулуп, ыймансыздыкка белчесинен баткан. Ырас, жер бети зордук-зомбулукка ушунчалык толгондуктан Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калган (Башталыш 5:22; 6:11; Жүйүт 14, 15). Элдин ушинтип адам кейпинен кетишине эмне себеп болгон?

Буга ай-ааламды титиреткен, периштелердин арасында болуп өткөн окуялар себеп болгон. Периштелердин бири тээ эзелки заманда эле Кудайга каршы чыгып, Шайтан болуп калган. Ал Кудайды каралап, Адам ата менен Обо энени да күнөө кылганга азгырган. Нух пайгамбардын күндөрүндө башка периштелер да Шайтанга кошулуп, Кудайга каршы чыгышкан. Алар сулуу кыздарга үйлөнүш үчүн асмандагы ордун таштап, жерге адам кейпин кийип келишкен. Кудайга каршы чыгууга батынган текебер, өзүмчүл ал периштелердин айынан адамзат ушунчалык бузулуп, жер жамандыкка толуп кеткен (Башталыш 3:1—5; 6:1, 2; Жүйүт 6, 7).

Каардуу периштелер үйлөнгөн аялдардан табияттан тыш балдар төрөлгөн. Алар абдан күчтүү, алп кишилер болгон. Ыйык Китепте алар «нефилимдер» деп аталат. Бул сөзмө-сөз «башкаларды кулаткандар» деген маанини туюнтат. Зөөкүр, дөгүрсүгөн ал нефилимдердин айынан жерде зордук-зомбулук мурдагыдан да күч алып, жашоо адам чыдагыс болуп кеткен. Ошол себептен Кудайдын «жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман экенин» айтканы таң калыштуу эмес. Ошол адамзат коому, Кудайдын ой-ниетине ылайык, 120 жылдан кийин жер бетинен жексен болмок (Башталыш 6:3—5).

Нух пайгамбар жубайы экөө балдарын жаман адамдардын таасиринен коргошкон

Бузулган адамдарга толгон ошол доордо үй-бүлө куруу, балдарды багып-чоңойтуу канчалык оор  болгону айтпаса да түшүнүктүү. Бирок Нух пайгамбар жакшы жар таба алган. Ал 500гө чыкканда, аялы ага Шем, Хам, Жепет деген үч уул төрөп берген *. Нух пайгамбар жубайы экөө балдарын мыкаачы, бузулган адамдардын таасиринен коргош үчүн бүт күчүн жумшашкан. Кичинекей балдар, адатта, «күчтүү, атагы чыккан кишилерге» суктанганга жакын келишет. Нефилимдер так ошондой күчтүү, атагы чыккан кишилерден болушкан. Нух пайгамбардын балдары алп кишилердин «эрдигин» даңазалаган элдин сөздөрдүн укпай коё алмак эмес, бирок Нух пайгамбар да, жубайы да аларга жамандыкты жек көргөн Жахаба Кудай жөнүндө билим бергенге колунан келишинче аракет кылышкан. Алар балдарына зордук-зомбулукка барган, баш ийбес адамдарды көргөндө Кудайдын жүрөгү ооруй турганын түшүнгөнгө жардам беришкен (Башталыш 6:6).

Ата-энелер Нух пайгамбар менен анын жубайын жакшы түшүнүшөт. Азыркы дүйнөдө да баш ийбестик, ырайымсыздык күч алган. Атүгүл балдарга арналган тасмалар, мультфильмдер, оюн-зооктор да ушу сыяктуу нерселерге жык толгон. Акылдуу ата-энелер балдарына зордук-зомбулукту жакында жок кыла турган, тынчтыкты сүйгөн Жахаба Кудай жөнүндө билим берип, аларды жаман нерселердин таасиринен коргогонго колунан келишинче аракет кылышат (Забур 11:5; 37:10, 11). Ушундай кылган ата-энелер азыркы бузулган дүйнөдө балдарын эң сонун тарбиялай алышат. Анткени Нух пайгамбар жубайы экөө да балдарына эң сонун тарбия бере алышкан. Алардын уулдары жакшы адам болуп чоңоюшкан жана өздөрүндөй болуп, Жахаба Кудайдын эркин аткарууну жашоосунда биринчи орунга койгон кыздарга үйлөнүшкөн.

