Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ АПРЕЛЬ 2013

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Нинеби шаары эмне үчүн «канкор шаар» деп аталган?

Аскерлердин туткундардын башын дөбө кылып үйүп жатканы

Нинеби Ассирия империясынын баш калаасы болгон. Чоң шаар бийик дубал менен курчалып турчу; көчөлөрү кенен, заңкайган имараттары менен ибадатканалары аябай кооз эле. Накум пайгамбар Нинебини «канкор шаар» деп атаган (Накум 3:1).

Бул сөздөр таамай айтылган. Ассириянын падышасы Сенхейриптин ак сарайындагы дубалга чегилген сүрөттөрдөн нинебиликтердин канчалык мыкаачы болгону көрүнүп турат. Алардын биринде ассириялык бир кишинин жерге кадалган туткундун тилин жулуп жатканы тартылган. Жазууларында туткундардын мурундарына же эриндерине жип байланган илгич өткөрүп, жибинен тартып келишкенине мактанганы жазылган. Туткунга түшкөн бийик даражалуу кишилерди моюндарына падышасынын кесилген башын илип мазакташчу.

Ассириолог Арчибальд Генри Сейс ассириялыктардын мыкаачылыгын сүрөттөп, мындай деп жазган: «Алар шаарды басып алганынын белгиси катары кишилердин кесилген баштарын дөбө кылып үйүп коюшчу. Улан-кыздарды тирүүлөй өрттөшчү же мыкаачылык менен өлтүрүш үчүн тирүү калтырышчу. Эркектерди тирүүлөй кадашчу, терисин сыйрышчу, көздөрүн оюп же буту-колун, кулак-мурдун кесип салышчу».

Ысрайылдыктар үйүнүн үстүнө эмне үчүн тегерете тосмо жасап коюшчу?

Кудай ысрайылдыктарга: «Үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой»,— деген (Мыйзам 22:8). Ысрайылдыктар үйдүн үстүндө көп жумуш кылгандыктан мындай кылуу зарыл болчу.

Көп үйлөрдүн үстү жалпак эле. Үйдүн үстү күнгө кактанганга, таза аба жутуп отурганга же жумуш кылганга ылайыктуу боло турган. Жайкысын ал жакта уктаганды жакшы көрүшчү (1 Шемуел 9:26). Дыйкандар болсо үйүнүн үстүнө дан, анжир, жүзүм кургатышчу (Жашыя 2:6).

Ошондой эле үйдүн үстүндө Жахаба Кудайга сыйынууга байланыштуу иштер кылынчу, үйүнүн үстүндө жалган кудайларга да сыйынгандар болгон (Некемия 8:16—18; Жеремия 19:13). Ыйык Китепте бир жолу элчи Петирдин үйдүн үстүнө чыгып, тиленгени айтылат (Элчилер 10:9—16). Үйдүн үстүнө жүзүмдүн сабактарынан же пальманын жалбырактарынан көлөкөлөнгөн алачык жасалган болсо, ал жакта эс алып отуруу ырахат тартуулаганы шексиз.

Бир китепте Ысрайылдагы «үйлөрдүн сыртында ...» үйдүн үстүнө чыга турган тепкич же шаты болгону айтылат («The Land and the Book»). Ошондуктан ысрайылдыктар үйдүн үстүнөн үйгө кирбей эле түшүп кетишчү. Бул Иса пайгамбардын шаар талкаланарда тез аранын ичинде чыгып кетүү жөнүндө: «Ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин»,— деп айткандарын түшүнгөнгө жардам берет (Матай 24:17).