Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ МАРТ 2013

 ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Иса пайгамбар кылмышкерге асманда жашай турганын айтты беле?

Иса пайгамбар кылмышкерге асманда жашай турганын айтты беле?

Иса пайгамбар анын жанында устунга кадалган кылмышкерге: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп айткандыктан, буга байланыштуу көптөгөн суроолор туулат (Лука 23:43). Бирок анын Бейиштин каякта болорун айтпаганына көңүл бурсаңар. Ал кылмышкердин аны менен бирге асманда болорун айтты беле?

Алгач, ал кылмышкердин асманга жашаганга татыктуу болгон-болбогонуна токтолсок. Асманда жашай тургандар сууга жана ыйык рухка чөмүлүшү керек болгон. Ошондо гана Иса пайгамбардын жолдоочуларынан жана Кудайдын уулдарынан болмок (Жакан 3:3, 5). Андан сырткары, Кудай талап кылган нерселердин баарын аткарышы, чынчыл, кынтыксыз, боорукер болушу жана башка да ушу сыяктуу сапаттарды чагылдырышы керек эле (1 Корунттуктар 6:9—11). Ошондой эле алар өмүрүнүн акырына чейин Кудайга жана Иса Машаякка берилгендигин сакташы керек болчу (Лука 22:28—30; 2 Тиметей 2:12). Ушул талаптарга жооп бергендер гана эң сыймыктуу жоопкерчиликти аркалоого — дин кызматчылар жана падышалар катары Иса Машаяк менен бирге асманда миң жыл бийлик жүргүзүүгө — татыктуу экенин далилдей алышат (Аян 20:6).

Ал кылмышкер болсо кылмышкер катары өлгөн (Лука 23:32, 39—41). Ырас, ал: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп айтуу менен Иса пайгамбарды абдан кадырлап, сыйлай турганын көрсөткөн (Лука 23:42). Бирок ал чөмүлүп, анын жолдоочусу болгон эмес. Ошондой эле адил, ишенимдүү киши экенин далилдеген эмес. Андыктан Иса Машаяк ал кылмышкерге өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү экенин далилдеген жолдоочулары менен бирге асманда бийлик жүргүзөрүн убада кылат беле? (Римдиктер 2:6, 7).

Бир мисал келтирсек. Силерден акча уурдап алган киши кылганы үчүн өкүнүп, кечирим сурады деп коёлу. Силер аны, албетте, кечирмексиңер. Бирок жүргүзгөн ишиңерди же үй-бүлөңөргө кам көрүүнү ага тапшырат белеңер? Жоопкерчиликти талап кылган мындай нерселерди толук ишеним арта алган кишиге тапшырмактыгыңар күмөнсүз. Ошо сыяктуу эле, асманда бийлик жүргүзө тургандар адамзатты башкарганда Кудайдын адил принциптерине карманып иш кыларына толук ишенсе болорун далилдеши керек болчу (Аян 2:10). Ал кылмышкердин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө айткандары, чын жүрөктөн айтылса да, жетишсиз болгон.

Бирок Иса Машаяктын кылмышкерге ошол күнү аны менен болорун айтканы кылмышкердин ошол күнү асманда болмоктугун билдиреби? Бул мүмкүн эмес болчу, себеп дегенде Иса Машаяк 40 күнгө чейин асманга кеткен эмес. Ал «жер койнунда үч күн, үч түн болгон», башкача айтканда, үч күн мүрзөдө жаткан (Матай 12:40; Марк 10:34). Атүгүл тирилгенден кийин да 40 күн жерде болгон (Элчилер 1:3, 9). Демек, кылмышкер ошол күнү Иса Машаяк менен бирге асманда боло алмак эмес деген жыйынтык чыгарууга болот.

Анда кылмышкер жашай турган Бейиш каякта болмок? Ал кылмышкер Иса Машаяк башкарган маалда тирилип, бейишке айланган жер үстүндө жашайт (Элчилер 24:15; Аян 21:3, 4). Бейиш жана Кудайдын бизден эмнелерди талап кылары жөнүндө билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшүп көрсөңөр болот.