«ӨЗҮҢӨ... КЕМЕ ЖАСА»

Күндөрдүн бир күнүндө Нух пайгамбардын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Кудай жакшы көргөн пайгамбарына ыймансыз адамдарды жок кылууну чечкенин айткан. Ал ага: «Өзүңө гофер жыгачынан кеме жаса»,— деп буйрук берген (Башталыш 6:14).

Ал кеме, айрымдар божомолдогондой, кадимки кемедей болгон эмес. Анын тумшугу, рулу жана башка ушу сыяктуу нерселери жок болчу. Ал аябагандай чоң жашикке окшош болгон. Жахаба Кудай Нух пайгамбарга кеменин көлөмүнө, кандай курулушу керектигине байланыштуу так көрсөтмөлөрдү берген жана ичи-тышын чайыр менен капташын айткан. Эмне үчүн экенин түшүндүрүп: «Жер бетине топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт»,— деген. Анан: «Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың, келиндериң кирсин»,— деп айткан. Ошондой эле Нух пайгамбар кемеге жаныбарлардын бардык түрүнөн киргизиши кере болчу. Топон суу каптаганда, кемеге киргендер гана аман калмак (Башталыш 6:17—20).

Ооба, Нух пайгамбарга абдан чоң иш тапшырылган. Кеменин узундугу 437 чыканак (133 метр), туурасы 73 чыканак (22 метр), бийиктиги 44 чыканак (13 метр) болмок. Анын көлөмү азыркы учурдагы жыгачтан жасалган кемелердикинен алда канча чоң болгон. Кудай Нух пайгамбарга ушундай тапшырма бергенде, ал аны аткаруудан баш тартып, канчалык оор экенин айтып наалыды беле? Же жанын кыйнабаш үчүн анча-мынча нерселерди өзү каалагандай кылып койду беле? Ыйык Китепте: «Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды»,— деп жазылган (Башталыш 6:22).

Кеме, кыязы, 40—50 жылдын ичинде курулуп бүткөн. Алар кеме куруш үчүн токойдон дарактарды кыйып, сүйрөп келишкен. Анан аларды  араалап, жонуп, тилип, аларды бири-бирине аштап, бириктиришкен. Кеме үч кабат болгон жана көп бөлүктөргө бөлүнгөн. Капталында эшиги, сыягы, өйдө жагында терезелери болгон. Ошондой эле, суу кеменин үстүнө токтобошу үчүн, кеменин төбөсүнүн ортосу бир аз бийигирээк болуп, эки жагы жантайып турган (Башталыш 6:14—16).

Жыл өткөн сайын, жумуш арбып, кеме куруу иши алга илгерилей берген. Нух пайгамбардын аны колдоп, бул ишти бүтүрүү үчүн жан үрөп эмгектенип жаткан үй-бүлөсүнө ыраазы болгону шексиз. Бирок кеме куруудан алда канча оор болгон башка да иш кылынышы керек болчу. Ыйык Китепте Нух пайгамбардын «адилдиктин кабарчысы» болгону айтылат (2 Петир 2:5). Ал Кудайдан коркпогон, ыйманы кеткен замандаштарына Кудайдын жакында бузулган адамдарды жок кыларын тайманбай эскерткен. Эл анын айткандарына кулак какты беле? Иса пайгамбар ошол убактагы адамдардын ойлонушпаганын баса белгилеген. Ал адамдардын ичип-жеп, аял алып, күйөөгө тийип, турмуш түйшүктөрүнө батып кеткендиктен Нух пайгамбардын эскертүүсүнө кулак кагышпаганын айткан (Матай 24:37—39). Көптөрдүн Нух пайгамбарды да, анын үй-бүлөсүн да мазактап-шылдыңдаганы, атүгүл айрымдардын аларды коркутуп, ишин күч менен токтотууга аракет кылганы күмөнсүз.

Нух пайгамбарга Кудай батасын бергени айкын болсо да, эл аны шылдыңдап, эскертүүсүнө кулак каккан эмес

Бирок Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү багынган эмес. Өз мүдөөсүн ишке ашырууну биринчи орунга койгон адамдарга алар убакытты текке кетирип, маанисиз иш менен алек болуп жаткандай, атүгүл акылынан ажырап калгандай сезилсе да, кемени кура беришкен. Алар — Иса пайгамбардын жолун жолдогон бүгүнкү күндөгү үй-бүлөлөргө эң сонун үлгү. Азыр биз Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп айтылган убакта жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Иса пайгамбар биздин күндөрдүн Нух пайгамбардын күндөрүнө окшош болорун айткан. Адамдар жакшы кабарга кулак кагышпаса, шылдыңдашса же куугунтукташса, Нух пайгамбарды эстесек болот жана мурун деле ушундай болгонун унутпашыбыз керек.

«КЕМЕГЕ КИР»

Ондогон жылдар өтүп, кеменин бүтөрүнө аз эле калган. Нух пайгамбар 600гө таяп калганда, атасы Лемектен айрылган *. Андан беш жыл өткөндөн кийин, чоң атасы Матушал көз жумган. Матушал Ыйык Китепте айтылган адамдардын ичинен эң узак, 969 жыл, жашаган (Башталыш 5:27). Матушал да, Лемек да Адам атанын замандаштары болгон.

Ошол жылы Кудай Нух пайгамбарга башкача көрсөтмө берип: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир»,— деп буйруган. Андан тышкары, кемеге курмандыкка чалганга жарактуу болгон «адал жаныбарлардын ар бир түрүнөн эркек-ургаачы кылып жетиден, ал эми адал эмес жаныбарлардын ар бир түрүнөн эркек-ургаачы кылып экиден киргизишин» айткан (Башталыш 7:1—3).

Ошондо көргөн кишинин көз алдына өчпөс элес болуп тартылып кала турган көрүнүш болгону күмөнсүз. Ар кайсы жактан миңдеген жан-жаныбарлар агылып келе баштаган. Канаттуу куштар, төрт аяктуу жаныбарлар, сойлоочу жаныбарлар, чайпалып баскан макулуктар, араң баскан айбанаттар кемеге жакындай беришкен. Нух пайгамбардын жер жайнаган жапайы жаныбарларды кемеге айдап киргизе албай же кантип киргизиштин айласын таппай кыйналып жатканын элестетип отуруунун зарылдыгы жок. Ыйык Китепте алардын «Нух кирген кемеге киргени» айтылат (Башталыш 7:9).

Айрымдар бул билдирүүгө ишенбей: «Кантип эле ошондой болсун? Кеменин ичинде ар кандай жаныбарлар бири-бирине кантип эле тийбей койсун?» — деши мүмкүн. Бирок ойлонуп көрсөңөр, бүт ааламды жараткан Кудайдын өз колунан бүткөн жаныбарларды баш ийдирип, атүгүл үйрөтүлгөн жаныбарлардай кылып койгонго кантип кудурети жетпесин? Жахаба Кудай байыркы заманда  Кызыл деңизди экиге бөлгөн, күндү токтотуп койгон. Анда Нух пайгамбар жөнүндөгү билдирүүдө айтылгандарды кылуу анын колунан келбейт беле? Албетте, келмек. Ал так ошондой кылган!

Ырас, Кудай жаныбарларды башкача жол менен деле сактап кала алмак. Бирок жаныбарларды сактап калууну адамдарга тапшырганы анын алгачкы ой-ниетин эске салат. Ал башында адамдарды жаныбарларга кам көрүүгө дайындаган болчу (Башталыш 1:28). Андыктан ата-энелер балдарына Нух пайгамбар жөнүндөгү билдирүүнү айтып берип, Жахаба Кудайдын көз алдында адамдардын да, жаныбарлардын да өмүрү баалуу экенин үйрөтө алышат.

Жахаба Кудай Нух пайгамбарга бир жумадан кийин Топон суу каптаарын айткан. Ошону укканда алардын буту-бутуна тийбей чуркап, жаныбарларды кемеге киргизип, жем-чөбүн орду-ордуна жайгаштырып, буюм-тайымдарын ташып киргизип жатканын элестетсеңер. Нух пайгамбардын байбичеси менен келиндери, өзгөчө, кеменин ичин жашаганга ыңгайлуу кылуу менен алек болгондур.

Ал эми эл эмне кылган? Жахаба Кудай Нух пайгамбарга жана анын ишине батасын берип жатканына айкын далилдер болсо да, алар «ойлонушкан эмес». Алар жаныбарлардын кемеге өздөрү эле кирип жатышканын көрүшкөнү менен, эскертүүгө кулак кагышкан эмес. Буга таң калбай эле койсок болот. Бүгүнкү күндөгү адамдар, дүйнөнүн акыры жакындап калганын көптөгөн окуялар айгинелеп турса да, ойлонушпайт. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, биздин күндөрдө шылдыңчыл кишилер Кудайдын эскертүүсүнө кулак каккандарды шылдыңдап, акылынан айнып калгандар деп эсептешет (2 Петир 3:3—6). Нух пайгамбардын күндөрүндө да мындай адамдар аны жана үй-бүлөсүн шылдыңдашкан.

Алардын мазактап-шылдыңдаганы качан токтогон? Ыйык Китепте Нух пайгамбар үй-бүлөсүн, жаныбарларды кемеге киргизгенден кийин: «Жахаба алардын артынан эшикти жапты»,— делет. Ошондо кеменин жанында шылдыңдап турган кишилер болсо, бул кереметти көргөндө жаагы жап болгондур. Же жамгыр себелей баштаганда, жүрөктөрү оозуна кептелгендир. Жахаба Кудай айткандай эле, жаан көз ачырбай жаап, суу көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, жер бетин каптап калган (Башталыш 7:16—21).

Жахаба Кудай ошол ыймансыздардын өлгөнүнө кубанды беле? Жок (Жезекиел 33:11). Ал аларга туура эмес жолунан бурулуп, Ага жаккан иштерди кылганга мүмкүнчүлүк берген. Алар оңолуп, туура иш кыла алат беле? Нух пайгамбардын жашоосу алардын өзгөрө алмактыгын көрсөтүп турат. Ал Жахаба Кудай менен жүрүп, эмне иш кылбасын, ага жагууга умтулуп, куткарылып калуу мүмкүн болгонун далилдеген. Ушундайча ал ишенимдин аркасында дүйнөнү айыптаган, башкача айтканда, Кудайга жаккандай жашоо мүмкүн экенин айкын көрсөткөн. Анын ишениминин аркасында өзү да, үй-бүлөсү да куткарылган. Нух пайгамбардан үлгү алсаңар, силер да өзүңөрдү жана жакындарыңарды куткара аласыңар. Ошондой эле Жахаба Кудайдын жолунда жүрүп, аны менен түбөлүккө ынак мамиледе боло аласыңар!

^ абз. 10 Ошол убактагы адамдар бизге караганда узак жашашкан. Алар Адам ата менен Обо эне айрылып калган жеткилеңдикке жакын болушкандыктан узак жашашса керек.

^ абз. 20 Лемек уулуна, кыязы, «эс алуу, сооронуч» деген маанини туюнткан Нух деген ат коюп, анын адамдарды Жахаба Кудай каргаган жерди иштетүүдө тарткан азабынан арылтарын алдын ала айткан (Башталыш 5:28, 29). Лемек бул сөздөрдүн аткарылганын көргөн эмес.